Москва менен Бакунун ортосуна ким от жаккысы келип жатат. Сереп
Жазылуу
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Россия менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык союздаштык айрым күчтөргө жакпайт, бул алардын кыжырына тийип, Москва — Бакунун кызматташуусунун өнүгүшүнө тоскоол болууга аракет жасоого түрткү берет. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия менен Азербайжандын мамилеси стратегиялык союздаштык мүнөздө экенин эстен чыгарбоо керек. Албетте, мындай мамиле айрым күчтөргө жакпайт. Бул жөн эле нерсе эмес, өз ара мамиленин мааниси терең, ал биздин жалпы тарыхый доорубузга барып такалат. Биз бирдиктүү мамлекеттин курамында болгонбуз", — деген расмий өкүл.
Захарова стратегиялык союздаштык Москва менен Бакунун тамыры тереңге кеткен өз ара мамилесинин тарыхынан улам жаралганын кошумчалаган.
"Бул — адамдар ортосундагы тарыхый кыйынчылыктардан өткөн мамиле. Албетте, мындай нерсе сырттагыларга тынчтык бербей, ич күптүлүк жаратып, тоскоолдук кылууга түртөт", — деген дипломат.
Москва менен Бакунун ортосуна ким от жаккысы келип жатканын "Анкара-Москва" эксперттик-аналитикалык тармактын эксперти, түркиялык саясат таануучу Энгин Озер айтып берген. Адис багытты Улуу Британияга турган.
"Украина боюнча Стамбулдагы тынчтык сүйлөшүүлөрү жакында "соңку этапка" кирет деп турганда айрым тышкы күчтөр жаңжалды узартууга аракет кылып жатат. Бул жагынан 2022-жылы Стамбул келишимдерин үзгүлтүккө учуратуу менен "ири ийгиликтерге" жеткен Лондондун администрациясы Баку менен Москванын ортосундагы тирешүүнү күчөтүп, бул процесске Түркияны да тартууга умтулушу ыктымал", — деп аналитик түшүндүрдү.
Анын айтымында, Россия менен Азербайжандын ортосундагы мамиленин курчушу эки өлкөнүн геосаясий кызыкчылыктарынын кагылышынан кийин болуп жатат. Өзер бирок бул маселе боюнча компромисске келүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
"Акыркы күндөрү Екатеринбургда болгон окуялар жана андан кийин Бакуда Sputnik Азербайжан агенттигинин кызматкерлерине карата жасалган мамиле чыңалууну күчөттү. Азыр биз чыңалуу эки жакка тең пайда алып келбей турганын, ал эми диаспоралар олуттуу зыян тартуусу мүмкүн болгон мезгилди баштан кечирип жатабыз", — деп эксперт пикирин жыйынтыктаган.
Екатеринбургдагы камоолор жана Бакудагы Sputnik кеңсесине рейд:
28-июнда Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгы Екатеринбург шаарында 2001, 2010 жана 2011-жылдары болгон буюртма адам өлтүрүү фактылары боюнча кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын кабарлады;
алдын ала маалыматтарга ылайык, шектүүлөрдүн бири жүрөк оорусунан каза болгон, дагы биринин өлүмүнүн себеби такталууда;
сот 19-июлга чейин сегиз кишини: Аяз, Акиф, Мазахир, Бакир жана Камал Сафаровдорду, ошондой эле Ахлиман Гянджиевди, Шахин Лалаевди жана Азиз Абасовду камакка алды;.
30-июнь, дүйшөмбү күнү, Азербайжан ИИМи Sputnik агенттигинин кеңсесинде операция жүргүзүлгөнүн жарыялады;
бир нече сааттан кийин Азербайжандын күч түзүмдөрү Sputnik Азербайжан агенттигинин жетекчиси Игорь Картавыхты жана башкы редактор Евгений Белоусовду кармайт. Андан соң аларды сот төрт айга камакка алат;
Россиянын ТИМи Азербайжандын Москвадагы элчисин чакырып, Баку тараптан жасалган кадамдарга байланыштуу каршылык билдирип, Екатеринбургдагы күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттери мыйзамдуу болгон деп белгиледи;
министрлик камакка алынган россиялык журналисттерди дароо бошотууну талап кылды.