https://sputnik.kg/20250425/uluu-zhenish-mayramy-1093555765.html
Буржуев: Улуу Жеңишке кыргызстандыктардын салымы чоң
Буржуев: Улуу Жеңишке кыргызстандыктардын салымы чоң
Sputnik Кыргызстан
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев Улуу Ата Мекендик согуш... 25.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-25T12:54+0600
2025-04-25T12:54+0600
2025-04-25T12:54+0600
радио
кыргызстан
улуу ата мекендик согуш
чолпонбек буржуев
улуу жеңишке 72 жыл
салым
https://sputnik.kg/img/07e9/04/19/1093556185_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_a7c4ff260512772a918b223c05f1759e.jpg
Буржуев: Улуу Жеңишке кыргызстандыктардын салымы чоң
Sputnik Кыргызстан
Буржуев: Улуу Жеңишке кыргызстандыктардын салымы чоң
Улуу Ата Мекендик согушта 30 миллионго жакын адам курман болгону айтылат. Бул тууралуу Чолпонбек Буржуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жанынан көргөн адамдар да баркталган заман келерин белгиледи.Ал Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 17 жаштан 60 жашка чейин 360 миң жоокер кеткенин белгиледи."Кыргызстандыктардын ичинен 150 миңден ашуун жоокер согушта курман болгон. Ал эми кайтып келгендердин көбү жарадар болчу. Ошого карабастан чарба иштерине жардам берип, ар кандай тармакта эмгектенип, кээ бирлери бааланса, кээ бирлери бааланбай өмүрдөн өтүп кетти. Кыргызстандыктардын Улуу Жеңишке салымы чоң. Себеби жарымы согушка кетсе, жарымы тылда иштеп майданга жардамын жиберип турган. Бизде Советтер Союзунун 74 Баатыры, Даңк орденинин 29 кавалери бар. Кыргызстандын 28 баатырынан куралган 316-аткычтар дивизиясынын командири, генерал-майор Иван Панфилов Кыргызстандын аскер комиссары болгон. Бул дивизия "артыбызда Москва, бир кадам жылбайбыз" деп душмандын мизин кайтарып, баары курман болгон", — деди Буржуев.Ал жеңишке жетишибизге 28 баатырдын (панфиловчулар) эмгеги зор экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/19/1093556185_265:0:2994:2047_1920x0_80_0_0_1d61bc18fe14a07c6da88ce6848b2de7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, чолпонбек буржуев, улуу жеңишке 72 жыл, салым, аудио
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, чолпонбек буржуев, улуу жеңишке 72 жыл, салым, аудио
Буржуев: Улуу Жеңишке кыргызстандыктардын салымы чоң
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев Улуу Ата Мекендик согуш, Улуу Жеңиштин мааниси жана кыргызстандыктардын салымы тууралуу айтып берди.
Улуу Ата Мекендик согушта 30 миллионго жакын адам курман болгону айтылат. Бул тууралуу Чолпонбек Буржуев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жанынан көргөн адамдар да баркталган заман келерин белгиледи.
"Согушта жанын оозуна тиштеп, кан кечкен аталарыбызды эскерип жүрүшүбүз керек. Себеби тарыхка туура эмес мамиле кылсак, келечек бизди жазалайт. Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун курамындагы көп улуттуу элдин баары биригип, тишине чейин куралданган немецтерге каршы аттанышкан. Ошол кезде Европанын 70 пайызы Германияга кошулуп Советтер Союзуна кол салган. Айрым маалыматтарда Экинчи дүйнөлүк согушта болжол менен жалпы 110 миллион киши каза болгону айтылат. Ал эми Улуу Ата Мекендик согушта 27 миллиондон 30 миллионго чейин адам курман болуптур. Согуштан 80 жыл өткөндөн кийин "элибиздин саны 7 миллионго жетти" деп эми кубанып отурабыз. Ошол алааматтын кесиринен канча бала төрөлбөй калды, канчалаган окумуштуулар, билимдүүлөр набыт кетти, канчалаган аялдар жесир, балдар жетим калды", — деди Буржуев.
Ал Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 17 жаштан 60 жашка чейин 360 миң жоокер кеткенин белгиледи.
"Кыргызстандыктардын ичинен 150 миңден ашуун жоокер согушта курман болгон. Ал эми кайтып келгендердин көбү жарадар болчу. Ошого карабастан чарба иштерине жардам берип, ар кандай тармакта эмгектенип, кээ бирлери бааланса, кээ бирлери бааланбай өмүрдөн өтүп кетти. Кыргызстандыктардын Улуу Жеңишке салымы чоң. Себеби жарымы согушка кетсе, жарымы тылда иштеп майданга жардамын жиберип турган. Бизде Советтер Союзунун 74 Баатыры, Даңк орденинин 29 кавалери бар. Кыргызстандын 28 баатырынан куралган 316-аткычтар дивизиясынын командири, генерал-майор Иван Панфилов Кыргызстандын аскер комиссары болгон. Бул дивизия "артыбызда Москва, бир кадам жылбайбыз" деп душмандын мизин кайтарып, баары курман болгон", — деди Буржуев.
Ал жеңишке жетишибизге 28 баатырдын (панфиловчулар) эмгеги зор экенин кошумчалады.