https://sputnik.kg/20250123/sadyr-zhaparov-manzherok-sapary-tuuraluu-1091594012.html
Жапаров Алтайдагы "Миң жүрөк" курортуна жасаган сапары боюнча айтып берди
Жапаров Алтайдагы "Миң жүрөк" курортуна жасаган сапары боюнча айтып берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Алтайдын "Миң жүрөк" (Манжерок) курортунда болдум. Ал жакка барганымдын себеби – жөн гана эс алып келүү эмес, лыжа базасынын... 23.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-23T11:40+0600
2025-01-23T11:40+0600
2025-01-23T11:40+0600
алтай крайы
кыргызстан
садыр жапаров
сапар
туризм
манжерок
https://sputnik.kg/img/07e9/01/17/1091591533_0:518:2542:1948_1920x0_80_0_0_1a98e14e8bf8ba84e6f89c315610ed77.jpg
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Алтайдын "Миң жүрөк" (Манжерок) курортунда болдум. Ал жакка барганымдын себеби – жөн гана эс алып келүү эмес, лыжа базасынын курулушун өз көзүм менен көрүп, таанышуу болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабардагы" маегинде билдирди.Айтымында, ал жерде эки күн жүргөн.Ал ошондой эле декабрь айында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди үч кызматкери менен Франциянын белгилүү "Куршевель" лыжа базасына жибергенин айтты."Алардын бардык чыгымдарын демөөрчүлук фондуман төлөтүп, курортту толук изилдеп, маалымат алып, өз көзүңөр менен көрүп келгиле деп жибердим", — деди Жапаров.Өлкө башчы Кыргызстанда дагы "Үч чоку" лыжа базасын куруу пландалып жатканын эске салды."Учурда Кумтөр бүтүндөй мамлекетти багып жаткан болсо, бул курорт экинчи Кумтөр болот. Тамчыдагы аэропорттун айланасында жүрүп жаткан курулуштар үчүнчү Кумтөр болот. Кызыл-Омпол төртүнчү Кумтөр болуп, мамлекетибизге миллиарддаган долларларды берет. Ошондуктан "Үч чоку" курорту башталышы гана", — деди ал.Президент долбоордун инфраструктурасы толугу менен 7-8 жылда бүтөрүн кошумчалады.
https://sputnik.kg/20250118/sadyr-zhaparov-altaj-kurort-1091502854.html
алтай крайы
манжерок
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/17/1091591533_0:140:2542:2047_1920x0_80_0_0_d09ccd5b03c547eb650985291dc259aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
алтай крайы, кыргызстан, садыр жапаров, сапар, туризм, манжерок
алтай крайы, кыргызстан, садыр жапаров, сапар, туризм, манжерок
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Алтайдын "Миң жүрөк" (Манжерок) курортунда болдум. Ал жакка барганымдын себеби – жөн гана эс алып келүү эмес, лыжа базасынын курулушун өз көзүм менен көрүп, таанышуу болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабардагы" маегинде билдирди.
Айтымында, ал жерде эки күн жүргөн.
"Миң жүрөк" курорту — жаңы салынып жаткан эс алуу жайы. Анын жарымы курулуп бүтүп, калганы курулуш стадиясында экен. Мага ал жакта инфратүзүм, тейлөө жагын жолго коюу, конок үйлөрүн куруу жана жайгаштыруу өңдүү маселелерди жеринде көрүү маанилүү болчу. Азыр эми башкы архитекторду баш кылып, курулушчуларды төш кылып Алтайга жөнөтүп жатам. Барып өз көздөрү менен көрүп келишсин. Биз ири долбоорду ишке киргизгенге чейин дүйнөлүк тажрыйбаны толук иликтейли, алардын кемчилиги болсо, анда биз долбоорду ишке ашырууда ошол кемчиликтерди кетирбейли, артыкчылыктарын өзүбүздүн долбоорго кошолу деп жатабыз", — деди президент.
Ал ошондой эле декабрь айында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди үч кызматкери менен Франциянын белгилүү "Куршевель" лыжа базасына жибергенин айтты.
"Алардын бардык чыгымдарын демөөрчүлук фондуман төлөтүп, курортту толук изилдеп, маалымат алып, өз көзүңөр менен көрүп келгиле деп жибердим", — деди Жапаров.
Өлкө башчы Кыргызстанда дагы "Үч чоку" лыжа базасын куруу пландалып жатканын эске салды.
"Учурда Кумтөр бүтүндөй мамлекетти багып жаткан болсо, бул курорт экинчи Кумтөр болот. Тамчыдагы аэропорттун айланасында жүрүп жаткан курулуштар үчүнчү Кумтөр болот. Кызыл-Омпол төртүнчү Кумтөр болуп, мамлекетибизге миллиарддаган долларларды берет. Ошондуктан "Үч чоку" курорту башталышы гана", — деди ал.
Президент долбоордун инфраструктурасы толугу менен 7-8 жылда бүтөрүн кошумчалады.