https://sputnik.kg/20250905/1096323045.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жергиликтүү көчөттөргө суроо-талап көбөйүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти... 05.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-05T11:00+0600
2025-09-05T11:00+0600
2025-09-05T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/05/1096322879_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a98b7574e1a89528fb9b0b5057e1c1ad.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жергиликтүү көчөттөргө суроо-талап көбөйүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылга чейин өлкөдө сапаттуу көчөттөр жетишсиз болгондуктан дыйкандар көбүнчө импортко көз каранды эле. Бул болсо багбанчылыктын чыгымын кымбаттаткан. Акыркы жылдары чек арадагы көзөмөл күчөтүлүп, сапаты төмөн көчөттөрдүн агымы азайды. Натыйжада кыргыз питомниктери өнүгүп, жергиликтүү көчөттөргө ишеним артып жатат. Алар сапаттуу гана эмес, биздин шартка мыкты ылайыкташкан. "Арпа Сай Береке багы" айыл чарба кооперативи 2025-жылы эле 1 млн 300 миңден ашуун көчөт өндүрүп, дыйкандарга таратты. 2026-жылдын жазына карата дагы 1 млн 500 миңден ашуун көчөт даярдалууда. Учурда питомник цитрус өсүмдүктөрүн – мандарин, апельсин сыяктуу жемиштерди да өстүрүп көрүүдө. Бул багыт ийгиликтүү болсо, кыргызстандык фермерлер түштүк жемиштерин да өстүрө алышат.
Беларустун "Лосвидо" полигонунда өтүп жаткан ЖККУнун "Эшелон-2025" машыгуусун Бириккен штабдын башчысы Андрей Сердюков барып көрдү. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.Машыгууда ыкчам күчтөр үчүн жабдыктарды, жүктөрдү жеткирүү, колонналарды дрондордон коргоо аракеттери көрсөтүлдү. Ошондой эле талаа шартындагы башкаруу пунктуларын жашыруунун ыкмалары жана тылдагы кызматтардын жаңы үлгүлөрү сунушталды. Учурда Беларусь аймагында өтүп жаткан "Взаимодействие — 2025", "Поиск — 2025" жана "Эшелон — 2025" машыгууларына уюмга мүчө өлкөлөрдөн 2000ден ашуун жоокер жана 450гө жакын техника катышууда.
АКШ президенти Дональд Трамп европалык лидерлер менен сүйлөшкөндө Россиянын мунай продукцияларын алуудан баш тартууну талап кылган. Бул туурасында РИА Новости Reuters агенттигине таянып кабарлады. Ак үйдүн кожоюну Кытайга да экономикалык кысым көрсөтүүгө чакырган. Мунусун Украина согушунда Пекин Москваны колдоп жатат деген таризде кыйыткан. Маалыматты Финляндия президенти Александр Стубб тастыктаган. Анын айтымында, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Трамптын айткандарын колдоп, "Европа россиялык энергетика ресурстарынан баш тартуусу зарыл" экенин кошумчалаган.Бейшемби күнү "каалоочулардын коалициясы" деп аталган жыйын өттү. Аралаш форматтагы бул иш-чарага Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон төрагалык кылган. Жыйынга Владимир Зеленский да келген, ал эми Трамп видеобайланыш менен катышкан.
АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына ылайык, бүгүн Афганистандын чыгышында магнитудасы 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады. Жер титирөөнүн очогу 48 миңге жакын калкы бар Асадабад шаарынан 40 чакырым алыстыкта, 9 км тереңдикте жайгашган. Аталган аймакта акыркы күндөрү бир нече жолу олуттуу силкинүүлөр орун алды. Белгилей кетсек, 31-августта Кунар, Лагман жана Нангархар провинцияларында катталган 6 баллдык күчтүү жер титирөө менен афтершоктор көптөгөн айылдарды кыйроого учуратып, саламаттык сактоо системасынын жүгүн көбөйттү. Афган бийлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, зилзаланын кесепетинен 2205 адам каза болуп, 3640 адам жаракат алган.
