00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
54 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Улуттук банк кечээ валюта рыногуна 158 миллион 300 миң доллар сатты. Бул жыл башынан берки ири интервенция болуп саналат. Башкы банк жыл башында 79 миллион доллар саткан эле.2024-жылы 26 жолу интервенция жасалып, анын 13үндө 369 миллион 850 миң доллар сатып алса, калганында 675 миллион 650 миң доллар саткан. Интервенция валютанын олку-солкулугун жөнгө салуу үчүн жасалат.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандагы банктардын бири пластик жана алюминий терезелерди чыгарууга акча бөлүштү. Бул тууралуу фонддон билдиришти. Ишкана ай сайын 20 миң чарчы метрге чейин продукция чыгарат. Долбоордун суммасы 5 млн долларды түздү.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев ишкерлердин кайрылуусунан кийин май майрамдарына карата Панфилов атындагы паркты ачууну тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Калаа башчысы Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев жана бизнес-коомчулугу менен жолугушкан. "Парктын администрациясына да үч ай иштөөгө уруксат берилди, бирок шарттарды түзүү менен объектинин аймагындагы бардык аттракциондор талапка ылайык келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык нормалар сакталышы зарыл", — деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, буга чейин эс алуучулар аттракциондон кулаган эки учур катталган. Катуу жаракат алган кыздын окуясынан кийин парк ишин токтоткон болчу.
Бишкек шаардык милициянын баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери наркозат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 29-апрелде кезектеги ири көлөмдөгү баңгизатты берүү учурунда милициянын капитаны жана анын шериги милициянын лейтенанты кармалган."Шектүүлөрдүн жашаган жана иштеген жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, баңгизаттар табылды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери улантылууда", — деп айтылат кабарда. Милициянын капитаны УКМКнын тергөө абагына, ал эми лейтенант 1-СИЗОго камакка алынганы кошумчаланды.
Эгер Украина Москванын Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата сунуштаган элдешүүсүнө макул болсо, бул эки өлкөнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүнө өбөлгө болуп бермек. Мындай пикирин Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды. "Украин тарап бизден үлгү алат деп ишенип турабыз. Бул эки мамлекеттин бири-бирине эч кандай шарты жок эле тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого жасалган кадам болуп бермек", — деди ал. Небензя Россия "Киев режимининин башчысынын легитимдүүлүгү боюнча маселеге карабай" сүйлөшүүгө даяр экенин белгилеген. Дипломат Курск облусун Украина Куралдуу күчтөрүнөн бошотууга жардам берген кореялык боордошторго терең ыраазычылыгын билдирип, Түндүк Корея операцияга эл аралык укук нормаларына ылайык катышканын кошумчалады. Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү президент Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата элдешүү жарыялаган. Ал 8-майдан 11-майга чейин созулмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0