00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Народ видит то, чего не видит закон - юрист о смысле суда присяжных и почему его нет в КР
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жаңы талап: эми жетекчилердин ишине эл баа берет
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Сабырбек Жумабеков Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Буга чейин ал Кыргыз медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы жана Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунун директору кызматтарын аркалаган. Сабырбек Жумабеков – травматолог, хирург-ортопед, медицина илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын академиги, Россия Илимдер академиясынын мүчөсү, КРдин илимине эмгек сиңирген дарыгер жана эмгек сиңирген ишмер. Ал 40 миңден ашык операция жасаган, алардын арасында уникалдуулары дагы бар.
Кыргызстандагы ардагерлерди эч ким унутпайт. Бул тууралуу Афган согушунун жана согуштук кагылыштардын ардагерлеринин "Күжүрмөн боордоштук" коомдук кыймылынын Кыргызстандагы башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди. Ал Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери бар экенин эске салды."Мамлекет ардагерлерге жөлөк пул төлөйт. Ыктыярчылар жана коомдук уюмдар белгилүү даталарга белектерди жана азык-түлүк пакеттерин жасашат. Аларды эч ким эч качан унутпайт", — деди Чотбаев. "Өчпөс полк – Кыргызстан" кыймылынын Бишкектеги координатору Зульфира Хайбуллина "Ардагерлер 365" коомдук кайрымдуулук фонду дагы баатырларга жардам берип жатканын билдирди.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков РКӨФ жалпы 3 530 долбоорду каржылап, анын жалпы көлөмү 821 миллион долларды түзгөнүн айтты. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2025-жылы 145 миллион долларга долбоорлорду каржылайт. Анын ичинде ири, чакан жана орто бизнес үчүн колдоо каралган.Маектештин айтымында, быйыл фонд стартаптарды жана венчурдук долбоорлорду каржылоону баштайт.Ошондой эле ал РКӨФ 15 гидроэлектр станциясын курууга акча бөлүп, 2024-жылы үч чакан ГЭС ишке берилсе, быйыл төрт ГЭС пайдаланууга берилерин кошумчалады.
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, меморандумга 14-апрель күнү Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттиктин директору Улан Карыпбеков жана БАЭ премьеринин орун басары — ИИМ башчысы шейх Сейф бин Заед Аль Нахайян кол коюшкан. Документ бир айдын ичинде күчүнө кирери кошумчаланды.
Балыкчы шаарынын кире беришине "Кыргыз дүйнөсү" туристтик комплекси курулат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, курулушту баштоо үчүн экопост алынып, жер тилкелери трансформацияланган. "Комплекс быйыл жыл аягына чейин бүтөт. Негизги бөлүгү Семенов Тянь-Шанскийдин эстелигинин жанында жайгашат" — деп айтылат маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0