https://sputnik.kg/20250108/pentagon-ukrainaga-2027-zhylga-cheyin-berchu-zhardamyn-achyktady-1091290146.html
Пентагон Украина армиясына 2027-жылга чейин берчү жардамынын планын жар салды
Пентагон Украина армиясына 2027-жылга чейин берчү жардамынын планын жар салды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Киев бийлигине колдоо көрсөтүү боюнча иштеген топ 9-январда болчу жолугушуусунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 2027-жылга чейинки... 08.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-08T10:03+0600
2025-01-08T10:03+0600
2025-01-08T10:03+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
россия
украина
пентагон
курал-жарак
https://sputnik.kg/img/07e9/01/08/1091289226_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_99da1520d347d7cae37c0bea4ef2c866.jpg
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Киев бийлигине колдоо көрсөтүү боюнча иштеген топ 9-январда болчу жолугушуусунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 2027-жылга чейинки чыгымдарын бекитет. Бул туурасында Пентагон маалымдагандыгын РИА Новости жазды.Вашингтон бул документтер Киевдин донорлор тарабынан колдоо алышын пландаганга мүмкүнчүлүк берет деп турат.Пентагондон бул байланыш тобу шаршемби күнү АКШнын коргонуу министри Ллойд Остин үчүн соңку иш-чара болгон жолугушууну өткөрөрүн кошумчалашты. Муну менен катар эле америкалык аскердик бул мекемеден АКШда бийлик алмашып, Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенден кийин деле бул жааттагы иштердин улана беришине үмүт артканын айтышты.Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка курал-жарак берип эле катышпастан, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында аскердик кадрларды даярдап берип да көмөктөшүүдө.
https://sputnik.kg/20250107/evropa-rossiya-menen-akshdan-kooptonup-zhatat-1091279265.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/08/1091289226_86:0:2817:2048_1920x0_80_0_0_34f3dd62aab8dca1727a764ed7756e8a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, россия, украина, пентагон, курал-жарак
дүйнөдө, акш, россия, украина, пентагон, курал-жарак
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Киев бийлигине колдоо көрсөтүү боюнча иштеген топ 9-январда болчу жолугушуусунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 2027-жылга чейинки чыгымдарын бекитет. Бул туурасында Пентагон маалымдагандыгын
РИА Новости жазды.
"Коалициянын лидерлери Украинанын аба күчтөрү, сооттолгон техникалар, артиллерия, минадан тазалоо, пилотсуз учактар, абадан жана ракетадан урулган чабуулдан коргонуу боюнча бириктирилген чаралар, маалымат технологиялары жана деңиз коопсуздугу жаатындагы муктаждыктарын, максаттарын аныктаган жол карталарын 2027-жылга чейин бекитиши керек", — деп айтылган ведомствонун документинде.
Вашингтон бул документтер Киевдин донорлор тарабынан колдоо алышын пландаганга мүмкүнчүлүк берет деп турат.
Пентагондон бул байланыш тобу шаршемби күнү АКШнын коргонуу министри Ллойд Остин үчүн соңку иш-чара болгон жолугушууну өткөрөрүн кошумчалашты. Муну менен катар эле америкалык аскердик бул мекемеден АКШда бийлик алмашып, Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенден кийин деле бул жааттагы иштердин улана беришине үмүт артканын айтышты.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка курал-жарак берип эле катышпастан, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында аскердик кадрларды даярдап берип да көмөктөшүүдө.