https://sputnik.kg/20250902/fashizmge-karshy-akyrky-salgylash-1096267364.html
Фашизмдин ойрондолуп, милитаристтик Япониянын кыйрашы. Жеңишке азыркы көз караш
Фашизмдин ойрондолуп, милитаристтик Япониянын кыйрашы. Жеңишке азыркы көз караш
Sputnik Кыргызстан
Россияда 3-сентябрда (2023-жылдан бери) белгиленип келген милитаристтик Японияны жеңген жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнү дүйнөлүк фашизмди биротоло... 02.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-02T20:09+0600
2025-09-02T20:09+0600
2025-09-02T20:09+0600
дүйнөдө
россия
кытай
монголия
япония
украина
экинчи дүйнөлүк согуш
мыкаачылык
https://sputnik.kg/img/07e9/09/02/1096260121_0:108:2731:1644_1920x0_80_0_0_3868ad372cb31c6f1e457b90cf3a2bd7.jpg
Россияда 3-сентябрда (2023-жылдан бери) белгиленип келген милитаристтик Японияны жеңген жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнү дүйнөлүк фашизмди биротоло талкалаган окуялардын тарыхый маанисин акырындап калыбына келтирүүдө. Ошол согушта жеңилген өлкөлөр баш болуп Украина менен Европадагы фашизмди актап, ал тургай ачык даңазалап жаткан азыркы чакта мунун маани-мазмуну өтө олуттуу. 1945-жылдын 2-сентябрында милитаристтик Япониянын талкаланып-жеңилиши менен Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап, он миллиондогон кишинин өмүрүн алган адамзат тарыхындагы эң эле кандуу жана катаал мезгилге чекит коюлган. Фашисттик Германия жана Италиянын жолун жолдогон Япония Азияда өзү ойлоп таап алган расалык артыкчылыгына жана үстөмдүк орнотуу каалоосуна таянган эле. "Дүйнөгө түркүк болчу" башка мамлекеттер сымал эле Япония да болуп көрбөгөндөй мыкаачылык менен бүтүндөй элдерди кырып, региондогу мамлекеттерди кыйраткан. Император Хирохитонун 1945-жылдын 15-августунда радиодон өлкө капитуляциясын жарыялаганына карабай япон күчтөрү каршылык көрсөтүп, туткунга түшүүгө макул боло калган эмес. Кандуу тирешүү Кытай менен Кореядан тарта Түштүк-Чыгыш Азия жана Тынч океанындагы аралдарга чейин жайылган. Эпке келбеген душман 80 жыл мурун, 1945-жылдын 9-августунда, Түндүк-Чыгыш Кытай менен Түндүк Кореяны Япониянын Квантун армиясынан бошотуу үчүн Советтик армия менен Моңгол элдик-боштондук армиясынын стратегиялык операциясы башталган, 11-августта Түштүк Сахалин, 1-сентябрга карата Курил аралдары япон аскер күчтөрүнөн биротоло тазаланган. Чынын айтканда, Европа фронтунда кыйла такшалган советтик армия үчүн да бул өтө оор аскердик операция эле, чегингенине карабай япон армиясы аскер күчүн координациялоонун мыкты деңгээлин сактоо менен катуу каршылык көрсөткөн. Жан кечтилердин (камикадзе) тактикасы кеңири колдонулган, граната менен курчанган япон жоокерлери танкага же советтик жоокерлердин тобуна боюн таштап жардырган. Бирок мунун баары Советтик армиянын чабуулуна таасир эте алмак эмес. Кытайдагы Квантун бөлүктөрү 15-августтан, Түндүк Кореяда 20-августтан тарта колго түшүп бере баштаган, ал эми Сахалин, Курил аралдарындагы япон жоокерлери айдын аягына чейин кармалышкан. Айрым аралдарда каршылык 5-сентябрга чейин көрсөтүлгөн. Натыйжада каршы тарап 84 миң аскеринен ажыраган. 15 миңден ашууну Маньчжурияда алган жараатынан көз жуумп, дагы 600 миң япондук туткунга алынган. Советтер Союзу 12 миңден ашуун кишисинен айрылып, 24 миңден ашуун аскер жарадар болгон. Жыйынтыгында СССРдин кургакта жана деңизде жүргүзгөн ыкчам аскердик операциясынан улам Азиядагы милитаристтик Японияны биротоло жок кылган. Тарыхый консенсус Япон агрессиясынан жабыр тарткан эл ал кездеги мыкаачылыкты унута элек. Кытай менен Түндүк Кореяда милитаристтик Японияга каршы туруп, өмүрү кыйылган советтик жоокерлерди дайым эстеп, таазим кылып келишет. Борбор Азия мамлекеттери