https://sputnik.kg/20241124/rossiya-migratsiya-miyzam-1090374856.html
Мигранттарга документ жасалмалагандар ири айыпка жыгылат. Путин мыйзамга кол койду
Мигранттарга документ жасалмалагандар ири айыпка жыгылат. Путин мыйзамга кол койду
Sputnik Кыргызстан
Демилгени РФ өкмөтү, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана Тергөө комитети колдоду. 24.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-24T11:07+0600
2024-11-24T11:07+0600
2024-11-25T12:17+0600
дүйнөдө
россия
миграция
мыйзам
айып пул
документ
жасалма
владимир путин
https://sputnik.kg/img/07e6/02/1b/1062427528_0:109:3166:1890_1920x0_80_0_0_dd371ce5c61d73957578b707b832123a.jpg
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мыйзамсыз миграция уюштуруу үчүн жасалма документ даярдагандарга 60 миллион рублге чейин айып пул салуу боюнча мыйзамга кол койду. Тиешелүү документ укуктук актыларды жарыялоонун расмий сайтына чыкканын РИА Новости жазды. Мыйзамды Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин, Мамдуманын миграция саясаты боюнча комиссиясынын жетекчиси, вице-спикер Ирина Яровая, парламенттик фракциялардын бардык лидерлери жана депутаттар көтөрүп чыккан. Демилгени РФ өкмөтү, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана Тергөө комитети колдоду.Эрежени сактабагандар мүлкүн конфискациялоо менен беш миллион рублден он миллион рублге чейин айыпка жыгылат, бул жорук кайталанса айып пул 10 миллиондон 60 миллион рублге чейин көтөрүлөт.Ошондой эле мигранттарга иштөөгө укук берүүчү документти жасалмалоого, тагыраагы, штамп, мөөр басуу, бланк толтуруу, аны сатууга 40 миңден 80 миң рублге чейин, кайталанса 100 миңден 200 миң рублге чейин айып пул салынары белгиленген. Мындан тышкары, орус тили боюнча сынактан өткөрүүчү мамлекеттик мекемелердин жоопкерчилиги да каралган.Буга чейин Володин ТИМдин маалыматына таянып 2024-жылдын сегиз айында мигранттарга 4,6 миң жасалма документ даярдалганын, бул 2023-жылга салыштырмалуу 16,5 пайызга көп экенин билдирген. Анын айтымында, мыйзамсыз миграция менен күрөшүү үчүн укуктук механизмдерди иштеп чыгуу керек.Яровая кызматкерлери документти жасалмалаган юридикалык жактарга айып пул 200 эсе көбөйтүлгөнүн айткан. Ал бул мыйзам менен юридикалык жактарга биринчи жолу административдик жоопкерчилик да жүктөлөрүн айткан.
https://sputnik.kg/20240721/rossiya-migrant-kattoo-bastrykin-1087200672.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/1b/1062427528_346:0:3077:2048_1920x0_80_0_0_9bb398913060b25f4db89a52dc9e01b4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, миграция, мыйзам, айып пул, документ, жасалма, владимир путин
дүйнөдө, россия, миграция, мыйзам, айып пул, документ, жасалма, владимир путин
Мигранттарга документ жасалмалагандар ири айыпка жыгылат. Путин мыйзамга кол койду
11:07 24.11.2024 (Жаңыртылды: 12:17 25.11.2024) Демилгени РФ өкмөтү, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана Тергөө комитети колдоду.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мыйзамсыз миграция уюштуруу үчүн жасалма документ даярдагандарга 60 миллион рублге чейин айып пул салуу боюнча мыйзамга кол койду. Тиешелүү документ укуктук актыларды жарыялоонун расмий сайтына чыкканын
РИА Новости жазды.
Мыйзамды Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин, Мамдуманын миграция саясаты боюнча комиссиясынын жетекчиси, вице-спикер Ирина Яровая, парламенттик фракциялардын бардык лидерлери жана депутаттар көтөрүп чыккан. Демилгени РФ өкмөтү, Жогорку сот, Башкы прокуратура жана Тергөө комитети колдоду.
"Мыйзамда юридикалык жактарга мыйзамсыз миграцияны уюштурууга жасалма документ даярдагандыгы, мындан тышкары, РФке кирүү эрежелерин, миграциялык каттоонун эрежелерин бузгандыгы, мыйзамсыз иштөө жана башка нерселер үчүн жазаны күчөтүү каралган", — деп айтылат маалыматта.
Эрежени сактабагандар мүлкүн конфискациялоо менен беш миллион рублден он миллион рублге чейин айыпка жыгылат, бул жорук кайталанса айып пул 10 миллиондон 60 миллион рублге чейин көтөрүлөт.
Ошондой эле мигранттарга иштөөгө укук берүүчү документти жасалмалоого, тагыраагы, штамп, мөөр басуу, бланк толтуруу, аны сатууга 40 миңден 80 миң рублге чейин, кайталанса 100 миңден 200 миң рублге чейин айып пул салынары белгиленген. Мындан тышкары, орус тили боюнча сынактан өткөрүүчү мамлекеттик мекемелердин жоопкерчилиги да каралган.
Буга чейин Володин ТИМдин маалыматына таянып 2024-жылдын сегиз айында мигранттарга 4,6 миң жасалма документ даярдалганын, бул 2023-жылга салыштырмалуу 16,5 пайызга көп экенин билдирген. Анын айтымында, мыйзамсыз миграция менен күрөшүү үчүн укуктук механизмдерди иштеп чыгуу керек.
Яровая кызматкерлери документти жасалмалаган юридикалык жактарга айып пул 200 эсе көбөйтүлгөнүн айткан. Ал бул мыйзам менен юридикалык жактарга биринчи жолу административдик жоопкерчилик да жүктөлөрүн айткан.