00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Путин менен Си Цзиньпин Пекинде эмнелерди сүйлөштү. Урунттуу учурлардын видеосу

© Sputnik / Сергей Бобылев / Медиабанкка өтүүРоссия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпин
Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпин Пекин шаарында делегациялардын катышуусунда кеңири курамда сүйлөшүү жүргүздү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Урматтуу досум, мен жана россиялык делегациянын бардык мүчөлөрү кытайлык достор менен кездешип жатканыбызга канааттанып турабыз. Делегацияны жылуу кабыл алганыңыздарга ыраазылык билдиребиз", — деген Путин.
Мындан сырткары, Россия президенти төмөнкүлөргө токтолду:
жакын байланыштар эки тараптуу мамилелердин стратегиялык маанисин көрсөтөт жана соңку учурда кызматташуу деңгээли мынчалык жогору боло элек эле;
аскердик достукту эске салуу, ишеним, бири-бирибизге колдоо көрсөтүү, жалпы кызыкчылыктарды коргоо — Москва менен Пекиндин ортосундагы кеңири өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташуунун өзөгү;
2025-жылы, он жыл мурдагыдай эле Улуу Жеңиштин юбилейин Москва менен Пекинде биргеликте белгилейли деген чечимдин мааниси зор.
"Бул — биздин элдерибиздин, Россия жана Кытай калкынын Экинчи дүйнөлүк согуштагы эрдигин урматтоо. Ошондой эле биздин өлкөлөрдүн Европа жана Азияда болгон согуштардагы жеңишинин маанилүү экенин бекемдейт. Аталарыбыз жана чоң ата, чоң энелерибиз тынчтык менен эркиндик үчүн кан-жанын аяган жок. Биз муну унутпайбыз, дайыма эсибизде. Бул — бүгүнкү жана келечектеги жетишкендиктерибиздин пайдубалы", — деп баса белгилеген РФ лидери.
Си Цзиньпиндин айткандары
"Урматтуу менин мурдатан келе жаткан досум Путин мырза, сизди Пекинден кайрадан көргөнүмө кубанычтамын. Кечээ Тяньцзинде ШКУнун саммитине бирге катыштык. Ардактуу президент, ал эми эртең эл аралык уюмдардын башчылары жана беш континенттен келген сыйлуу коноктор менен бирге кытай элинин япон баскынчыларына каршы күрөшүндө жана антифашисттик дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгын салтанаттуу белгилөөгө катышабыз", — деген Кытай лидери.
Си Цзиньпинь токтолгон дагы башка учурлар:
эки мамлекеттин лидерлеринин Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин урматына өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларга катышуусу эки тараптуу мамилелердин жакшы салтына айланды;
Кытай Россия менен бирге эки өлкө элинин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө даяр;
Москва менен Пекиндин мамилелери үлгү болуп, мезгилдин сынынан ийгиликтүү өткөн.
Андан ары сүйлөшүүлөр Кытай президентинин жеке резиденциясы "Чжуннаньхайда" тар курамда уланды.
Эскерте кетсек, Путин Кытайга төрт күндүк сапар менен барган. Мурдараак Пекинде Россия, Кытай жана Монголия лидерлеринин сүйлөшүүсү өттү.
Путиндин бүгүн да бир катар эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.
Шаршемби, 3-сентябрда, ал Япония милитаристтерине каршы жеңиштин жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга башкы конок катары катышат.
РФ лидери Владимир Путин Кытайдагы ШКУ саммитинде  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2025
ШКУ эл аралык аренада таасирин арттырууда. Путин саммитте токтолгон маселелер
Жаңылыктар түрмөгү
0