үчүн Японияга каршы согуш кара так болуп жазылып калган СССР тарыхынын ажырагыс бөлүгү экени талашсыз. Бул жагдай аталган региондогу өлкөлөр менен Кытайдын ортосундагы алакада да чоң роль ойнойт. Экинчи дүйнөлүк согушта Кытай менен СССР эң көп жоготууга учураган мамелкеттер экенин эске сала кетели. СССР фашисттик Германияга каршы согушта 27 миллион, ал эми Кытай япониялыктар менен кагылышууда 35 миллиондон ашуун кишисинен ажыраган. Бул жагынан алып караганда япон милитаризмин ооздуктоодо, "дүйнөлүк фашизмди" жеңүүдө Кытайдын ролун Европа менен АКШ жетишерлик деңгээлде баалабай келет деген кытайлык илимпоздорго кошулбай кое албайсың. Мындай жагдай Экинчи дүйнөлүк согуш, балким, 1939-жылы күзүндө Европада эмес, 1937-жылы 7-июлда Марко Поло көпүрөсүндөгү окуядан кийин Япония Кытай армиясына каршы толук кандуу аскердик аракеттерди баштаганда тутанган деп айтууга негиз болуп берер. Кытай тарыхчыларынын арасында Экинчи дүйнөлүк согуш Азияда башталып, Азияда аяктаган деген пикир кеңири жайылган. Биз үчүн Маньчжурияны (Түндүк-Чыгыш Кытай) оккупациялоодон башталган (1931 жана 1945-жылга чейин) Кытайдын япон агрессиясына каршылыгы адамзат тарыхындагы эң эле узакка созулган кандуу салгылаш экени, кытай элинин жан аябай жерин коргошу чыныгы эрдик менен туруктуулуктун үлгүсү болуп калганы айкын. Дүйнөнүн түркүгүн кармап тургандар Тилекке каршы, Батыш мамлекеттери, өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилүүгө дуушар болгон мамлекеттер ушу тапта Европадагы катаал согуш — Украинадагы аскердик жаңжалды каржылап жатышат. Алсак, Германия Украинага курал-жарагын, техникасын кошуп жалпы жонунан 28 миллиард евролук, Япония 9 миллиард долларлык жардам көрсөттү. Немецтик танкалар кайрадан өрттөнүп жаткан мезгилде (эми атайын аскердик операцияда) Япониянын Украина жаңжалына аралашуусу тууралуу, албетте, кеп жок, ошентсе дагы Токионун Киевди колдоого бөлгөн акчасы Россиянын шаарларына атылып жаткан снаряддарды, дрондорду чыгарууга жумшалган жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Япониянын Россияга ачык эле душмандашуусу эки өлкөнүн тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрүн жандантуусуна көпкө чейин бөгөт коюп койду окшойт. Россиянын конституциялык мыйзамына ылайык, аймактардан баш тартууга ыктап чек ара маселесин кайра кароо мүмкүн эмес. Бул Япония талаштуу деп эсептеген Түштүк Курил Москва менен Токио талкуулай турган маселе эмес дегенди түшүндүрөт. Ал арада Европа "Россия менен согушууга даярданып", куралданууга чыгымын көбөйтүп жатканда Япониянын аскердик бюджетинин өсүшү Азиянын тынчсыздануусуна негиз болуп берет. Бекем пайдубал 2025-жылдын 3-сентябрында Пекинде Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин жана Кытай элинин япон баскынчыларына каршылык көрсөтүүсүнүн 80 жылдыгына арналган аскердик парад өтүп, ага Путин да катышат. Салтанатка Беларусь, Армения, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана 2019-жылдан бери биринчи жолу Корей Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ын чакырылган. Жалпы жонунан парадга 21 чет элдик лидер күбө болот. Окуянын чыны менен мааниси күч — азыркыдай курч, чыңалган кырдаалда, нацизмди актап даңазалоого аракет күчөп жатканда Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы боюнча эки дүйнөлүк державанын тарыхый консенсуска келиши дүйнөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө сөзсүз таасир этет. Советтик, кытайлык, монголиялык жоокерлердин ченебеген эрдигин, япон баскынчыларына каршы бир муштум болуп түйүлгөн Азия элдеринин баатырдыгын унуткарбоо тарыхый пайдубалга негиз болуп бере алат, ансыз адилеттүү көп уюлдуу дүйнө орнотуу мүмкүн эмес.