Кыргызстанда жергиликтүү көчөттөргө суроо-талап көбөйүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылга чейин өлкөдө сапаттуу көчөттөр жетишсиз болгондуктан дыйкандар көбүнчө импортко көз каранды эле. Бул болсо багбанчылыктын чыгымын кымбаттаткан. Акыркы жылдары чек арадагы көзөмөл күчөтүлүп, сапаты төмөн көчөттөрдүн агымы азайды. Натыйжада кыргыз питомниктери өнүгүп, жергиликтүү көчөттөргө ишеним артып жатат. Алар сапаттуу гана эмес, биздин шартка мыкты ылайыкташкан. "Арпа Сай Береке багы" айыл чарба кооперативи 2025-жылы эле 1 млн 300 миңден ашуун көчөт өндүрүп, дыйкандарга таратты. 2026-жылдын жазына карата дагы 1 млн 500 миңден ашуун көчөт даярдалууда. Учурда питомник цитрус өсүмдүктөрүн – мандарин, апельсин сыяктуу жемиштерди да өстүрүп көрүүдө. Бул багыт ийгиликтүү болсо, кыргызстандык фермерлер түштүк жемиштерин да өстүрө алышат.Беларустун "Лосвидо" полигонунда өтүп жаткан ЖККУнун "Эшелон-2025" машыгуусун Бириккен штабдын башчысы Андрей Сердюков барып көрдү. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.Машыгууда ыкчам күчтөр үчүн жабдыктарды, жүктөрдү жеткирүү, колонналарды дрондордон коргоо аракеттери көрсөтүлдү. Ошондой эле талаа шартындагы башкаруу пунктуларын жашыруунун ыкмалары жана тылдагы кызматтардын жаңы үлгүлөрү сунушталды. Учурда Беларусь аймагында өтүп жаткан "Взаимодействие — 2025", "Поиск — 2025" жана "Эшелон — 2025" машыгууларына уюмга мүчө өлкөлөрдөн 2000ден ашуун жоокер жана 450гө жакын техника катышууда.АКШ президенти Дональд Трамп европалык лидерлер менен сүйлөшкөндө Россиянын мунай продукцияларын алуудан баш тартууну талап кылган. Бул туурасында РИА Новости Reuters агенттигине таянып кабарлады. Ак үйдүн кожоюну Кытайга да экономикалык кысым көрсөтүүгө чакырган. Мунусун Украина согушунда Пекин Москваны колдоп жатат деген таризде кыйыткан. Маалыматты Финляндия президенти Александр Стубб тастыктаган. Анын айтымында, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Трамптын айткандарын колдоп, "Европа россиялык энергетика ресурстарынан баш тартуусу зарыл" экенин кошумчалаган.Бейшемби күнү "каалоочулардын коалициясы" деп аталган жыйын өттү. Аралаш форматтагы бул иш-чарага Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон төрагалык кылган. Жыйынга Владимир Зеленский да келген, ал эми Трамп видеобайланыш менен катышкан. АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына ылайык, бүгүн Афганистандын чыгышында магнитудасы 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады. Жер титирөөнүн очогу 48 миңге жакын калкы бар Асадабад шаарынан 40 чакырым алыстыкта, 9 км тереңдикте жайгашган. Аталган аймакта акыркы күндөрү бир нече жолу олуттуу силкинүүлөр орун алды. Белгилей кетсек, 31-августта Кунар, Лагман жана Нангархар провинцияларында катталган 6 баллдык күчтүү жер титирөө менен афтершоктор көптөгөн айылдарды кыйроого учуратып, саламаттык сактоо системасынын жүгүн көбөйттү. Афган бийлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, зилзаланын кесепетинен 2205 адам каза болуп, 3640 адам жаракат алган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/05/1096322879_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5281507a7d4a32ddda80e8694f41bd19.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио