https://sputnik.kg/20250829/kyrgyz-baleti-tumakova-1096176841.html
Тумакова: кыргыз балетинде жаштар материалдык колдоого муктаж
Тумакова: кыргыз балетинде жаштар материалдык колдоого муктаж
Sputnik Кыргызстан
КР эл артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын балетмейстери Айзада Тумакова өлкөдөгү балет искусствосунун абалы жана жаңылыктары... 29.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-29T13:42+0600
2025-08-29T13:42+0600
2025-09-09T17:14+0600
радио
кыргызстан
балет
искусство
көйгөй
кадр
айзада тумакова
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1d/1096177180_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_a0bc4aa5c445d2bb4b3f69876b619f20.jpg
Тумакова: кыргыз балетинде жаштар материалдык колдоого муктаж
Sputnik Кыргызстан
Тумакова: кыргыз балетинде жаштар материалдык колдоого муктаж
Кыргыз балети канча жылдан бери быйыл биринчи жолу Испанияга барат. Бул тууралуу Айзада Тумакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, кыргыз балетине Александр Глазуновдун "Раймонда" балетин Сеул шаарында коюп берүү сунушу түшүп жатат. Ал балет бийчилери маянанын аздыгына карабай иштеп жатышканын белгиледи. "Маянабыз абдан аз. Социалдык жактан да шарт жок болуп жатат. Мурда биздин бийчилерге жатакана берчү. Азыр окуу жайды бүтүп келген улан-кыздардын жашай турган жери жок. Аймактардан келгендер аргасыз чогулуп батирге чыгат же туугандарыныкында жашашат. Айла жок. Мекенчилдик сезим күчтүү, бирок жашоо-тиричилик да керек экен. Материалдык жактан кыйналып көп жаштар кетип калууда. Менчик балет компанияларында иштеп келүүгө мажбур болушат", — деди Тумакова. Ал балет тармагында көйгөйлүү маселелер көп экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/1d/1096177180_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_dbba7146b3753625f1979d6a2bacf93c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, балет, искусство, көйгөй, кадр, айзада тумакова, аудио
кыргызстан, балет, искусство, көйгөй, кадр, айзада тумакова, аудио
Тумакова: кыргыз балетинде жаштар материалдык колдоого муктаж
13:42 29.08.2025 (Жаңыртылды: 17:14 09.09.2025) КР эл артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын балетмейстери Айзада Тумакова өлкөдөгү балет искусствосунун абалы жана жаңылыктары тууралуу айтты.
Кыргыз балети канча жылдан бери быйыл биринчи жолу Испанияга барат. Бул тууралуу Айзада Тумакова
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз балетине Александр Глазуновдун "Раймонда" балетин Сеул шаарында коюп берүү сунушу түшүп жатат.
"Чет өлкөлүк жылдыздар менен кошо бир сахнада бийлөө өзгөчө атмосфераны түзөт. Ар бир бийчи өзүнүн тажырыйбасын, деңгээлин көрсөтөт. Быйыл март айында мен Японияга барып, эл аралык конкурска катышып келдим. Бул багытта Япония менен мамилебиз жакшырып келе жатат. Андан кийин солисттерибиз менен бирге Азербайжанда өткөн чоң фестивалга катыштык. Бул жерде да жакшы тажырыйба алдык. Казакстанда коюлган "Бахчисарай фонтаны" балетинде солисти ооруп калып, бизди чакырышты. Бийчибиз Айпери Турусбекова менен барып, эки күндө чыгарманы өздөштүрүп бийлеп казак кесиптештерди таң калтырды. Эми октябрда Сеул шаарына барабыз. Ошентип иштешүүдөбүз. Ушул жылдын декабрь айында Испанияга баруу планыбыз бар. Бул биз үчүн чоң жаңылык. Анткени кыргыз балети Европага канча жылдан бери биринчи жолу барат. Испаниядан апрелде бизге импресарио келип, театрыбыздын директору менен жолугуп, министр менен таанышып, биргелешип меморандум түзүлгөн. Ал эми Кореядан Александр Глазуновдун "Раймонда" балетинин үзүндүсүн көрсөтүп берүү сунушу түштү. Биз макул болдук. Испанияда дүйнөлүк классикага айланган чыгармалар (Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Щелкунчик", Мигель Сервантестин "Дон Кихоту") коюлат", — деди Тумакова.
Ал балет бийчилери маянанын аздыгына карабай иштеп жатышканын белгиледи.
"Маянабыз абдан аз. Социалдык жактан да шарт жок болуп жатат. Мурда биздин бийчилерге жатакана берчү. Азыр окуу жайды бүтүп келген улан-кыздардын жашай турган жери жок. Аймактардан келгендер аргасыз чогулуп батирге чыгат же туугандарыныкында жашашат. Айла жок. Мекенчилдик сезим күчтүү, бирок жашоо-тиричилик да керек экен. Материалдык жактан кыйналып көп жаштар кетип калууда. Менчик балет компанияларында иштеп келүүгө мажбур болушат", — деди Тумакова.
Ал балет тармагында көйгөйлүү маселелер көп экенин кошумчалады.