https://sputnik.kg/20250904/globalduu-transformatsiyanyn-bashaty-shku-sammiti-1096311277.html
Глобалдуу трансформациянын башаты. ШКУ саммити дүйнөнү өзгөртүүдө
Глобалдуу трансформациянын башаты. ШКУ саммити дүйнөнү өзгөртүүдө
Sputnik Кыргызстан
Күздүн башталышы менен дүйнөлүк саясат жана дипломатиянын көңүлү Чыгышка бурулду. Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун XXV саммити өтүп, ага... 04.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-04T19:08+0600
2025-09-04T19:08+0600
2025-09-04T19:08+0600
дүйнөдө
кытай
россия
индия
европа
саммит
согуш
тынчтык
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07e9/09/03/1096284370_0:0:2765:1555_1920x0_80_0_0_b6b2d6cf71329b678b91de64b458f817.jpg
Келген коноктун баарын бирдей, тегиз кабыл алуу эч өзгөрүүсүз принцип экени талашсыз, ошентсе да Кытай лидери Си Цзиньпин менен Россия президенти Владимир Путиндин өзгөчө жылуу маанайда кезигүүсүн көңүл сыртында калтыруу мүмкүн эмес эле. Жети жылдан бери биринчи жолу Кытайга Индиянын премьер-министри Нарендра Моди келди, бул визитти акыркы мезгилде КЭР менен мамилени оңдоого жасалган олуттуу кадам деп баалоого болот. Индия менен Кытай лидерлеринин кучак жая көрүшүүсү, Путин, Си Цзиньпин жана Модинин кол кармаша чогуу түшкөн сүрөтү батыш ЖМКларын "жарып" жиберди. Жамааттык Батыш мындан Кытай менен Индиянын жакшырып бараткан мамилесине жик салуу, бүтүндөй дүйнө тартибин өзгөртүп жаткан үч ири державанын стратегиялык кызматташтыгына жол бербөө аракети текке кеткенин көрүүдө. Болуп жаткан өзгөрүүлөр көп уюлдуу дүйнөнүн түзүлүшүн шарттады, анда Россия, Кытай жана Индия сыяктуу өлкөлөр баштап-көздөөчү болот. Процессти эми токтотуу мүмкүн эмес. Бирок өзгөрүүлөр дүйнөлүк көпчүлүк колдоого албаса ишке ашпасы белгилүү, мындан улам ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөрдүн көбөйүүсү менен тең укуктуулук жана консенсус таба бүлүү негизги принциби боло турган кызматташуунун эл аралык жаңы модели жаралууда. Бир же бир нече өлкөнүн экономикалык жана саясий кысымына моюн бербеген ШКУ мамлекеттерине кызыгуу барган сайын тереңдеп, маани-маңызы артып бараткан "Шанхай процессине" кошулуунун жолун издөө күчөдү. Саммитке АКШ бажы алымын жогорулатып жиберген Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясындагы Вьетнам, Камбоджа, Лаос, Малайзия жана Мьянманын лидерлери да келди. АКШнын бир тараптуу экономикалык чараларынын дүйнөлүк соода жана жамааттык Батыш болуп башында турган жалпы финансылык система үчүн кесепети кандай болорун так айтуу кыйын, анткен менен аларга альтернатива издеген мамлекеттер көбөйүп, акыры жаңы саясий жана соода-экономикалык мамиленин каркасын түзүп жаткан ШКУ, ЕАЭБ, БРИКС сыяктуу уюмдарга ыктоодо. Туруктуулук жана өнүгүү Саммиттин Кыргызстан үчүн да мааниси чоң, быйыл уюмдагы төрагалык бизге өттү. Садыр Жапаров Кыргызстан "ШКУнун башатында турган мамлекет катары төрагалыкты уюмду өнүктүрүү, анын дүйнөлүк ролун бекемдөө жана мындан ары да мамлекеттердин ортосундагы достук мамилени тереңдетүүгө жаңы импульс берүүчү мүмкүнчүлүк" катары карай турганын айтты. Президент белгилеген нерселер узак мөөнөттүү стабилдүүлүктү камсыздайт, ал эми Кыргызстан ШКУ мамлекеттеринин коопсуздугун камсыздоого багытталган жамааттык аракеттерди күчөтө бермекчи. Дагы бир принцип ШКУ жана регионалдык экономикалык интеграциянын алкагында кызматташуунун экономикалык потенциалын ишке ашыруу менен байланышкан. Мында ШКУ Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фонд түзүү менен уюмдун финансылык механизмин бекитүү маселеси камтылган. Кыргызстандын тышкы саясатынын "Шанхай багыты" ушу тапта өлкөнүн улуттук кызыкчылыкты көздөө жаатындагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн негизгиси болуп турат. Евразиядагы 10 мамлекеттин башын бириктирген ШКУ мейкиндиги Кыргызстандын эл аралык саясатта маанисин арттырууга жана дүйнөлүк масштабдагы маселелерди чечүүгө катышуусуна жол ачат. ШКУ алкагында долбоорлорду ишке ашыруунун Кыргызстан үчүн да, жалпы уюм үчүн да стратегиялык мааниси чоң. Жапаров Кыргызстандын демилгеси менен Бишкекте түзүлүп жаткан Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору ШКУ мейкиндигиндеги эл аралык кылмыштуу топторго каршы күрөшкө бараандуу салым кошорун белгиледи. Дүйнө түзүлүшүнүн тарыхый негиздери Тяньцзиндеги саммитти бир катар параметрлеринен улам, өзгөчө юбилейлик күндөргө байланыштуу тарыхый иш-чара деп атоого болот. ШКУ өлкө башчыларынын кеңешинин Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана БУУнун түзүлүшүнүн 80 жылдыгына байланышкан билдирүүсүндө адамзат тарыхындагы эң эле кандуу кагылышуунун аякташы менен иштелип чыккан фундаменталдык принциптер дагы бир ирет белгиленди. Нацизмди даңазалоо, тарыхты бурмалоо аракеттерине байланышкан көйгөйлөр козголгон бул билдирүүдө "Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу тарыхый чындыкты сактоо жана аны объективдүү чагылдыруу мындай апаатты алдын алып, тынчтыкты, коопсуздукту жана кызматташууну бекемдөө үчүн зарыл шарт" экени белгиленген. ШКУ саммити дүйнө коомчулугуна, айрыкча, жамааттык Батышка дүйнө тартибинин тарыхый негиздерин эске салды. Анын өзөгүндө "тынчтык менен коопсуздукту камсыздоочу кызматташуунун тартиби бекитилген уникалдуу мамлекеттер аралык уюм — БУУ турат. Башкача айтканда, ШКУ мамлекеттери адилеттүү дүйнө түзүлүшүнүн негизи катары БУУнун борбордук координациялоочу ордун сактап калууга ашыгып жатышат. Буга бүгүнкү күндүн талабына ылайык келген жаңы ыкмалар талап кылынышы ыктымал. Глобалдуу башкаруунун келечеги Кытай Эл Республикасынын төрагасы саммитте глобалдуу башкаруу демилгесин көтөрдү. Си Цзиньпин "глобалдуу башкаруунун адилеттүү жана тең укуктуу системасын түзүү жаатында бардык мамлекеттер менен кызматташууну" сунуштады. Демилгенин негизинде суверендүү теңчилик, эл аралык укуктун принциптерин сактоо, ар тараптуулук жатат. Коопсуздук боюнча глобалдуу демилге сыңарындай эле глобалдуу башкаруу идеясы универсалдуу мүнөзгө ээ, ушу тапта иштеп жаткан эки же көп тараптуу кызматташуунун формаларына каршы келбейт, улам толукталып, кошумчаланып турат. Кытай мына ушул багытта иштешүүнү сунуштап жатат. Россия президенти глобалдуу башкаруунун жаңы, майнаптуу жана функционалдык системасын түзүү демилгесин колдоду. Владимир Путин айрым мамлекеттер дүйнөлүк үстөмдүккө умтулуп жаткан маалда анын актуалдуулугун белгиледи. Кытайдын сунушунда дүйнөнү башкарууга чакырык жок, мында кеп демилгелерди глобалдуу масштабда ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген натыйжасы көбүрөөк механизмдер тууралуу болуп жатат. Мунун баары жыйынтыгында жаңы дүйнө тартибинин таянган институттары болуп калышы толук мүмкүн. Азиядагы жеңиш парады Россия жана Кытай лидерлеринин Европа менен Азияда өткөн параддарга катышуусу тарыхый адилеттүүлүктү чагылдырып, фашизм, нацизм жана милитаризм сыяктуу апааттарга бөгөт кое алган жеңиш болуп саналат. Россия менен Кытайдын тарыхый алакасын үчүнчү өлкөлөргө карата кутум катары көрсөтүүгө умтулуу кызыл кулактык катары каралып, Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти жокко чыгаруу аракети деп кабылданат. Өзгөчө Батыш өз кызыкчылыгын көздөп аталган согуштун тарыхый фактыларын көз жаздымда калтырып, расалык артыкчылык идеяларын, Чыгыш Европада неонацисттик идеологияны жандантууга бет алган чакта мунун мааниси абдан чоң. Адамзатка каршы согуш унутулбайт, анын эскирүү мөөнөтү болбойт. Бул, балким, Батыш сабак ала турган дагы бир жагдайдыр.