https://sputnik.kg/20250815/ekinchi-duynoluk-sogushta-yaponiya-menen-sogushkan-kyrgyzdar-1095897767.html
https://sputnik.kg/20250902/putin-menen-si-tszinpin-pekinde-emnelerdi-suyloshtu-1096256236.html
кытай
монголия
япония
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/02/1096260121_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_cd7fe55180fdb6c1f43b75e4bf763e4b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, кытай, монголия, япония, украина, экинчи дүйнөлүк согуш, мыкаачылык
дүйнөдө, россия, кытай, монголия, япония, украина, экинчи дүйнөлүк согуш, мыкаачылык
Россияда 3-сентябрда (2023-жылдан бери) белгиленип келген милитаристтик Японияны жеңген жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнү дүйнөлүк фашизмди биротоло талкалаган окуялардын тарыхый маанисин акырындап калыбына келтирүүдө. Ошол согушта жеңилген өлкөлөр баш болуп Украина менен Европадагы фашизмди актап, ал тургай ачык даңазалап жаткан азыркы чакта мунун маани-мазмуну өтө олуттуу.
1945-жылдын 2-сентябрында милитаристтик Япониянын талкаланып-жеңилиши менен Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап, он миллиондогон кишинин өмүрүн алган адамзат тарыхындагы эң эле кандуу жана катаал мезгилге чекит коюлган. Фашисттик Германия жана Италиянын жолун жолдогон Япония Азияда өзү ойлоп таап алган расалык артыкчылыгына жана үстөмдүк орнотуу каалоосуна таянган эле. "Дүйнөгө түркүк болчу" башка мамлекеттер сымал эле Япония да болуп көрбөгөндөй мыкаачылык менен бүтүндөй элдерди кырып, региондогу мамлекеттерди кыйраткан. Император Хирохитонун 1945-жылдын 15-августунда радиодон өлкө капитуляциясын жарыялаганына карабай япон күчтөрү каршылык көрсөтүп, туткунга түшүүгө макул боло калган эмес. Кандуу тирешүү Кытай менен Кореядан тарта Түштүк-Чыгыш Азия жана Тынч океанындагы аралдарга чейин жайылган.
80 жыл мурун, 1945-жылдын 9-августунда, Түндүк-Чыгыш Кытай менен Түндүк Кореяны Япониянын Квантун армиясынан бошотуу үчүн Советтик армия менен Моңгол элдик-боштондук армиясынын стратегиялык операциясы башталган, 11-августта Түштүк Сахалин, 1-сентябрга карата Курил аралдары япон аскер күчтөрүнөн биротоло тазаланган. Чынын айтканда, Европа фронтунда кыйла такшалган советтик армия үчүн да бул өтө оор аскердик операция эле, чегингенине карабай япон армиясы аскер күчүн координациялоонун мыкты деңгээлин сактоо менен катуу каршылык көрсөткөн.
Жан кечтилердин (камикадзе) тактикасы кеңири колдонулган, граната менен курчанган япон жоокерлери танкага же советтик жоокерлердин тобуна боюн таштап жардырган. Бирок мунун баары Советтик армиянын чабуулуна таасир эте алмак эмес. Кытайдагы Квантун бөлүктөрү 15-августтан, Түндүк Кореяда 20-августтан тарта колго түшүп бере баштаган, ал эми Сахалин, Курил аралдарындагы япон жоокерлери айдын аягына чейин кармалышкан. Айрым аралдарда каршылык 5-сентябрга чейин көрсөтүлгөн. Натыйжада каршы тарап 84 миң аскеринен ажыраган. 15 миңден ашууну Маньчжурияда алган жараатынан көз жуумп, дагы 600 миң япондук туткунга алынган. Советтер Союзу 12 миңден ашуун кишисинен айрылып, 24 миңден ашуун аскер жарадар болгон. Жыйынтыгында СССРдин кургакта жана деңизде жүргүзгөн ыкчам аскердик операциясынан улам Азиядагы милитаристтик Японияны биротоло жок кылган.
