00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Германияда "Түндүк агымды" калыбына келтирүү маселеси көтөрүлө баштады

© AP Photo / Swedish Coast Guard Түндүк агым-2де" болгон жарылуу. Архив
Түндүк агым-2де  болгон жарылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Немецтик федералдык Саксон аймагынын премьер-министри Михаэль Кречмер "Түндүк агым" газ түтүгүн калыбына келтирүүгө чакырык таштады. Бул туурасында РИА Новости Berliner Zeitun басылмасына таянып жазды.
"Түндүк агым" маселеси чечилиши керек. Буга чейин Россиядан көз каранды эместигибизди айтып келгенбиз. Бирок эми жаңы көз карандылыкта калдык. Бул жарым-жартылай "Түндүк агым-1" газ түтүгүнө болгон чабуулдун жана бизди кыйнаган отундун баасынын кесепетинен болду", — деген ал.
Саясатчы Батыштын санкциялык саясатын сынга алып, жоопкерчиликти "Жашылдарга" жана Германиянын экономика министри Роберт Хабекке жүктөдү.
"Мунун баарына, мисалы, имараттарды энергетика менен камсыздоодо, Россияга каршы санкция киргизүүдө, фермерлердин нааразылыгын чечүү боюнча жасалган мамилеге, компаниялардын өлкөдөн чыгып кетип, немец өнөр жайында он миңдеген жумушчу орундарынын кыскарып кетишине "Жашылдар" менен экономика министрин күнөөлөш керек", — деп түшүндүргөн Кречмер.
Анын айтымында, өлкөнү башкаруудагы башкы ката отундун кымбаттап кетиши, климатты коргоо жана экономикадагы мамлекеттик жөнгө салуу болду.
Россиядан Европага газ ташылган "Түндүк агым" жана "Түндүк агым-2де" 2022-жылдын 26-сентябрында жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган иш экенинен шек санаган эмес. Россиянын Башкы прокуратурасы эл аралык террордук акт боюнча ишти демилгелеген. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Москва "Түндүк агымдын" жардыруулары боюнча маалыматты бир нече ирет сурап, бирок бир да жолу жооп албаганын айткан.
2023-жылдын мартында Батыштын ЖМКларында диверсияны "Украинага ыктаган топ" жасаганы айтыла баштаган.
Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш 8-февраль күнү Европага газ экспорттогон россиялык газ түтүктөрүндөгү теракт боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Өз маалымат булагына таянуу менен ал жардыруучу түзүлүштөрдү магистралдын алдына 2022-жылдын июнь айында Baltops машыгуусуна жамынып, АКШнын Деңиздеги аскер күчтөрүнүн суучулдары орнотконун жазган. Херштин айтымында, аларга норвегиялык адистер көмөктөшкөн. Журналист операция боюнча чечимди АКШ президенти Жозеф Байден тогуз айлык талкуудан кийин кабыл алганын белгилеген эле.
Кийинчерээк Пентагон АКШнын газ куурларды жардырууга эч кандай тиешеси жок деген билдирүү тараткан.
Газ кууру - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2025
Лавров: АКШнын "Түрк агымын" иштен чыгаруу ниети бар
Жаңылыктар түрмөгү
0