00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Максимальный репост
Онлайн-госуслуги: как сэкономить время и избежать визитов в ЦОН
10:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги эмгек миграциясы жана социалдык коргоо багыты боюнча кандай иштер жасалды?
11:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кант шаарындагы заводдун аймагынан өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.Маалыматка ылайык, бүгүн таңга маал "Кант-Курулуш" заводунун аймагында жайгашкан "Милена" ЖЧКсын тилсиз жоо каптаган. Жерине төрт күжүрмөн эсеп, беш өрт өчүрүүчү унаа, бир суу ташуучу унаа тартылганы белгиленди."Өрт саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метрди түзөт. Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен бир кытай жараны каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электрондук документ жүгүртүү системасын колдонуу менен электрондук форматтагы биринчи ченемдик укуктук актыга кол койду. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мурдагы тажрыйбадан айырмаланып, ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана бекитүү жалаң гана кагаз жүзүндө жүргүзүлсө, жаңы электрондук документ жүгүртүү процедураны кыйла тездетет жана жөнөкөйлөтөт. Бул чечимдерди кабыл алуу убактысын кыскартып, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. Белгилей кетсек, мамлекеттик органдар мурда электрондук документ жүгүртүүгө өтүшкөн, бул иш кагаздарын минималдаштырууга жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берген. Бирок, ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу процесси буга чейин кагаз форматында калып келген.Биринчи электрондук укуктук актыларга кол коюу ченемдик укуктук актыларды даярдоонун жана кабыл алуунун бардык этаптарында электрондук документ жүгүртүүгө толук өтүүнү камсыз кылуу менен санариптик трансформациянын бул этабын аяктайт.
Клим Омельченко санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары, ал эми Рахат Жусупмамбетова министрдин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ал буга чейин министрликке караштуу “Түндүк” Мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары кызматын аркалаган. Президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азат Ибраимов тарабынан жаңы дайындалган орун басарларды министрликтин жамаатына расмий тааныштырылды. Мындан тышкары, министрлер кабинетинин тескемеси менен Жумалиев Жумамүдүн Болотбекович санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
АКШ Конгресси Украинага жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга Дональд Трамп кызматка киришкенде артка кайтара албагыдай өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Бул тууралуу The Hill басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, эгер мыйзам кабыл алынса, Трамп Украина үчүн тынымсыз аскердик жана экономикалык жардам сурап турууга милдеттүү болот.Конгресстин төмөнкү палатасынын өкүлү билдиргендей, айрым конгрессмендер мыйзам долбоорунун жоболорун Улуттук коргонуу мыйзамына түзөтүү катары киргизүүгө ниеттенүүдө. Азырынча бул боюнча бирдиктүү пикирге келе албай жатышканы, бирок Трамп келгиче үч жума бар экени белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0