00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
3 мин
Максимальный репост
Онлайн-госуслуги: как сэкономить время и избежать визитов в ЦОН
10:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги эмгек миграциясы жана социалдык коргоо багыты боюнча кандай иштер жасалды?
11:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстанда 2025-жылы пенсия көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Социалдык фонддун башкаруучулугунун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Ал Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына катышкан. "Мыйзам боюнча, жыл сайын инфляциянын өлчөмүн индексациялап турушубуз керек. 2025-жылдын бюджетине пенсияны жети пайызга көбөйтүүнү, жалпысынан пенсияны көтөрүүгө 1 миллиард 300 миллион сомду киргизип жатабыз", — деди Алиев. Ал учурда өлкөдө эң аз берилген пенсия 6 900 сомду түзөрүн кошумчалады.
Кыргызстанда алтындын запасы миң тоннадан ашат, бирок геологдордун баасында көрсөткүч төрт эсеге көп болушу мүмкүн. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Геология кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев билдирди. Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда брифинг өткөргөн. "Алтындын мамлекеттик баланс менен бекитилген көлөмү бир тоннадан ашат. Бул — бир тонна алтынды казып иштетүүгө болот деген сөз. Ошол эле учурда геологдор алтын боюнча ресурстун потенциалы төрт миң тоннадан ашарын, башкача айтканда, төрт эсе көп экенин айтышууда", — деди министрдин орун басары. Сатыбалдиев алтын казылчу кендин дээрлик бардыгы комплекстүү болуп саналарын, аларда сурьма, цинк жана башка заттар да бар экенин кошумчалады.
"Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди. Тийиштүү документке президент Садыр Жапаров кол койду. Маалыматка караганда, бул жарлык "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКы менен "Элдик банк" тарабынан түзүлгөн "Топтомо ипотека" продуктусун ишке ашырууга мүмкүндүк берет. "Топтомо ипотека" — бул "Турак жайды үлүштүк куруу" механизмин пайдалануу менен "Менин үйүм" мамлекеттик программасынын алкагында үй сатып алуунун комплекстүү процесси. Берүү шарттары: кыймылсыз мүлктүн алдын ала наркынын 30 пайызы алты айга "Элдик банкка" депозитке салынат; турак жайдын наркынын 20 пайыздык суммасы 10 пайыз менен беш жылга банк аркылуу насыя берилет; калган 50 пайызы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жылдык 8 пайыз менен 15 жылга берилет; артыкчылыгы – күрөөнүн жоктугу.
Украинадагы атышууну тез арада токтотуп, абалды жөнгө салуунун саясий чечимин табуу бардык тараптардын кызыкчылыгына жооп берет. Бул тууралуу Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Линь Цзянь айрым Батыш мамлекеттеринин Киевге ыраакка атылуучу курал менен Россия аймагына сокку урууга уруксат берүү боюнча чечимине комментрий берип жатып айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Украин маселеси боюнча Кытайдын позициясы дайым так болуп келген. Бардык тараптардын кызыкчылыгы үчүн согушту токтотуп, саясий чечим табуу зарыл", — деди Линь Цзянь. Дипломат украин кризисинде "чыңалган абалды жөнгө салуу эң башкы приоритет болуп саналарын" белгилеген. "Кытай жаңжалдын тынчтык жолу менен аякташына көрүлгөн аракеттерди башынан колдоп келет. Муну менен бирге украин кризисин саясий жөнгө салууда конструктивдүү роль ойноого даяр", — деген өкүл.
Жаңылыктар түрмөгү
0