https://sputnik.kg/20250819/kolgo-es-alyp-baryp-koz-zhumgan-altynbektin-okuyasy-1095965348.html
Көлдө эс алып жүрүп көз жумган Алтынбектин окуясы боюнча милиция үн катты. Видео
Көлдө эс алып жүрүп көз жумган Алтынбектин окуясы боюнча милиция үн катты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада мушташтан кийин көз жумган Алтынбек (А.А.) окуя болгондон кийин милицияга арыз жазуудан баш тарткан. Бул тууралуу... 19.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-19T11:36+0600
2025-08-19T11:36+0600
2025-08-19T11:36+0600
кыргызстан
чолпон-ата
адам өлүмү
мушташ
милиция
жооп
видео
https://sputnik.kg/img/07e7/05/11/1075403684_0:219:3072:1947_1920x0_80_0_0_5b4f1eafa130f0d6f541ef187e0c7a34.jpg
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада мушташтан кийин көз жумган Алтынбек (А.А.) окуя болгондон кийин милицияга арыз жазуудан баш тарткан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.Аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Улукбек Бейшеновдун айтымында, "Ала-Тоо" эс алуу жайындагы мушташ тууралуу милицияга билдирүү 16-август күнү түнкү саат 00:00дөр чамасында түшкөн. Ал учурда тергөө жүрүп жатканын, анда Ысык-Көл райондук ооруканасынын кызматкерлерине тийиштүү юридикалык баа берилерин кошумчалады. Эске салсак, маркумдун агасы президент менен УКМК жетекчисинен ишти көзөмөлгө алууну суранып, кайрылуу жасаган. Кылмышка шектелип 14, 17 жана 19 жаштагы үч бала кармалып, эки айга камакка алынды.
https://sputnik.kg/20250714/kyrgyzstan-mushtash-militsiya--1095283818.html
чолпон-ата
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/11/1075403684_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_3b21b346af55944695e1713faf5959f7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чолпон-ата, адам өлүмү, мушташ, милиция, жооп, видео
кыргызстан, чолпон-ата, адам өлүмү, мушташ, милиция, жооп, видео
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада мушташтан кийин көз жумган Алтынбек (А.А.) окуя болгондон кийин милицияга арыз жазуудан баш тарткан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Улукбек Бейшеновдун айтымында, "Ала-Тоо" эс алуу жайындагы мушташ тууралуу милицияга билдирүү 16-август күнү түнкү саат 00:00дөр чамасында түшкөн.
"Жерине тергөө тобу барганда жабырлануучу менен кесиптеши болгон. Жабырлануучу жаш балдар тарабынан сабалганын, бирок эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Милиция аны райондук ооруканага жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн соң жабырлануучу ооруканадан чыгарылган. Ал шаарды билбей турганын айтып, пансионатка жеткирип коюуну суранган. Ошол эле күнү 10:25тер чамасында ооруканадан жабырлануучу көз жумгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн", — деген Бейшенов.
Ал учурда тергөө жүрүп жатканын, анда Ысык-Көл райондук ооруканасынын кызматкерлерине тийиштүү юридикалык баа берилерин кошумчалады.
Эске салсак, маркумдун агасы президент менен УКМК жетекчисинен ишти көзөмөлгө алууну суранып,
кайрылуу жасаган.
Кылмышка шектелип 14, 17 жана 19 жаштагы үч бала кармалып, эки айга камакка алынды.