https://sputnik.kg/20250904/putindin-si-tszinpin-kim-chen-ynzhyn-zholukkan-batyshty-kozgolttu-1096298674.html
кытай
индия
европа
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/03/1096284370_18:0:2747:2047_1920x0_80_0_0_e8fb03ed64dde7d21e3252a72050d283.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, кытай, россия, индия, европа, саммит, согуш, тынчтык, кызматташуу
дүйнөдө, кытай, россия, индия, европа, саммит, согуш, тынчтык, кызматташуу
Глобалдуу трансформациянын башаты. ШКУ саммити дүйнөнү өзгөртүүдө
Күздүн башталышы менен дүйнөлүк саясат жана дипломатиянын көңүлү Чыгышка бурулду. Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун XXV саммити өтүп, ага катышкан мамлекет башчылары менен БУУ башында турган эл аралык уюм жетекчилеринин саны рекорд жаратты.
Келген коноктун баарын бирдей, тегиз кабыл алуу эч өзгөрүүсүз принцип экени талашсыз, ошентсе да Кытай лидери Си Цзиньпин менен Россия президенти Владимир Путиндин өзгөчө жылуу маанайда кезигүүсүн көңүл сыртында калтыруу мүмкүн эмес эле.
Жети жылдан бери биринчи жолу Кытайга Индиянын премьер-министри Нарендра Моди келди, бул визитти акыркы мезгилде КЭР менен мамилени оңдоого жасалган олуттуу кадам деп баалоого болот. Индия менен Кытай лидерлеринин кучак жая көрүшүүсү, Путин, Си Цзиньпин жана Модинин кол кармаша чогуу түшкөн сүрөтү батыш ЖМКларын "жарып" жиберди. Жамааттык Батыш мындан Кытай менен Индиянын жакшырып бараткан мамилесине жик салуу, бүтүндөй дүйнө тартибин өзгөртүп жаткан үч ири державанын стратегиялык кызматташтыгына жол бербөө аракети текке кеткенин көрүүдө. Болуп жаткан өзгөрүүлөр көп уюлдуу дүйнөнүн түзүлүшүн шарттады, анда Россия, Кытай жана Индия сыяктуу өлкөлөр баштап-көздөөчү болот. Процессти эми токтотуу мүмкүн эмес.
Бирок өзгөрүүлөр дүйнөлүк көпчүлүк колдоого албаса ишке ашпасы белгилүү, мындан улам ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөрдүн көбөйүүсү менен тең укуктуулук жана консенсус таба бүлүү негизги принциби боло турган кызматташуунун эл аралык жаңы модели жаралууда. Бир же бир нече өлкөнүн экономикалык жана саясий кысымына моюн бербеген ШКУ мамлекеттерине кызыгуу барган сайын тереңдеп, маани-маңызы артып бараткан "Шанхай процессине" кошулуунун жолун издөө күчөдү.
Саммитке АКШ бажы алымын жогорулатып жиберген Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясындагы Вьетнам, Камбоджа, Лаос, Малайзия жана Мьянманын лидерлери да келди. АКШнын бир тараптуу экономикалык чараларынын дүйнөлүк соода жана жамааттык Батыш болуп башында турган жалпы финансылык система үчүн кесепети кандай болорун так айтуу кыйын, анткен менен аларга альтернатива издеген мамлекеттер көбөйүп, акыры жаңы саясий жана соода-экономикалык мамиленин каркасын түзүп жаткан ШКУ, ЕАЭБ, БРИКС сыяктуу уюмдарга ыктоодо.
Саммиттин Кыргызстан үчүн да мааниси чоң, быйыл уюмдагы төрагалык бизге өттү. Садыр Жапаров Кыргызстан "ШКУнун башатында турган мамлекет катары төрагалыкты уюмду өнүктүрүү, анын дүйнөлүк ролун бекемдөө жана мындан ары да мамлекеттердин ортосундагы достук мамилени тереңдетүүгө жаңы импульс берүүчү мүмкүнчүлүк" катары карай турганын айтты. Президент белгилеген нерселер узак мөөнөттүү стабилдүүлүктү камсыздайт, ал эми Кыргызстан ШКУ мамлекеттеринин коопсуздугун камсыздоого багытталган жамааттык аракеттерди күчөтө бермекчи. Дагы бир принцип ШКУ жана регионалдык экономикалык интеграциянын алкагында кызматташуунун экономикалык потенциалын ишке ашыруу менен байланышкан. Мында ШКУ Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фонд түзүү менен уюмдун финансылык механизмин бекитүү маселеси камтылган.