Япон агрессиясынан жабыр тарткан эл ал кездеги мыкаачылыкты унута элек. Кытай менен Түндүк Кореяда милитаристтик Японияга каршы туруп, өмүрү кыйылган советтик жоокерлерди дайым эстеп, таазим кылып келишет. Борбор Азия мамлекеттери үчүн Японияга каршы согуш кара так болуп жазылып калган СССР тарыхынын ажырагыс бөлүгү экени талашсыз. Бул жагдай аталган региондогу өлкөлөр менен Кытайдын ортосундагы алакада да чоң роль ойнойт.
Экинчи дүйнөлүк согушта Кытай менен СССР эң көп жоготууга учураган мамелкеттер экенин эске сала кетели. СССР фашисттик Германияга каршы согушта 27 миллион, ал эми Кытай япониялыктар менен кагылышууда 35 миллиондон ашуун кишисинен ажыраган. Бул жагынан алып караганда япон милитаризмин ооздуктоодо, "дүйнөлүк фашизмди" жеңүүдө Кытайдын ролун Европа менен АКШ жетишерлик деңгээлде баалабай келет деген кытайлык илимпоздорго кошулбай кое албайсың.
Мындай жагдай Экинчи дүйнөлүк согуш, балким, 1939-жылы күзүндө Европада эмес, 1937-жылы 7-июлда Марко Поло көпүрөсүндөгү окуядан кийин Япония Кытай армиясына каршы толук кандуу аскердик аракеттерди баштаганда тутанган деп айтууга негиз болуп берер. Кытай тарыхчыларынын арасында Экинчи дүйнөлүк согуш Азияда башталып, Азияда аяктаган деген пикир кеңири жайылган. Биз үчүн Маньчжурияны (Түндүк-Чыгыш Кытай) оккупациялоодон башталган (1931 жана 1945-жылга чейин) Кытайдын япон агрессиясына каршылыгы адамзат тарыхындагы эң эле узакка созулган кандуу салгылаш экени, кытай элинин жан аябай жерин коргошу чыныгы эрдик менен туруктуулуктун үлгүсү болуп калганы айкын.
Дүйнөнүн түркүгүн кармап тургандар
Тилекке каршы, Батыш мамлекеттери, өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилүүгө дуушар болгон мамлекеттер ушу тапта Европадагы катаал согуш — Украинадагы аскердик жаңжалды каржылап жатышат. Алсак, Германия Украинага курал-жарагын, техникасын кошуп жалпы жонунан 28 миллиард евролук, Япония 9 миллиард долларлык жардам көрсөттү. Немецтик танкалар кайрадан өрттөнүп жаткан мезгилде (эми атайын аскердик операцияда) Япониянын Украина жаңжалына аралашуусу тууралуу, албетте, кеп жок, ошентсе дагы Токионун Киевди колдоого бөлгөн акчасы Россиянын шаарларына атылып жаткан снаряддарды, дрондорду чыгарууга жумшалган жок деп эч ким кепилдик бере албайт.
Япониянын Россияга ачык эле душмандашуусу эки өлкөнүн тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрүн жандантуусуна көпкө чейин бөгөт коюп койду окшойт. Россиянын конституциялык мыйзамына ылайык, аймактардан баш тартууга ыктап чек ара маселесин кайра кароо мүмкүн эмес. Бул Япония талаштуу деп эсептеген Түштүк Курил Москва менен Токио талкуулай турган маселе эмес дегенди түшүндүрөт.
Ал арада Европа "Россия менен согушууга даярданып", куралданууга чыгымын көбөйтүп жатканда Япониянын аскердик бюджетинин өсүшү Азиянын тынчсыздануусуна негиз болуп берет.
2025-жылдын 3-сентябрында Пекинде Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин жана Кытай элинин япон баскынчыларына каршылык көрсөтүүсүнүн 80 жылдыгына арналган аскердик парад өтүп, ага Путин да катышат. Салтанатка Беларусь, Армения, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана 2019-жылдан бери биринчи жолу Корей Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ын чакырылган. Жалпы жонунан парадга 21 чет элдик лидер күбө болот.
Окуянын чыны менен мааниси күч — азыркыдай курч, чыңалган кырдаалда, нацизмди актап даңазалоого аракет күчөп жатканда Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы боюнча эки дүйнөлүк державанын тарыхый консенсуска келиши дүйнөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө сөзсүз таасир этет.
Советтик, кытайлык, монголиялык жоокерлердин ченебеген эрдигин, япон баскынчыларына каршы бир муштум болуп түйүлгөн Азия элдеринин баатырдыгын унуткарбоо тарыхый пайдубалга негиз болуп бере алат, ансыз адилеттүү көп уюлдуу дүйнө орнотуу мүмкүн эмес.