00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
УКМК Эмгек министрлигинде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Билдирмеге караганда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусу менен координациялык кеңешме өткөрүлдү. Анын алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлгөн. Ошондой эле кеңешмеде өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлганы айтылды. Мындан улам коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертилген.
Көк-Жардагы газ жарылган үйдө жабыркаган 62 жаштагы аял көз жумду. Маалыматты Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков тастыктады. Анын айтымында, аялдын денесинин 60-70 пайызы күйүп, ооруканага оор абалда түшкөн. Бейтап дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эртеси каза болгон. Кырсыктан аялдын 38 жаштагы кызы дагы жабыркаган. Кубатбеков анын бети, колу күйгөнүн, учурда ооруканада дарыланып жатканын кошумчалады. Абалы туруктуу. Эске салсак, кырсык 19-январда болгон. Анда Сейтек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатындагы батирде газ жарылып, кызы менен энеси жабыркаган.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда ири сүт заводу ачылды. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-январда Токтогул районунун Токтогул шаарында сүттү кайра иштетүү зоводунун ачылыш аземи өттү. Ага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары баштаган бийлик өкүлдөрү жана жеке ишкерлер катышты. Муну менен катар маалыматта сүт заводу заманбап жабдуулар менен камсыз болгону айтылат. “Сүт завод заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Эми бул жерде каймак, май, сүт, йогурт, сыр, быштак жана бал муздак продукциялары өндүрүлүп, Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын жашоочуларын аталган азыктар менен камсыздайт”,-деп айтылат маалыматта.
Президент Дональд Трамптын жаңы миграциялык саясатынын алкагында 730 миңден ашуун окуучу АКШдан депортацияланышы мүмкүн экенин The Washington Post гезити жазды. "АКШда 733 миң бала тиешелүү документи жок жашайт", — деп айтылат маалыматта. Басылманын айтымында, эми миграциялык кызматкерлер мектеп, оорукана жана чиркөөлөрдү текшере баштайт. Буга байланыштуу ата-энелер балдарын үйдөн чыгаруудан кооптонуп жатканы айтылды. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары федералдык саясатты жеңилдетчү эрежелерди иштеп чыгууда. Дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болуп келген салтанаттагы сөзүндө Американын аймагына мыйзамсыз кирип жаткандарды тез арада токтотууга жана миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо ишин баштоого убада берген. //// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 77 тыйынга рубль 88 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 26-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө 0...+5 градус жылуу болот. Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2...-7 градусту көрсөтөт. Ал эми борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +7...+9 градус жылуу болору күтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0