https://sputnik.kg/20250116/eb-rossiyaga-karshy-sankciyalardy-oorlotuuga-karshy-boluuda-1091454770.html
Украина элчиси: ЕБ өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды оорлотууга каршы болууда
Украина элчиси: ЕБ өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды оорлотууга каршы болууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Украинанын Евробиримдиктеги элчиси Всеволод Ченцов союздун айрым өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды, айрыкча металлургия өнөр... 16.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-16T15:11+0600
2025-01-16T15:11+0600
2025-01-16T15:11+0600
дүйнөдө
россия
европа
украина
атайын операция
санкциялар
экономика
https://sputnik.kg/img/07e9/01/10/1091455074_0:228:3072:1956_1920x0_80_0_0_f39ad672bd5d55ee136458b83fd52340.jpg
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Украинанын Евробиримдиктеги элчиси Всеволод Ченцов союздун айрым өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды, айрыкча металлургия өнөр жайындагы чектөөлөрдү катаалдатууга каршы болуп жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Ченцов россиялык компаниялар европа рыногундагы үлүшүн көбөйтүп жатканына нааразы болду."Колдогу маалыматтарга караганда, минералдык жер семирткич өндүрүү багытында эле инвестиция төрт эсе көбөйгөн. Рыноктун шартына оңой ыңгайлашып, продукциянын сапатын жогорулатып жатышат", — деген дипломат.Эскерте кетсек, Россия санкциялык кысымга туруштук бере аларын дайым айтып келген. РФ президенти Владимир Путин Россияны алсыратып ооздуктоо саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку болгонун билдирген эле. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон кишинин жашоо-турмушун начарлатуу. Мындан тышкары, Батыш мамлекеттеринин өзүндө да санкциялардын майнапсыздыгы тууралуу көп айтылган.
https://sputnik.kg/20250116/ukrainaga-2022-zhyldagy-chekterin-kaytaruu-ideyasy-zharamsyz-deshti-1091448635.html
европа
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/10/1091455074_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_023d346b872e6683473798cc856fad22.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, европа, украина, атайын операция, санкциялар, экономика
дүйнөдө, россия, европа, украина, атайын операция, санкциялар, экономика
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Украинанын Евробиримдиктеги элчиси Всеволод Ченцов союздун айрым өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды, айрыкча металлургия өнөр жайындагы чектөөлөрдү катаалдатууга каршы болуп жатканын айтты. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Алар (ЕБдин айрым өлкөлөрү — ред.) 2028-жылга чейин металлургия комплексинин айрым продукциялары үчүн санкциялык режимди киргизбей коюуга жетишишти. Биз бул мөөнөттү жана Россия Федерациясы экспорттой ала турган продукциянын көлөмүн кыскартууга болгон аракетибизди көрүп жатабыз", — деген элчи.
Ченцов россиялык компаниялар европа рыногундагы үлүшүн көбөйтүп жатканына нааразы болду.
"Колдогу маалыматтарга караганда, минералдык жер семирткич өндүрүү багытында эле инвестиция төрт эсе көбөйгөн. Рыноктун шартына оңой ыңгайлашып, продукциянын сапатын жогорулатып жатышат", — деген дипломат.
Эскерте кетсек, Россия санкциялык кысымга туруштук бере аларын дайым айтып келген. РФ президенти Владимир Путин Россияны алсыратып ооздуктоо саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку болгонун билдирген эле. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон кишинин жашоо-турмушун начарлатуу. Мындан тышкары, Батыш мамлекеттеринин өзүндө да санкциялардын майнапсыздыгы тууралуу көп айтылган.