https://sputnik.kg/20250427/leningraddyn-kyrgyzdarga-yraazychylygy-1093561462.html
Ленинград Ала-Тоого ыраазы болуп... Күлүйпа Кондучалованын согушту эскерүүсү
Ленинград Ала-Тоого ыраазы болуп... Күлүйпа Кондучалованын согушту эскерүүсү
Sputnik Кыргызстан
Күлүйпа Кондучалова Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Тянь-Шань обкомунун лектору эле. 1942-жылы Кыргыз ССРи курчоодо калган Ленинградга жардам алып жөнөгөндө... 27.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-27T19:06+0600
2025-04-27T19:06+0600
2025-04-29T14:09+0600
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
ленинград блокадасында
күлүйпа кондучалова
https://sputnik.kg/img/104867/90/1048679083_0:87:1494:927_1920x0_80_0_0_748167ea94b8445947f5f4a305f35491.jpg
Күлүйпа Кондучалованын согушту эскерүүсү I
Sputnik Кыргызстан
Күлүйпа Кондучалованын согушту эскерүүсү I
Күлүйпа Кондучалованын согушту эскерүүсү II
Sputnik Кыргызстан
Күлүйпа Кондучалованын согушту эскерүүсү II
Күлүйпа Кондучалованын согушту эскерүүсү III
Sputnik Кыргызстан
Күлүйпа Кондучалованын согушту эскерүүсү III
Күлүйпа Кондучалова Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Тянь-Шань обкомунун лектору эле. 1942-жылы Кыргыз ССРи курчоодо калган Ленинградга жардам алып жөнөгөндө делегациянын курамына кирген. Кийин 1987-жылы Мамлекеттик телерадио комитети бул тууралуу атайын берүү даярдап, Кондучалова тарыхый окуяны эскерип айтып берген.Ленинграддагы блокада 872 күнгө созулганы маалым. Шаарга тамак-аш Ладога көлү аркылуу өткөн "өмүр жолу" менен гана жеткирилчү. Эч ким жардамын аяган эмес. 1942-жылы февралда Кыргызстан да Ленинградга 52 вагон азык-түлүк жеткирип, делегация блокададагы шаарда 12 күн жүрүп кайткан. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик кинофонофотоархивден Кондучалованын эскерүүсүн тапкан.Азык-түлүк чогултуу. 1942-жылы кышта Кыргызстандын эмгекчилери бир жумага жетпей ленинграддыктарга азык-түлүк чогултуп, элүү вагондон турган бир эшелон түздү. Көбү эт, балдар үчүн керектүү тамак-аш, күрүч, томат өңдүү азыктарды жүктөшкөн эле. Андан тышкары, Кыргызстан шефтикке алган "Октябрь революциясы" аттуу линкорго (аскердик кеме) эки вагон тамак-аш дайындалды.Делегациянын курамы. Бул эшелонду Ленинградга Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин секретары Молдогазы Токобаев жетекчилик кылган атайын делегация жеткизип барганбыз. Делегациянын составында бардык облустардын өкүлдөрү, партиялык, чарбалык кызматкерлер, эмгектин алдыңкылары болуп 14 киши кирген. Мисалы, Ош обкомунун экинчи секретары Сейдалиев, Сузак райкомунун биринчи секретары Исмаилов, "Найман" атындагы колхоздун председатели Сулайманов, "Орто Азия" колхозунун председатели Сооронбаев. Ошол кезде алар Советтер Союзунун Эмгек Баатырлары эле. Белгилүү акыныбыз Кубанычбек Маликов, журналисттердин ичинен "Советская Киргизия" гезитинин редакторунун орун басары Орлов жана башкалар бар болчу. Мен ал кезде Тянь-Шань обкомунун лектору болуп иштечүмүн.42 күнгө созулган жол. Ошентип февралдын башында жөнөдүк. Биздин жол жүргөнүбүз, эшелон кайтарганыбыз өзүнчө эле бир аңгеме. Ошол кезде темир жолдо күн-түн дебей согушка керектүү курал-жабдыктар жана аскер салынган эшелондор дайым жөнөп турду шакылдап. Биздин эшелон Куйбышев шаарына жеткенде Ленинградга атайын делегация бара жатканын түшүнгөндөн кийин жол ылдамдай баштады. 42 күн дегенде Ленинградга жакын Ладога көлүнүн жээгине жеттик. Ошентип Ладога көлүнүн жээгиндеги темир жол платфомасында эшелонду түшүрүштү.