00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
УКМК Бишкектеги жаңы оңдолгон жолдордун сапатын текшерип жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Атайын кызмат соңку учурда соцтармактарда Бишкектин жолдорун оңдоодогу кемчиликтерди көрсөткөн материалдар таркап жатканын белгилөөдө. "2024-жылы шаардын негизги жолдорун оңдоо үчүн 1,38 миллиард сом өздөштүрүлгөн. 2025-жылга бюджеттен 5 миллиард сомго жакын каражат каралган. Бул болуп көрбөгөндөй каржылоо экенин белгилей кетүү керек. Мындан улам УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүргүзүлүп, аткарылган иштердин сапатын, көлөмүн жана бекитилген долбоордук-сметалык документтерге шайкештигин комплекстүү текшерүүгө багытталган тиешелүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуулар аныкталса күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылары кошумчаланды.
Төө-Ашуудагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Подрядчы компаниянын техникасы жерди түздөп, аталган участокто аң-чɵнɵктөр жамалууда.Бишкек — Ош жолундагы тоннелдин кире беришине автоунаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ түшүү зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда. Жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында күзгө чейин тоннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө иштери толук бүткөрүлмɵкчү.
Ысык-Көлдө эки күндө браконьерлерден 13 чакырым тор, 11 кайык алынды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.Маалыматка ылайык, 13-15-июнда аймакта браконьерликке каршы ири операция өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө браконьерлердин үйү тинтилип, көл тордон тазаланган. Натыйжада 13 чакырым синтетикалык тор, 18 мылтык, 157 ок-дары, 288 балык, 11 кайык, 15 кайырмак, 19 капкан жана 20 жапайы жаныбардын териси жана мүйүздөрү алынган.
Москва аймагына Киевдеги куралдар менен чабуул жасоого жол берген өлкөлөрдүн аскердик объектилерине каршы курал колдонууга өзүн укуктуу деп эсептейт. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды. "Россия киевдик куралдар менен чабуул жасоого жол берген өлкөлөрдүн аскерий объектилерине каршы курал колдонууга өзүн укуктуу деп эсептейт. Чатак мындан да ырбап кете турган болсо чечкиндүү жооп беребиз", — деген Захарова брифингде. Ал алыска атылуучу ракеталарды Украинанын армиясы өз алдында колдонбостугун, кандай болгон күндө да сырттан адистер кол кабыш кыларын белгиледи. "Алыс аралыктагы системаларды аталган өлкөлөрдүн аскерий адистерисиз колдонуу мүмкүн эмес... Демек, эгерде аталган Taurus ракеталары же алардын башка аталыштагы түрлөрү колдонулса, анда Германиянын аскер кызматкерлери биздин өлкөгө каршы аскердик операцияларды пландаштырууга жана баштоого түздөн-түз катышкан болуп эсептелет", — деп белгиледи ал. Анткен менен АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Украинага ыраакка атылуучу ракета берилбей турганын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0