00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖМК: Европа Россия менен АКШдан кооптонуп жатат

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүү РФ менен АКШнын желектери
  РФ менен АКШнын желектери    - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Британиянын Financial Times гезити болочок президент Дональд Трамптын жетекчилиги астындагы АКШ менен Россия Европанын коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирерин жазды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Макалада 2025-жылы Европадагы "коопсуздук кризиси" эки нерседен улам жаралары айтылат: Россиянын европалык өлкөлөргө жараткан коркунучу жана "Дональд Трамптын кол астындагы Американын күчөп бараткан кайдыгерлиги".
"Европа өлкөлөрү бул кооптуу геосаясий комбинацияга тез арада өз коргонуусун куруу менен жооп бериши керек", — деп айтылат макалада.
Гезит эгер Трамп НАТОну каржылоону кыскартууну чечсе, альянстын коргонуу бюджетиндеги жетишсиздиктин ордун толтуруу үчүн европалык өлкөлөр чыгашаны болжолдонгон ИДПнын 3 пайызынын ордуна 4,5 пайызга чейин көбөйтүшү керектигин жазды.
Анда ошондой эле Европанын алдыңкы экономикасы болгон Германия коңшу өлкөлөрдүн кооптонуусуна карабай коргонуу чыгымдарын көбөйтүүсү керектиги айтылат.
"Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан 80 жыл өткөндөн кийин да Берлиндин кээ бир коңшулары, өзгөчө Польша менен Франция Германиянын кайра куралдануусуна тынчсызданышат, бирок алар өздөрүнүн коопсуздугун ойлоп муну кабыл алышы керек", — дейт макаланын автору.
Трамп НАТОнун ишине бир нече жолу нааразылыгын билдирип, эгер европалык өнөктөштөр өзүнүн коопсуздугу үчүн каржы жоопкерчилигин өзүнө албаса АКШ уюмдан чыгарын айткан. Батыш ЖМКларынын айтымында, жаңы шайланган президент альянска мүчө өлкөлөрдөн коргонууга ИДПнын 3 пайызына чейин коротууну талап кылат.
Соңку маалда Батышта НАТО менен Россиянын ортосунда куралдуу согуш тууралуу ойлор көбүрөөк айтылууда. Путин Россия 30 жыл бою НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери боюнча эпке келүүгө аракет кылганын, бирок алданып, кысымга учураганын, ал арада альянс Москванын каршылыгына карабай кеңейип, Россиянын чегине жакындап жатканын белгилеген.
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн чырга түз аралаштырып жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жеткирип эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италияда аскер кадрларын даярдап да жаңжалга түз аралашып жатканын билдирген.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2025
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо кызматтан кетерин жар салды
Жаңылыктар түрмөгү
0