00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Без салютов и петард: почему кыргызстанцев просят отказаться от пиротехники
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кунарсыз жерлерди калыбына келтирүү долбоору — мигранттар үчүн ийгиликтүү боло алабы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуттук академиялык драма театрынын чыгармачылык саясаты жана өнүгүү багыттары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдин эркин экономикалык зонасы. Ири экономикалуу өлкөлөрдү эмнеси менен өзүнө тартат?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Тоолуктардын ден соолугун бөлүп изилдеген институт 70 жыл мурда эле түзүлгөн
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдирди. Ал президенттик шайлоону мындан ары январдын аягында өткөрүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Азыркы мыйзамга ылайык, добуш берүү октябрдын үчүнчү жекшембисинде өтүп келет. Бирок сунуш кабыл алынса кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылы январдын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлмөкчү. Жыйынтыгында комитеттин депутаттары мыйзам долбоорун дароо үч окуудан колдоп беришти.
Tunduk колдонмосунда жаңы кызматтардын тизмеси көбөйдү. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, эми сиз электрондук форматта төмөнкү маалымкаттарды ала аласыз: психиатриялык диспансердик эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат; наркологиялык эсепте тургандыгы/турбагандыгы жөнүндө маалымкат.
Коргоо министрлигинин Баткендеги "Мурас" аскердик бөлүгүндө 450 миң сомдук товар кымырылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат булактары билдирди. Ага ылайык, каражат аскердик бөлүктүн керектөөсүнө багытталган.Бул факт боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык милдетине байланыштуу өзүнө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.Тергөөнүн жыйынтыгы менен бөлүктүн Э.Т.Ж. аттуу командиринин орун басарына айып тагылып, иш сотко өттү.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 14,8 пайызга кыскарды. Бул тууралуу ЕЭКтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, февралга карата уюмга мүчө беш өлкөдө 704,9 миң жумушсуз катталган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 827,5 миң болчу. Ал эми Кыргызстанда жумушсуз катары 48,4 миң адам катталган. Былтыр алардын саны 65,1 миң эле.
АКШнын вице-президенти Жей Вэнс UnHerd интернет-порталына маек куруп жатып Владимир Зеленскийдин АКШга нааразы болуп догурунганын "акылга сыйбаган майнапсыз риторика" деп сындады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Вэнс тирешип жаткан тараптардын стратегиялык кызыл чийини кайдан өтөрүн жакшылап түшүнүү керектигин белгилеген. Эскерте кетсек, жекшемби күнү Владимир Зеленский CBS телеканалына маек куруп жатып Россия менен "ымалалашып жаткан Америкага" нааразы болгон. Анын айтымында, АКШда Киевди колдоо боюнча бирдиктүү позиция жок, мындай жагдай Украинанын кызыкчылыгына доо кетирүүдө. Зеленскийдин интервьюсунан кийин АКШ президенти Дональд Трамп CBS телеканалынан чыккан 60 Minutes программасын сынга алып, каналды лицензиядан ажыратууну кайрадан талап кылган. Америка лидери CBS былтыр да саясий жаңжалдын чордонунда калганын эске салды. Трамптын айтымында, канал 2024-жылы президенттик жарышта атаандашы Камала Харристин маегин эфирге бир топ оңдоп-түзөп чыгарган. CBS бул кинеге жооп кылып, интервьюну толугу менен жарыялоодон баш тартып койгон. Президенттин айтымында, канал адилеттиктен тайды, бул үчүн тийиштүү жазасын алышы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0