00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстанда санариптик сомду алуудан баш тарткандарга айып пул киргизилет. Президент Садыр Жапаров “Айрым мыйзам актыларына улуттук санариптик валютанын – санариптик сомдун укуктук статусу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Документке ылайык, жеке жактарга үч миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат. Мыйзам ошондой эле фирмалык аталыштарда “санариптик сом” жана “санариптик сом платформасы” деген терминдерди колдонууга тыюу салат. Документ улуттук валютанын прототиби боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү, укуктук базаны жана анын статусун түзүү максатында иштелип чыккан. Санарип сом накталай жана накталай эмес акча менен катар улуттук валютанын үчүнчү формасы болуп саналат. Ал Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан уникалдуу санариптик ырааттуулук түрүндө чыгарылат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов менен анын жубайы Гүлшат Жолдошеванын бөгөт чарасы тандалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту маалымдады. Билдирүүгө ылайык, жубайлар эки айга, тагыраагы ушул жылдын 2-июнуна чейин үй камагында болушат. Райондук сот УКМКнын Тергөө башкармалыгынын өтүнүчүн канааттандырган. Айжигитов менен Жолдошева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Буга чейин УКМК ал депутат кезинде жубайын ЖК аппаратына өзүнүн жардамчысы катары мыйзамсыз жумушка орноштурганын маалымдаган. Эске салсак, Султанбай Айжигитов мартта депутаттык мандатынан ажыратылган. Буга Айжигитовдун талапкерлигин койгондо бир кезде "Бейбаштык" менен айыпталып соттолгонун маалымдабай койгону жүйө келтирилген. Ага чейин эл өкүлү болуп турганда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча келишимге байланыштуу пикирин айтып, андан кийин "Ыйман нуру" фракциясынан чыгарылган.
Май айынан тартып Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлик субъекттерине жана жеке ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ири долбоор ишке ашырыла баштайт. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, долбоор 2025–2030-жылдарды камтып, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана бизнес үчүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган. Долбоор мамлекеттин республикалык бюджеттин жана "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК микрокредиттик компаниясынын 500 млн сом өлчөмүндөгү өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Россия Таластан чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары тууралуу архивдик документтерди облуска өткөрүп берди. Россия элчиси Сергей Вакунов кыргызстандыктардын Улуу Жеңишке кошкон салымын белгилеп, Чолпонбай Түлөбердиевдин, Василий Петрищевдин, Асанбек Оторбаевдин, Насыкул Жапаркуловдун жана башка баатырлардын эрдиктерин сактоо маанилүү экенин белгиледи. Дипломаттын айтымында, тапшырылган материалдар жаштарга патриоттук тарбия берүүнүн булагы болуп калат.Мындан тышкары, элчиликтин, россиялык инвесторлордун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын көмөгү менен облустун мектептерине заманбап компьютерлер берилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0