https://sputnik.kg/20241220/nurlanbek-shakiyev-kurultay-ministrlik-1090960543.html
ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы жылда жаңы министрлик түзүлөрүн айтты
ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы жылда жаңы министрлик түзүлөрүн айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы жылда Билим берүү министрлиги экиге бөлүнүп, Жогорку билим жана илим министрлиги менен Агартуу министрлиги... 20.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-20T12:48+0600
2024-12-20T12:48+0600
2024-12-20T13:12+0600
кыргызстан
нурланбек шакиев
жогорку кеңеш
элдик курултай
министрлик
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/05/1089999991_162:0:3803:2048_1920x0_80_0_0_7dd13a783af09ea4e91ecbbedc1d0c8e.jpg
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы жылда Билим берүү министрлиги экиге бөлүнүп, Жогорку билим жана илим министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлөт. Бул тууралуу ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн Элдик курултайда билдирди.Анын айтымында, министрликти бөлүү демилгесин президент Садыр Жапаров колдоп берген.Ошондой эле ал өлкөнү жашылдандыруу иштери натыйжасыз болуп жатканын белгилеп, Токой кызматы менен Экологияны өзүнчө структура кылып түзүү керектигин кошумчалады.Белгилей кетсек, 20-21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасы баштаган өкмөт мүчөлөрү жана башка уюмдардын жетекчилери катышууда. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 100дөн ашык ЖМК аккредитациядан өткөн.Курултай — жалпы элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, багытын аныктай турган институционалдык жыйын. Ал боюнча норма Баш мыйзамга киргизилип, тиешелүү мыйзам кабыл алынган. Байыртадан кыргыз эли маанилүү чечимдерди курултай аркылуу чечип келгени айтылат.
https://sputnik.kg/20241219/sadyr-zhaparov-ilimder-akademiyasy-1090942450.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/05/1089999991_617:0:3348:2048_1920x0_80_0_0_0856c54bd038eaadb6b7dc52f39e013a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, нурланбек шакиев, жогорку кеңеш, элдик курултай, министрлик
кыргызстан, нурланбек шакиев, жогорку кеңеш, элдик курултай, министрлик
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы жылда Билим берүү министрлиги экиге бөлүнүп, Жогорку билим жана илим министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлөт. Бул тууралуу ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн Элдик курултайда билдирди.
Анын айтымында, министрликти бөлүү демилгесин президент Садыр Жапаров колдоп берген.
"Билим берүү илим министрлиги аябай чоң тармак. Министр бир эле учурда мектепке чейинки билим, мектеп, лицейлер, жогорку окуу жайлар өңдүү 8-9 багытты алып барат. Бул министрликке эки баштуу министр алып келсек дагы ал ишти алып кете албай жатат. Ошондуктан парламентте дагы айттым, министрликти бөлүш керек. Мектепке чейинки жана мектеп билими өзүнчө — Агартуу министрлиги, ал эми Жогорку билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлүшү керек. Билим сапаттуу болмоюн, сапаттуу келечек болбойт. Ушул демилгени президентибиз кубаттап, кечээ сүйлөштүк, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат. Жогорку билим жана илим министрлиги менен Агартуу министрлиги", — деди төрага.
Ошондой эле ал өлкөнү жашылдандыруу иштери натыйжасыз болуп жатканын белгилеп, Токой кызматы менен Экологияны өзүнчө структура кылып түзүү керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 20-21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасы баштаган өкмөт мүчөлөрү жана башка уюмдардын жетекчилери катышууда. Иш-чараны чагылдыруу үчүн
100дөн ашык ЖМК аккредитациядан өткөн.
Курултай — жалпы элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, багытын аныктай турган институционалдык жыйын. Ал боюнча норма Баш мыйзамга киргизилип, тиешелүү мыйзам кабыл алынган. Байыртадан кыргыз эли маанилүү чечимдерди курултай аркылуу чечип келгени айтылат.