Жолугушуу. Бизди Ленинграддан атайын келген делегация чоң кубаныч менен кучак жайып тосуп алды. Анткени Кыргызстандын делегациясы биринчи болуп Ленинградга келиптир. Күүгүмдө бизди "өмүр жолу" деп аталган муз жол менен Ленинградга алып жөнөштү. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы, ширеңке чаккан киши жок. Айдоочулар рулду бекем кармап, машиналарын айдап бара жатышты. Туш-тушубузда снаряддар жарылып жатты. Мына ошол жерде согуштук абалды түшүнө баштадык. Биз Смольныйга (Ленинграддагы партиялык жана аткаруу бийлиги жайгашкан ак сарай — ред.) жайгаштык. Ошол учурдагы шартты сөз менен түшүндүрүү кыйын. Эртеси Ленинграддын Советинин председатели Пётр Сергеевич Попков кабыл алып, Ленинграддагы согуштун, элдин абалын айтып берди. Элди, өнөр жай ишканаларын эвакуациялоо, элди азык-түлүк менен камсыздоо анын мойнунда экен. Ленинграддын ар бир жетекчисине ар кандай милдеттер жүктөлүптүр. Ошол кездегидей жоопкерчилик менен тартиптүүлүктү согуштан кийин көргөн жокмун десем болот.Ленинграддыктардын мыктылыгы. Немистердин оор замбиктери аткылап, калаадагы имараттарга зыян келтирип, талкалаган. Бир соо имарат көрбөдүк. Эл жашаган үйлөрдө сынган терезелердин ордун бирдеме менен жаап койгон. Түн ичинде калаа караңгы. Ленинграддагы ишканалардын 70 пайызы эвакуацияланган. Согушка чейин шаарда үч миллион адам жашаган экен. Согуш башталганда бир жарым миллиону көчүрүлүптүр. Айрыкча балдарды көчүрүүгө көңүл бурулган. Катуу тартип жана элдин мыктылыгынан Ленинград аман калды. Күнүгө оор артиллерия менен шаар 4-5 саатка чейин аткыланып турган. Кулак тунат, кишилер көз алдыбызда өлүп жатты.Карточка. Ачарчылыктын азабынан каза болгондордун өлүктөрүн бирден-экиден чанага салып сүйрөп кетип бара жаткандарын өз көзүбүз менен көрдүк. Биз барган убакта "өмүр жолу" аркылуу калаага азык-түлүк жетип, карточка боюнча калкка тамак берүү бир аз жогорулап калган экен. Суткасына жумушчуларга карточка менен 400 грамм, калгандарына 200 граммдан нан берилип жатыптыр. Анда-санда май жана башка азык-түлүк аралаша баштаган экен.Элге дем берүү. Биздин делегациянын Ленинградга келгени радио менен басма сөз аркылуу тез тарады. Кыргызстандын делегациясынын келиши өзгөчө саясий мааниге ээ окуя болду десем жаңылышпайм. Анткени элдин духун, патриоттуулугун көтөрүүгө, достугуна, биримдигине дем кошту чынында эле. Биздин делегация эки-үч топко бөлүнүп, ленинграддыктар менен жолугушуу өткөрө баштадык. Радио менен гезиттер күн сайын шаардын тургундарына бизди ким менен кезиккенибиз жөнүндө тынбай маалымат берип турду. Жашоочулардын Октябрь революциясынын бешиги Ленинградды ыйык көрүп, аны душмандын буту баспайт деген патриоттук сезими бизди абдан таң калтырды. Блокаданын кыйынчылыгына чыдап, акыры душманды жеңишти.Курчоонун азабы. Октябрь революциясынын бийлигин орноткон жумушчулар менен тааныштык. Биздин жаштарыбыз шаар блокаданын учурунда кандай абалда калганын документалдуу фильм же фотоальбом аркылуу көргөн чыгар. Мунун баарын түшүндүрүш кыйын. Ишканаларда ушундай суук, темирге кол тийгизсең жөн эле жабыша калат. Ачкачылыкка, суукка карабай иштеп жатып өз станокторунун жанында каза болгон жумушчулар көп эле. Ошол каза болгон жумушчулардын куралы менен станокторуна ээсинин өлгөн күнү жана аты-жөнү жазылганын көрдүк. Ушундай кыйынчылыктарга карабастан согуш куралдарын чыгарып, фронтту тынбай жабдып турушкан. Биздин группа Орджоникидзе заводунда болду. Бул завод мурда корабль курчу экен. Согуш убактысында курал-жабдыктарды чыгара баштаптыр. Тигүү фабрикасында болдук. Бул жерде жылуу кийимдер тигилип жатыптыр.