https://sputnik.kg/20250424/1093529851.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук Азияда аймактын кооперация процесси башталып, кызматташуу жүрүп жатат. Анда СССР ыдырагандан бери топтолгон көптөгөн маселелер чечиле баштады. Бул... 24.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-24T11:00+0600
2025-04-24T11:00+0600
2025-04-24T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/18/1093529719_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e469f6d53bce06cd489be70e3171c97e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Борбордук Азияда аймактын кооперация процесси башталып, кызматташуу жүрүп жатат. Анда СССР ыдырагандан бери топтолгон көптөгөн маселелер чечиле баштады. Бул туурасында КРСУнун алдындагы стратегиялык анализ жана божомол жасаган институттун илимий кызматкери Арсен Үсөнов айтты. Анын пикиринде, бул Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын мамлекеттик чек ара жана суу-энергетикалык тармактарындагы маселелерди жөнгө салууга тиешелүү болду. "Биз аймактын өз ара мамилелерде жаңы тепкичке чыгууга аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Бул деңгээлде өлкөлөр өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алышат, бирок ошол эле учурда регион ичиндеги тынч жана туруктуу өнүгүү үчүн зарыл болгон кызматташууну эстен чыгарбайт. Борбордук Азия жакынкы стратегиялык өнөктөштөрү Кытай жана Россия менен мамилелерди татаалдаштырууга кызыкдар эмес деп ойлойм", — деди Үсөнов "Валдай" форумунда.
"Базар-Коргон суу канал" ишканасынын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүүлөр абоненттердин акчасын кымырып алууга шектелүүдө."Аталган ишкананын директору, башкы инженери жана техникалык адиси шаардын авариялык абалга кептелген суу түтүктөрүн оңдоо жана алмаштыруу керек деген шылтоо менен инспекторлордон мыйзамсыз акча чогултуп, өз ара бөлүшүп жүрүшкөн. Кылмыштуу аракеттерин жаап-жашыруу максатында каражатты фиктивдүү ыкмаларды колдонуу жолу менен эсептен чыгарып турушкан", — деп айтылат маалыматта. Шектүүлөр камакка алынып, мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда.
Россияда өтө турган "Интервидение — 2025" эл аралык музыкалык сынагына "Номад" триосу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 23-апрелде өткөн улуттук тандоо турунда Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев жана Азат Раимбердиевден турган "Номад" триосу жеңүүчү болду. Бул баскычта жалпысынан 14 аткаруучу катышып, 12 музыкалык номер көрсөтүлдү.Мындан тышкары, түз эфир учурунда көрүүчүлөргө атайын номинация боюнча добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилди. Элдин колдоосуна Урмат Токомбаев ээ болуп, 150 миң сом менен сыйланды. Эске салсак, популярдуу ырлардын эл аралык "Интервидение" конкурсу тарыхта алгачкы жолу уюштурулуп, аны өткөрүү үчүн 750 миллион рубль бөлүнгөн. Аталган сынактын финалы Москвада өтүп, баш байгеси 300 миң евро болот.
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин Крым боюнча айтканын сынга алып, бул Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө зыянын тийгизерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Киев режиминин башчысы "Уолл стрит журнал" басылмасына берген маегинде Ак үйдүн жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушуна карабай, Крымды Россияныкы деп тааныбай турганын билдирген. "Зеленский гезиттин биринчи бетинде "Украина Крымдын оккупациясын юридикалык жактан тааныбайт, бул тууралуу сүйлөшө турган эч нерсе жок" деп мактаныптыр. Бул билдирүүсү Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө зыянын тийгизет", — деген АКШ президенти. Трамп Украинада абал оор экенин айтып, Зеленский элдешүүгө макул болбосо үч жылдан кийин өлкөнү жоготорун белгилеген.
Борбордук Азияда аймактын кооперация процесси башталып, кызматташуу жүрүп жатат. Анда СССР ыдырагандан бери топтолгон көптөгөн маселелер чечиле баштады. Бул туурасында КРСУнун алдындагы стратегиялык анализ жана божомол жасаган институттун илимий кызматкери Арсен Үсөнов айтты. Анын пикиринде, бул Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын мамлекеттик чек ара жана суу-энергетикалык тармактарындагы маселелерди жөнгө салууга тиешелүү болду. "Биз аймактын өз ара мамилелерде жаңы тепкичке чыгууга аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Бул деңгээлде өлкөлөр өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алышат, бирок ошол эле учурда регион ичиндеги тынч жана туруктуу өнүгүү үчүн зарыл болгон кызматташууну эстен чыгарбайт. Борбордук Азия жакынкы стратегиялык өнөктөштөрү Кытай жана Россия менен мамилелерди татаалдаштырууга кызыкдар эмес деп ойлойм", — деди Үсөнов "Валдай" форумунда."Базар-Коргон суу канал" ишканасынын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүүлөр абоненттердин акчасын кымырып алууга шектелүүдө."Аталган ишкананын директору, башкы инженери жана техникалык адиси шаардын авариялык абалга кептелген суу түтүктөрүн оңдоо жана алмаштыруу керек деген шылтоо менен инспекторлордон мыйзамсыз акча чогултуп, өз ара бөлүшүп жүрүшкөн. Кылмыштуу аракеттерин жаап-жашыруу максатында каражатты фиктивдүү ыкмаларды колдонуу жолу менен эсептен чыгарып турушкан", — деп айтылат маалыматта. Шектүүлөр камакка алынып, мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда.Россияда өтө турган "Интервидение — 2025" эл аралык музыкалык сынагына "Номад" триосу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 23-апрелде өткөн улуттук тандоо турунда Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев жана Азат Раимбердиевден турган "Номад" триосу жеңүүчү болду. Бул баскычта жалпысынан 14 аткаруучу катышып, 12 музыкалык номер көрсөтүлдү.Мындан тышкары, түз эфир учурунда көрүүчүлөргө атайын номинация боюнча добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилди. Элдин колдоосуна Урмат Токомбаев ээ болуп, 150 миң сом менен сыйланды. Эске салсак, популярдуу ырлардын эл аралык "Интервидение" конкурсу тарыхта алгачкы жолу уюштурулуп, аны өткөрүү үчүн 750 миллион рубль бөлүнгөн. Аталган сынактын финалы Москвада өтүп, баш байгеси 300 миң евро болот.АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин Крым боюнча айтканын сынга алып, бул Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө зыянын тийгизерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Киев режиминин башчысы "Уолл стрит журнал" басылмасына берген маегинде Ак үйдүн жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушуна карабай, Крымды Россияныкы деп тааныбай турганын билдирген. "Зеленский гезиттин биринчи бетинде "Украина Крымдын оккупациясын юридикалык жактан тааныбайт, бул тууралуу сүйлөшө турган эч нерсе жок" деп мактаныптыр. Бул билдирүүсү Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө зыянын тийгизет", — деген АКШ президенти. Трамп Украинада абал оор экенин айтып, Зеленский элдешүүгө макул болбосо үч жылдан кийин өлкөнү жоготорун белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/18/1093529719_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_006c43f0420c70fb8941e8ef004aaf49.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио