00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
"Акылман" президенттик лицейинин экинчи филиалы Жалал-Абадда ачылат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы мектептердин биринин жамааты менен жолугушууда билдирди. УКМК төрагасынын айтымында мындай тапшырманы президент берген. "Президент мага ушундай тапшырма берген. Бул жакта жатакана, бардык шарты болот. Мага берилген тапшырма аткарыларын баарыңар билесиңер", — деген УКМК башчысы. Эскерте кетсек, "Акылман" президенттик лицейи 2023-жылы негизделген. Ал Кыргызстандын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн түзүлгөну кабарланган. Лицейге кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлүп, мектепте 6-8-класста “жакшы” жана “эң жакшы” баага окуган окуучулар катыша алат. Тандоонун жыйынтыгында лицейге 6-класстар арасында эң жогорку балл алган 72 окуучу, 8-класстардын ичинен 48 окуучу кабыл алынат.
Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандык Египетте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Египеттин борбору Каирде Интерпол боюнча изделип жаткан кыргызстандык жаран кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, кылмыш дүйнөсүндө “Казак” каймана аты менен таанымал болгон. ИИМдин кабарлашынча кармалган адам шериктери менен 25 жаштагы кызды Оштогу мейманканалардын биринде зордуктаган деп шектелген. Сот кылмыштын оордугуна карабастан, аны үй камагына чыгарып жиберген. Кийин “Казак” из жашырып кетип, Интерполдун издөөсүнө алынган. Ал ошондой эле Ошто жасалган бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп шектелүүдө.
Айсулуу Тыныбекова күрөшүүнү улантып, килемге кайтып келет. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды. Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Аялдар күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланган. Ал бул кызмат аркылуу Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнө байланышкан кыял, пландарын ишке ашырарын айтып, бир аз убакыттан кийин спортко кайтып келерин жазган. "Кыз-келиндер күрөшүнүн потенциалы чоң жана биргеликте мындан да көп ийгиликтерге жетишип, күчтүү чемпиондордун жаңы муунун тарбиялайбыз деп ишенем. Ошондой эле спортто калаарымды айткым келет. Бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келип, өлкө намысын коргоону улантам", — деп айтылат балбан кыздын билдирүүсүндө.
Европалык лидерлердин Украинага "керектүү мезгилге чейин жардам берүү" убадасына карабай колдоо алсырап баратат, буга ички чарчоодон тарта Дональд Трамптын кайтып келүү мүмкүнчүлүгүнө чейинки божомолдор себеп. Бул тууралуу Washington Post гезити жазды. "Европалыктардын "керектүү мезгилге чейинки жардамы" күчүндө болгону менен континенттин бир катар лидерлери, саясатчылары убакыт өткөн сайын колдоо оор болуп бара жатканын моюндашууда", — деп айтылат макалада. Автор европалык лидерлер Украинага байланыштуу кадам таштоодон мурун АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүп жатышканын белгилеген. Гезиттеги маалымат боюнча, Европа өлкөлөрүндө Украинага аскерий жардам көрсөтүүгө ыктагандардын саны азайып, ал эми колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырган саясий күчтөрдүн таасири улам артып барат.
Жаңылыктар түрмөгү
0