Ленинграддын ыраазычылыгы. Кайсы жерде болбойлу, ыраазычылык угуп жаттык. "Миңдеген километр жерден, алыскы Ала-Тоонун чокусунан келдиңер. Биз жалгыз эмес экенбиз. Биз күчтүүбүз. Биз жеңебиз" деген патриоттук сөздөрдү чын пикири, чын пейили менен айтып жатышты.Моряктардын алкышы. "Октябрь революциясы" линкорун Кыргызстандын эмгекчилери шефтикке алган. Бул кеменин өздүк курамына Фрунзеден эки вагон азык-түлүк алып барганбыз. Бизди кеменин командири контр-адмирал Михаил Москаленко жетектеген согуштук совети кабыл алды. Линкордун курамынын абалы абдан начарлап калган экен. Биздин алып барган азык-түлүк буларды оор ахвалдан алып чыкты. Биз барганда жаш матростордон баштап комсоставына чейин көздөрү жашылданып, жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан алкышын билдирип жатышты. Алардын суроосу боюнча бул линкордун өздүк составы менен эки ирет жолуктук.Коштошуу. Биз Лениградда 12 күн болдук. Радио аркылуу ленинграддыктарга өзүбүздүн пикирди айтып турдук. Сапардын аягында биздин делегацияны Ленинграддын жетекчилери: Андрей Жданов, Алексей Кузнецов баш болгон партиялык жана аткаруу комитеттери, согуштук кеңештин мүчөлөрү кабыл алды. Кузнецов абдан уюштургуч, шаардыктардын арасында аброю аябай зор киши экен. Жданов бизге калаадагы абалды түшүндүрүп айтып берди, кыргыз элине абдан ыраазычылыгын билдирди. Мына ушул жерден айта турган бир нерсе: шаардык совет кыштагы оор абалдан кийин эпидемия чыгып кетпесин деп "Калааны санитардык тартипке келтирүү жөнүндө" чечим чыгарыптыр. Ошондо элдин тартиби шумдуктай экенин көрдүк. 1-апрелде элдин баары чогулуп, шаарды тазалоого чыкты. Эгерде калааны тазалабаганда эпидемия башталмак.Ошентип сапарыбыз карып, 2-апрелде Ленинграддан Ладога көлүндөгү "өмүр жолу" менен кайра жөнөдүк. Ошол убакта күн жылып, муз эрип, машинанын радиаторуна чейин суу каптаганын көрдүк.Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин Ленинградда далай жолу болдум. Башка сезим менен барасың. Ленинграддыктар менен жолукканда согуштун ирмемдери эске келет. Согуш бүткөндөн кийин шаар кайра калыбына келгени сүйүндүрөт.
https://sputnik.kg/20250420/sajra-kijizbaevanyn-sogush-tuuraluu-ehskeruusu-1093407568.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104867/90/1048679083_0:73:1494:1194_1920x0_80_0_0_99273833e0ce04251e4260c03d0c8ed6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, ленинград блокадасында, күлүйпа кондучалова
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, ленинград блокадасында, күлүйпа кондучалова
Күлүйпа Кондучалова Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Тянь-Шань обкомунун лектору эле. 1942-жылы Кыргыз ССРи курчоодо калган Ленинградга жардам алып жөнөгөндө делегациянын курамына кирген. Кийин 1987-жылы Мамлекеттик телерадио комитети бул тууралуу атайын берүү даярдап, Кондучалова тарыхый окуяны эскерип айтып берген.
Ленинграддагы блокада 872 күнгө созулганы маалым. Шаарга тамак-аш Ладога көлү аркылуу өткөн "өмүр жолу" менен гана жеткирилчү. Эч ким жардамын аяган эмес. 1942-жылы февралда Кыргызстан да Ленинградга 52 вагон азык-түлүк жеткирип, делегация блокададагы шаарда 12 күн жүрүп кайткан. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик кинофонофотоархивден Кондучалованын эскерүүсүн тапкан.
Азык-түлүк чогултуу. 1942-жылы кышта Кыргызстандын эмгекчилери бир жумага жетпей ленинграддыктарга азык-түлүк чогултуп, элүү вагондон турган бир эшелон түздү. Көбү эт, балдар үчүн керектүү тамак-аш, күрүч, томат өңдүү азыктарды жүктөшкөн эле. Андан тышкары, Кыргызстан шефтикке алган "Октябрь революциясы" аттуу линкорго (аскердик кеме) эки вагон тамак-аш дайындалды.
