https://sputnik.kg/20250414/1093306327.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан ЭКСПО — 2025 көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук павильону ачылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка... 14.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-14T08:59+0600
2025-04-14T08:59+0600
2025-04-14T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0e/1093306195_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1eba1cca7b99d9d53547465abf750cd1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан ЭКСПО — 2025 көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук павильону ачылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, ага Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев, ишкердик жана маданий чөйрөнүн, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.“Эркинбек Осоев ЭКСПО-2025 көргөзмөсүнө катышуу өлкөнүн эл аралык аренадагы ишин илгерилетүү жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи. Улуттук павильон дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын бай маданий мурастары, уникалдуу жаратылышы, экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга багытталган”, — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле 13-октябрга чейин павильондо презентациялар, ишкердик жолугушуулар, маданий иш-чаралар жана интерактивдүү көргөзмөлөр өткөрүлөрү кошумчаланды.
Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту автоматтык түрдө түзүү дагы жеңилдеди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми Салык төлөөчүнүн кабинетинде отчетту автоматтык түрдө түзүү функциясы жеткиликтүү. Төмөнкү кадамдарды аткарыңыз: «Е-отчеттор» бөлүмүнө өтүп → «Отчетторду автоматтык түзүүнүн жөндөөлөрү» бөлүмүн тандаңыз; сервистин иши тууралуу маалымат менен таанышыңыз; «Жаңы макулдашуу» баскычын басыңыз; чылган терезеде "Сатуудан алынуучу салык" бөлүмүн тандаңыз, субъекттин жана отчеттун түрүн көрсөтүңүз; иш жүргүзгөн МСКБнын кодун белгилеп, «Сактоо» баскычын басыңыз. Белгиленгендей, отчет автоматтык түрдө отчеттук мезгилден кийинки айдын 18де ЭСФ маалыматтарынын негизинде түзүлөт. Даяр болгон отчетту "Е-отчетторун" ичиндеги "Электрондук отчеттор журналы" бөлүмүнөн табууга болот.
Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу жыл сайын профилактикалык иштерин жана жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу үчүн өчүрүлүп келет.
Согуш өзүнөн өзү токтойт деген үмүттө Россиянын чыдамкайлыгын баалабай койгонго болбойт. Бул тууралуу Германиянын болочок канцлери Фридрих Мерц Handelsblatt басылмасына билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, тарых орус эли укмуштуудай чыдамкай экенин көрсөткөн. "Согуш кайсы бир учурда өзүнөн өзү токтоп калат деп үмүттөнүүгө болбойт. Анткени бул өлкөдө (Россия — ред.) кандайдыр бир саясий өзгөрүүлөр болоруна кепилдик жок", — деди ал. Буга чейин саясатчы Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү боюнча ойлонбогонун айткан. Ошондой эле ал Украинада тынчтык күчтөрүн жайгаштыруу идеясын колдой турганын кыйыткан. Ошол эле учурда ал согуш аяктаганга чейин Украинаны НАТОго кабыл алууга каршы болгон.
Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан ЭКСПО — 2025 көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук павильону ачылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, ага Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев, ишкердик жана маданий чөйрөнүн, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.“Эркинбек Осоев ЭКСПО-2025 көргөзмөсүнө катышуу өлкөнүн эл аралык аренадагы ишин илгерилетүү жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи. Улуттук павильон дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын бай маданий мурастары, уникалдуу жаратылышы, экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга багытталган”, — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле 13-октябрга чейин павильондо презентациялар, ишкердик жолугушуулар, маданий иш-чаралар жана интерактивдүү көргөзмөлөр өткөрүлөрү кошумчаланды.Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту автоматтык түрдө түзүү дагы жеңилдеди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми Салык төлөөчүнүн кабинетинде отчетту автоматтык түрдө түзүү функциясы жеткиликтүү. Төмөнкү кадамдарды аткарыңыз: «Е-отчеттор» бөлүмүнө өтүп → «Отчетторду автоматтык түзүүнүн жөндөөлөрү» бөлүмүн тандаңыз; сервистин иши тууралуу маалымат менен таанышыңыз; «Жаңы макулдашуу» баскычын басыңыз; чылган терезеде "Сатуудан алынуучу салык" бөлүмүн тандаңыз, субъекттин жана отчеттун түрүн көрсөтүңүз; иш жүргүзгөн МСКБнын кодун белгилеп, «Сактоо» баскычын басыңыз. Белгиленгендей, отчет автоматтык түрдө отчеттук мезгилден кийинки айдын 18де ЭСФ маалыматтарынын негизинде түзүлөт. Даяр болгон отчетту "Е-отчетторун" ичиндеги "Электрондук отчеттор журналы" бөлүмүнөн табууга болот.Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу жыл сайын профилактикалык иштерин жана жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу үчүн өчүрүлүп келет.Согуш өзүнөн өзү токтойт деген үмүттө Россиянын чыдамкайлыгын баалабай койгонго болбойт. Бул тууралуу Германиянын болочок канцлери Фридрих Мерц Handelsblatt басылмасына билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, тарых орус эли укмуштуудай чыдамкай экенин көрсөткөн. "Согуш кайсы бир учурда өзүнөн өзү токтоп калат деп үмүттөнүүгө болбойт. Анткени бул өлкөдө (Россия — ред.) кандайдыр бир саясий өзгөрүүлөр болоруна кепилдик жок", — деди ал. Буга чейин саясатчы Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү боюнча ойлонбогонун айткан. Ошондой эле ал Украинада тынчтык күчтөрүн жайгаштыруу идеясын колдой турганын кыйыткан. Ошол эле учурда ал согуш аяктаганга чейин Украинаны НАТОго кабыл алууга каршы болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/0e/1093306195_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bec0d03a1536395cd6e0d923b67c90a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио