00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири, акыркы жылдары өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушуу учурунда билдирди. “2024-жылы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 340 млн доллар болгон. Эки өлкөнүн өкмөттөрү, биздин мамлекет башчыларынын 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданы 3 млрд долларга жеткирүү максатын эске алып ишке ашыруубуз керек”, - деди Касымалиев.
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө алдамчылыктын жаңы схемалары тууралуу эскертет. Ведомствонун маалыматына ылайык, шылуундар Салык кызматынын жетекчилигинин атынан мессенджерлер аркылуу кайрылып, колдонуучулардын жеке маалыматтарын алууга аракет кылышат. Алар ар кандай манипуляциялык ыкмаларды колдонуп, Салык кызматынын кызматкерлеринин атынан жардам берүүнү сунушташат. Ар кандай алдамчылык схемалары менен болгон байланыш жеке маалыматтарды же акча каражаттарын жоготууга алып келиши мүмкүн. Өзүн Салык кызматынын кызматкери катары тааныштырган адам тарабынан шектүү кайрылуулар болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз.
Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттукташты. Оштогу "Русский дом" борборунун мүчөлөрү ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү Мамасали Жумаев менен Мурза Далиевдин үйлөрүнө барган. Карыяларга Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы медалдары менен белек-бечкек тартууланды.Мурза Далиев быйыл 100 жашка чыгат. Учурда Жалал-Абадда эки ардагер жашайт.
Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан 2031-жылы Азия кубогун биргеликте өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, биргелешкен арыз Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлдү. АФК талабына ылайык, аталган турнирдин ачылыш жана финалдык оюнун өткөрүү үчүн стадионго 50 миңден кем эмес адам батышы керек. Бишкекте курулуп жаткан стадион ачылганда 51 миң күйөрман батат. “Бул коңшу мамлекеттер менен достукту бекемдеп, эл аралык аренада Кыргызстандын кадыр-баркын жаңы деңгээлге чыгарат”, — деди КФБ президенти Камчыбек Ташиев. Мелдешке билдирме берүү жана турнирди кабыл алуу процесси бир нече баскычтан туруп, жыйынтыгы 2026-жылы белгилүү болот. Аталган мелдешти өткөрүү каалоосун азырынча Кувейт, Индонезия жана БАЭ билдирген.
Россия менен АКШ Украина жаңжалын жөнгө салуу үчүн алгач өз ара ишенимди жогорулатууга аракет кылышы керек. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин "Россия 1" телеканалындагы "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору Павел Зарубин менен маектешип жатып айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Президент муну менен бирге Украина боюнча сүйлөшүүлөргө Европанын катышуусу зарыл экенин белгилеген. Ошол эле учурда Путин айрым европалык лидерлер убагында Киевге толгон-токой убада берип койгонуна, эми андан баш тартуу кыйла оор болоруна токтолгон. Өлкө башчы Россия менен Европанын мамилеси тууралуу суроого да жооп берди."Мамилени калыбына келтиребиз дешсе, биз даярбыз. Албетте, Россиядан эч нерсе талап кыла алышпайт", — деди Путин.
Жаңылыктар түрмөгү
0