00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Банктардын мобилдик тиркемелериндеги мүчүлүштүктөр үчүн кардарларга кенемте төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Эгембердиев билдирди. Ал мындайда дүкөндөрдө QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү мүмкүн болбой калып, товарларды кайра текчеге коюуга туура келерин белгиледи. Эгембердиев банктар мүчүлүштүктөр үчүн кандай жоопкерчилик тартарын сураганда Улуттук банктын төрагасынын орун басары банктарга уставдык капиталынын 10 пайызына чейин айып пул салынарын билдирди. "Анан бул кардарларга кандай пайда алып келет? Себеби мүчүлүштүктөр мамлекетке эмес, жарандарга ыңгайсыздык жаратат. Мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кардарлар жабыркаган учурда банктар компенсация төлөшү керектигин карап чыгуу зарыл. Мисалы, 10 мүчүлүштүк болсо, бир жыл акысыз тейлешсин же миң сом компенсация төлөшсүн", — деди депутат.
Эдил Байсалов Монголиянын биринчи президенти Пунсалмаагийн Очирбаттын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Монголиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, 2025-жылдын 17-январында 82 жашында дүйнөдөн кайткан Монголиянын биринчи президенти Пунсалмаагийн Очирбаттын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Монголия элине, ошондой эле Пунсалмаагийн Очирбаттын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Президент Очирбат көрүнүктүү мамлекеттик ишмер гана болбостон, Кыргызстандын жакын досу да болгон. Анын биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын баалабай коюуга болбойт. Анын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат”, - деп жазуу калтырды Байсалов.
Камчы Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алууну көздөгөн 37 жаштагы “Өгүз” каймана аттуу киши кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, шектүү социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу Көлбаев үчүн өч алуу ниетинде массалык башаламандыкка чакырган постторду байма-бай жарыялаганы аныкталган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси менен иш козголуп, шектүү абакка киргизилген. Учурда кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. “Өгүз” буга чейин адам уурдоого, баңгизатты мыйзамсыз даярдоого айыпталып соттолгон.
2025-жылы дүйнөдөгү абал тынчыйт деп айтууга болбойт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, көп нерсе регионалдык жана глобалдык оюнчулардын акыл-эси менен сабырынан көз каранды болот. Нарышкин ушу тапта бир полюстуу дүйнөдөн "жаңы, адилеттүү дүйнө тартибине өтүү" процесси жүрүп жатканын белгилеген. Декабрда Нарышкин АКШ менен Европанын өз ара ыйкы-тыйкысы көп болорун, көнгөн адаты боюнча алар мунун баарынан "Моксванын изин" көрө берерин божомолдогон. Көп полюстуу дүйнөнүн келечегине баа берип жатып, Нарышкин анда башкалар менен укугу теңдештирилген АКШ да, Европа да болушу керектигин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0