Кыргызстандын тышкы саясатынын "Шанхай багыты" ушу тапта өлкөнүн улуттук кызыкчылыкты көздөө жаатындагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн негизгиси болуп турат. Евразиядагы 10 мамлекеттин башын бириктирген ШКУ мейкиндиги Кыргызстандын эл аралык саясатта маанисин арттырууга жана дүйнөлүк масштабдагы маселелерди чечүүгө катышуусуна жол ачат.
ШКУ алкагында долбоорлорду ишке ашыруунун Кыргызстан үчүн да, жалпы уюм үчүн да стратегиялык мааниси чоң. Жапаров Кыргызстандын демилгеси менен Бишкекте түзүлүп жаткан Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору ШКУ мейкиндигиндеги эл аралык кылмыштуу топторго каршы күрөшкө бараандуу салым кошорун белгиледи.
Дүйнө түзүлүшүнүн тарыхый негиздери
Тяньцзиндеги саммитти бир катар параметрлеринен улам, өзгөчө юбилейлик күндөргө байланыштуу тарыхый иш-чара деп атоого болот. ШКУ өлкө башчыларынын кеңешинин Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана БУУнун түзүлүшүнүн 80 жылдыгына байланышкан билдирүүсүндө адамзат тарыхындагы эң эле кандуу кагылышуунун аякташы менен иштелип чыккан фундаменталдык принциптер дагы бир ирет белгиленди. Нацизмди даңазалоо, тарыхты бурмалоо аракеттерине байланышкан көйгөйлөр козголгон бул билдирүүдө "Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу тарыхый чындыкты сактоо жана аны объективдүү чагылдыруу мындай апаатты алдын алып, тынчтыкты, коопсуздукту жана кызматташууну бекемдөө үчүн зарыл шарт" экени белгиленген.
ШКУ саммити дүйнө коомчулугуна, айрыкча, жамааттык Батышка дүйнө тартибинин тарыхый негиздерин эске салды. Анын өзөгүндө "тынчтык менен коопсуздукту камсыздоочу кызматташуунун тартиби бекитилген уникалдуу мамлекеттер аралык уюм — БУУ турат. Башкача айтканда, ШКУ мамлекеттери адилеттүү дүйнө түзүлүшүнүн негизи катары БУУнун борбордук координациялоочу ордун сактап калууга ашыгып жатышат. Буга бүгүнкү күндүн талабына ылайык келген жаңы ыкмалар талап кылынышы ыктымал.
Глобалдуу башкаруунун келечеги
Кытай Эл Республикасынын төрагасы саммитте глобалдуу башкаруу демилгесин көтөрдү. Си Цзиньпин "глобалдуу башкаруунун адилеттүү жана тең укуктуу системасын түзүү жаатында бардык мамлекеттер менен кызматташууну" сунуштады. Демилгенин негизинде суверендүү теңчилик, эл аралык укуктун принциптерин сактоо, ар тараптуулук жатат. Коопсуздук боюнча глобалдуу демилге сыңарындай эле глобалдуу башкаруу идеясы универсалдуу мүнөзгө ээ, ушу тапта иштеп жаткан эки же көп тараптуу кызматташуунун формаларына каршы келбейт, улам толукталып, кошумчаланып турат. Кытай мына ушул багытта иштешүүнү сунуштап жатат.
Россия президенти глобалдуу башкаруунун жаңы, майнаптуу жана функционалдык системасын түзүү демилгесин колдоду. Владимир Путин айрым мамлекеттер дүйнөлүк үстөмдүккө умтулуп жаткан маалда анын актуалдуулугун белгиледи. Кытайдын сунушунда дүйнөнү башкарууга чакырык жок, мында кеп демилгелерди глобалдуу масштабда ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген натыйжасы көбүрөөк механизмдер тууралуу болуп жатат. Мунун баары жыйынтыгында жаңы дүйнө тартибинин таянган институттары болуп калышы толук мүмкүн.
Россия жана Кытай лидерлеринин Европа менен Азияда өткөн параддарга катышуусу тарыхый адилеттүүлүктү чагылдырып, фашизм, нацизм жана милитаризм сыяктуу апааттарга бөгөт кое алган жеңиш болуп саналат. Россия менен Кытайдын тарыхый алакасын үчүнчү өлкөлөргө карата кутум катары көрсөтүүгө умтулуу кызыл кулактык катары каралып, Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти жокко чыгаруу аракети деп кабылданат. Өзгөчө Батыш өз кызыкчылыгын көздөп аталган согуштун тарыхый фактыларын көз жаздымда калтырып, расалык артыкчылык идеяларын, Чыгыш Европада неонацисттик идеологияны жандантууга бет алган чакта мунун мааниси абдан чоң. Адамзатка каршы согуш унутулбайт, анын эскирүү мөөнөтү болбойт. Бул, балким, Батыш сабак ала турган дагы бир жагдайдыр.