Делегациянын курамы. Бул эшелонду Ленинградга Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин секретары Молдогазы Токобаев жетекчилик кылган атайын делегация жеткизип барганбыз. Делегациянын составында бардык облустардын өкүлдөрү, партиялык, чарбалык кызматкерлер, эмгектин алдыңкылары болуп 14 киши кирген. Мисалы, Ош обкомунун экинчи секретары Сейдалиев, Сузак райкомунун биринчи секретары Исмаилов, "Найман" атындагы колхоздун председатели Сулайманов, "Орто Азия" колхозунун председатели Сооронбаев. Ошол кезде алар Советтер Союзунун Эмгек Баатырлары эле. Белгилүү акыныбыз Кубанычбек Маликов, журналисттердин ичинен "Советская Киргизия" гезитинин редакторунун орун басары Орлов жана башкалар бар болчу. Мен ал кезде Тянь-Шань обкомунун лектору болуп иштечүмүн.
42 күнгө созулган жол. Ошентип февралдын башында жөнөдүк. Биздин жол жүргөнүбүз, эшелон кайтарганыбыз өзүнчө эле бир аңгеме. Ошол кезде темир жолдо күн-түн дебей согушка керектүү курал-жабдыктар жана аскер салынган эшелондор дайым жөнөп турду шакылдап. Биздин эшелон Куйбышев шаарына жеткенде Ленинградга атайын делегация бара жатканын түшүнгөндөн кийин жол ылдамдай баштады. 42 күн дегенде Ленинградга жакын Ладога көлүнүн жээгине жеттик. Ошентип Ладога көлүнүн жээгиндеги темир жол платфомасында эшелонду түшүрүштү.
Жолугушуу. Бизди Ленинграддан атайын келген делегация чоң кубаныч менен кучак жайып тосуп алды. Анткени Кыргызстандын делегациясы биринчи болуп Ленинградга келиптир. Күүгүмдө бизди "өмүр жолу" деп аталган муз жол менен Ленинградга алып жөнөштү. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы, ширеңке чаккан киши жок. Айдоочулар рулду бекем кармап, машиналарын айдап бара жатышты. Туш-тушубузда снаряддар жарылып жатты. Мына ошол жерде согуштук абалды түшүнө баштадык. Биз Смольныйга (Ленинграддагы партиялык жана аткаруу бийлиги жайгашкан ак сарай — ред.) жайгаштык. Ошол учурдагы шартты сөз менен түшүндүрүү кыйын. Эртеси Ленинграддын Советинин председатели Пётр Сергеевич Попков кабыл алып, Ленинграддагы согуштун, элдин абалын айтып берди. Элди, өнөр жай ишканаларын эвакуациялоо, элди азык-түлүк менен камсыздоо анын мойнунда экен. Ленинграддын ар бир жетекчисине ар кандай милдеттер жүктөлүптүр. Ошол кездегидей жоопкерчилик менен тартиптүүлүктү согуштан кийин көргөн жокмун десем болот.
Ленинграддыктардын мыктылыгы. Немистердин оор замбиктери аткылап, калаадагы имараттарга зыян келтирип, талкалаган. Бир соо имарат көрбөдүк. Эл жашаган үйлөрдө сынган терезелердин ордун бирдеме менен жаап койгон. Түн ичинде калаа караңгы. Ленинграддагы ишканалардын 70 пайызы эвакуацияланган. Согушка чейин шаарда үч миллион адам жашаган экен. Согуш башталганда бир жарым миллиону көчүрүлүптүр. Айрыкча балдарды көчүрүүгө көңүл бурулган. Катуу тартип жана элдин мыктылыгынан Ленинград аман калды. Күнүгө оор артиллерия менен шаар 4-5 саатка чейин аткыланып турган. Кулак тунат, кишилер көз алдыбызда өлүп жатты.
Карточка. Ачарчылыктын азабынан каза болгондордун өлүктөрүн бирден-экиден чанага салып сүйрөп кетип бара жаткандарын өз көзүбүз менен көрдүк. Биз барган убакта "өмүр жолу" аркылуу калаага азык-түлүк жетип, карточка боюнча калкка тамак берүү бир аз жогорулап калган экен. Суткасына жумушчуларга карточка менен 400 грамм, калгандарына 200 граммдан нан берилип жатыптыр. Анда-санда май жана башка азык-түлүк аралаша баштаган экен.
