00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Алтайдын "Миң жүрөк" курортунда болдум. Ал жакка барганымдын себеби – жөн гана эс алып келүү эмес, лыжа базасынын курулушун өз көзүм менен көрүп, таанышуу болду деди президент Садыр Жапаров "Кабарга" берген маегинде. Айтымында, ал жерде эки күн жүргөн. "Мага ал жакта инфратүзүм, тейлөө жагын жолго коюу, конок үйлөрүн куруу жана жайгаштыруу сындуу нерселерди жеринен көрүү маанилүү болчу. Азыр эми башкы архитекторду баш кылып, курулушчуларды төш кылып Алтайга жөнөтүп жатам. Барып өз көздөрү менен көрүп келишсин. Биз ири долбоорду ишке киргизгенге чейин дүйнөлүк тажрыйбаны толук иликтейли, алардын кемчилиги болсо, анда биз долбоорду ишке ашырууда ошол кемчиликтерди кетирбейли, артыкчылыктарын өзүбүздүн долбоорго кошолу деп жатабыз", — деди президент. Өлкө башчы Кыргызстанда дагы "Үч чоку" лыжа базасын куруу пландалып жатканын эске салды.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында катуу шамал болуп, эки киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, эртен менен батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге жеткен."Шамалдын кесепетинен Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатыры учуп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезеси сынган. Натыйжада 33 жаштагы аял жана эки жаштагы бала жабыркаган. Учурда алардын абалы туруктуу, дарыгерлердин кароосунда", — деп айтылат маалыматта.
Түркиянын Анталья шаарында кыргызстандык аялды жолдошу катуу сабап салган. Жабырлануучунун сүрөттөрүн соцтармакка коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жарыялады. Анын айтымында, күйөөсү аялына бычак менен кол салып, баласын алып койгон. Ал эми Тышкы иштер министрлиги Түркиянын укук коргоо органдары менен сүйлөшүп, баланы апасына өткөрүп беришкенин кабарлады. Ага чейин бөбөк жолдошунун ата-энесинде болчу. Полиция шектүүнү кармап, учурда кылмыш козгоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды. Министрлик ишти көзөмөлдөп турарын, Антальядагы Башкы консулдуктун кызматкерлери адвокаттар менен байланышып жабырлануучуга юридикалык кеңештерди берип жатканын белгиледи.
АКШнын президенти Дональд Трамп Россияга зыян келтиргиси келбегенин, бирок Москва атайын операциясын токтотпосо жаңы санкциялар жана бажы төлөмдөрү киргизилерин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Мен Россияга зыян келтиргим келбейт. Мен орус элин жакшы көрөм жана президент Путин менен ар дайым жакшы мамиледе болчумун", — деп жазды Трамп. Ал Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырып, анын узакка созулушу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Маселени "жеңил же оор жол" менен чечүүгө болорун айтып, жеңил жагына дайыма артыкчылык берилерин билдирди. "Эгерде келишимге жете албасак, Россиянын товарларына жогорку деңгээлдеги салыктарды, бажы төлөмдөрүн жана санкцияларды киргизүүдөн башка арга жок калат", — деп кошумчалады Трамп. Буга чейин Трамп ал президент болуп турса Украинадагы кагылыш башталбастыгын, бирок кайра президент болуп келсе маселени 24 сааттын ичинде чечүүгө ниеттенгенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0