https://sputnik.kg/20241210/aksh-bardyk-fronttordo-pozitsiyasyn-zhogotuuda-1090720611.html
Нарышкин: АКШ бардык фронттордо позициясын жоготууда
Нарышкин: АКШ бардык фронттордо позициясын жоготууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШ бардык фронттордо позициясын жоготууда, ал эми Вашингтондун иши постсоветтик аймактарда жүрбөй калды. Бул туурасында РФтин Тышкы... 10.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-10T17:03+0600
2024-12-10T17:03+0600
2024-12-10T17:03+0600
дүйнөдө
россия
акш
улуу британия
грузия
молдова
сергей нарышкин
чалгын
геосаясат
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0a/1090718647_0:0:3305:1859_1920x0_80_0_0_011e28fdecd267f7e5ce580eddd5c5a4.jpg
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШ бардык фронттордо позициясын жоготууда, ал эми Вашингтондун иши постсоветтик аймактарда жүрбөй калды. Бул туурасында РФтин Тышкы чалгын кызматынан директору Сергей Нарышкин "Разведчик" журналына интервью берип жатканда айтканнын РИА Новости жазды. Ал Грузия менен Молдованы эске салган. "Жакында эле галстугун тиштегилеп кол жоолук болгон (Михаил) Саакашвилини, Грузияны карасаңар. Башкаруучу партия болгон "Грузин кыялынын" жеңишине тоскоол болууга батышчылардын күчү жеткен жок. Батышка бет алуунун арты жакшылык менен бүтпөсүн түшүнгөн Грузия бийлиги өзүнүн кызыкчылыгы үчүн чечкиндүү кадам жасап, таңууланган алардын күн тартибинен акыл-эстүүлүк менен баш тартууда. (Мая) Сандунун режими Молдовада шайлоодо керектүү делген жыйынтыгына араң жетип, де-факто алганда молдован коомуна терең жик салды", — деп кошумчалады Тышкы чалгын кызматынын директору. Нарышкиндин айтымында, Азербайжан менен Армения маселелерин өз алдынча чечүү үчүн АКШ, ЕБдин тынчтык жана абалды жөнгө салуу боюнча айткандарына анча кулак салбай келе жатат. Нарышкин Вашингтондун дүйнөдөгү бедели улам барган сайын түшүп баратканын белгиледи. Чалгын кызматынын директору дагы бир маанилүү багыт туурасында сөз кылды. Тагыраагы, АКШ жана Улуу Британиянын атайын кызматтарынын чабуулу үчүн постсоветтик мейкиндик артыкчылыктуу багыт болуп тургандыгын айтты. "Колдогу маалыматтарды анализдөөдөн кийин постсоветтик мейкиндик америкалык жана англиялык атайын кызматтар үчүн артыкчылыктуу багыт болуп турганы айкын болуп турат. Батыш биздин өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана саясий алаканы эле токтотпостон, тереңге кеткен тарыхый жана гуманитардык байланышты да жокко чыгарсам дейт. Англосакстардын "Евразияга ким ээлик кылса, ал дүйнөнү башкарат" деген түшүнүгү бар. "Башкаруу" дегенди алар "бөлүп-жаруу", "кымгуут түшүрүү" деп кабылдап, андан соң "коопсуздук кепилдиги" боло калганды жакшы көрүшөт. Мунун баары кандай болорун Украинанын мисалында көрүп жатабыз", — деген ал.
https://sputnik.kg/20241126/putin-kmshdagy-kyrdaaldy-kurchutuuga-zhol-berbg-chakyrdy-1090423564.html
акш
улуу британия
грузия
молдова
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0a/1090718647_0:0:2729:2047_1920x0_80_0_0_9567afea7ec22d49b57e304018220ed0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, улуу британия, грузия, молдова, сергей нарышкин, чалгын, геосаясат
дүйнөдө, россия, акш, улуу британия, грузия, молдова, сергей нарышкин, чалгын, геосаясат
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШ бардык фронттордо позициясын жоготууда, ал эми Вашингтондун иши постсоветтик аймактарда жүрбөй калды. Бул туурасында РФтин Тышкы чалгын кызматынан директору Сергей Нарышкин "Разведчик" журналына интервью берип жатканда айтканнын
РИА Новости жазды.
"Американын Украина "оорусу" Вашингтондун глобалдуу финансылык жана саясий-аскердик системасына терс таасирин тийгизип жатат. АКШ бардык фронттордо — Жакынкы Чыгыштан тарта Азия, Африкага чейин демилгелеринен кол жууп жатат. Ал эми учурда мурдагы советтик өлкөлөрдө иштери такыр эле тетиринен кетти", — деген Нарышкин.
Ал Грузия менен Молдованы эске салган.
"Жакында эле галстугун тиштегилеп кол жоолук болгон (Михаил) Саакашвилини, Грузияны карасаңар. Башкаруучу партия болгон "Грузин кыялынын" жеңишине тоскоол болууга батышчылардын күчү жеткен жок. Батышка бет алуунун арты жакшылык менен бүтпөсүн түшүнгөн Грузия бийлиги өзүнүн кызыкчылыгы үчүн чечкиндүү кадам жасап, таңууланган алардын күн тартибинен акыл-эстүүлүк менен баш тартууда. (Мая) Сандунун режими Молдовада шайлоодо керектүү делген жыйынтыгына араң жетип, де-факто алганда молдован коомуна терең жик салды", — деп кошумчалады Тышкы чалгын кызматынын директору.
Нарышкиндин айтымында, Азербайжан менен Армения маселелерин өз алдынча чечүү үчүн АКШ, ЕБдин тынчтык жана абалды жөнгө салуу боюнча айткандарына анча кулак салбай келе жатат.
Нарышкин Вашингтондун дүйнөдөгү бедели улам барган сайын түшүп баратканын белгиледи.
"Ал тургай америкалыктардын союздаштары Ак үйдүн пикирине улам сейрек кылчайып, өздөрүнө саясат менен экономиканын мүмкүн болуучу чектерин кеңейтүүгө умтулуп келе жатышат. АКШнын Азия, Африка, Латын Америкасындагы биз менен байланышта болгон канчалаган өнөктөштөрү Украина менен кармашта жарым жолго токтоп калбашыбызды суранып жаткандыктарын сиздер элестете да албайсыздар", — деген Нарышкин.
Чалгын кызматынын директору дагы
бир маанилүү багыт туурасында сөз кылды. Тагыраагы, АКШ жана Улуу Британиянын атайын кызматтарынын чабуулу үчүн постсоветтик мейкиндик артыкчылыктуу багыт болуп тургандыгын айтты.
"Колдогу маалыматтарды анализдөөдөн кийин постсоветтик мейкиндик америкалык жана англиялык атайын кызматтар үчүн артыкчылыктуу багыт болуп турганы айкын болуп турат. Батыш биздин өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана саясий алаканы эле токтотпостон, тереңге кеткен тарыхый жана гуманитардык байланышты да жокко чыгарсам дейт. Англосакстардын "Евразияга ким ээлик кылса, ал дүйнөнү башкарат" деген түшүнүгү бар. "Башкаруу" дегенди алар "бөлүп-жаруу", "кымгуут түшүрүү" деп кабылдап, андан соң "коопсуздук кепилдиги" боло калганды жакшы көрүшөт. Мунун баары кандай болорун Украинанын мисалында көрүп жатабыз", — деген ал.
26 Жетинин айы 2024, 15:06