Элге дем берүү. Биздин делегациянын Ленинградга келгени радио менен басма сөз аркылуу тез тарады. Кыргызстандын делегациясынын келиши өзгөчө саясий мааниге ээ окуя болду десем жаңылышпайм. Анткени элдин духун, патриоттуулугун көтөрүүгө, достугуна, биримдигине дем кошту чынында эле. Биздин делегация эки-үч топко бөлүнүп, ленинграддыктар менен жолугушуу өткөрө баштадык. Радио менен гезиттер күн сайын шаардын тургундарына бизди ким менен кезиккенибиз жөнүндө тынбай маалымат берип турду. Жашоочулардын Октябрь революциясынын бешиги Ленинградды ыйык көрүп, аны душмандын буту баспайт деген патриоттук сезими бизди абдан таң калтырды. Блокаданын кыйынчылыгына чыдап, акыры душманды жеңишти.
Курчоонун азабы. Октябрь революциясынын бийлигин орноткон жумушчулар менен тааныштык. Биздин жаштарыбыз шаар блокаданын учурунда кандай абалда калганын документалдуу фильм же фотоальбом аркылуу көргөн чыгар. Мунун баарын түшүндүрүш кыйын. Ишканаларда ушундай суук, темирге кол тийгизсең жөн эле жабыша калат. Ачкачылыкка, суукка карабай иштеп жатып өз станокторунун жанында каза болгон жумушчулар көп эле. Ошол каза болгон жумушчулардын куралы менен станокторуна ээсинин өлгөн күнү жана аты-жөнү жазылганын көрдүк. Ушундай кыйынчылыктарга карабастан согуш куралдарын чыгарып, фронтту тынбай жабдып турушкан. Биздин группа Орджоникидзе заводунда болду. Бул завод мурда корабль курчу экен. Согуш убактысында курал-жабдыктарды чыгара баштаптыр. Тигүү фабрикасында болдук. Бул жерде жылуу кийимдер тигилип жатыптыр.
Ленинграддын ыраазычылыгы. Кайсы жерде болбойлу, ыраазычылык угуп жаттык. "Миңдеген километр жерден, алыскы Ала-Тоонун чокусунан келдиңер. Биз жалгыз эмес экенбиз. Биз күчтүүбүз. Биз жеңебиз" деген патриоттук сөздөрдү чын пикири, чын пейили менен айтып жатышты.
Моряктардын алкышы. "Октябрь революциясы" линкорун Кыргызстандын эмгекчилери шефтикке алган. Бул кеменин өздүк курамына Фрунзеден эки вагон азык-түлүк алып барганбыз. Бизди кеменин командири контр-адмирал Михаил Москаленко жетектеген согуштук совети кабыл алды. Линкордун курамынын абалы абдан начарлап калган экен. Биздин алып барган азык-түлүк буларды оор ахвалдан алып чыкты. Биз барганда жаш матростордон баштап комсоставына чейин көздөрү жашылданып, жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан алкышын билдирип жатышты. Алардын суроосу боюнча бул линкордун өздүк составы менен эки ирет жолуктук.
Коштошуу. Биз Лениградда 12 күн болдук. Радио аркылуу ленинграддыктарга өзүбүздүн пикирди айтып турдук. Сапардын аягында биздин делегацияны Ленинграддын жетекчилери: Андрей Жданов, Алексей Кузнецов баш болгон партиялык жана аткаруу комитеттери, согуштук кеңештин мүчөлөрү кабыл алды. Кузнецов абдан уюштургуч, шаардыктардын арасында аброю аябай зор киши экен. Жданов бизге калаадагы абалды түшүндүрүп айтып берди, кыргыз элине абдан ыраазычылыгын билдирди. Мына ушул жерден айта турган бир нерсе: шаардык совет кыштагы оор абалдан кийин эпидемия чыгып кетпесин деп "Калааны санитардык тартипке келтирүү жөнүндө" чечим чыгарыптыр. Ошондо элдин тартиби шумдуктай экенин көрдүк. 1-апрелде элдин баары чогулуп, шаарды тазалоого чыкты. Эгерде калааны тазалабаганда эпидемия башталмак.
Ошентип сапарыбыз карып, 2-апрелде Ленинграддан Ладога көлүндөгү "өмүр жолу" менен кайра жөнөдүк. Ошол убакта күн жылып, муз эрип, машинанын радиаторуна чейин суу каптаганын көрдүк.
Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин Ленинградда далай жолу болдум. Башка сезим менен барасың. Ленинграддыктар менен жолукканда согуштун ирмемдери эске келет. Согуш бүткөндөн кийин шаар кайра калыбына келгени сүйүндүрөт.