00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Туяк
Кыргыздын алгачкы тарыхчысы Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдун Ата Мекендин алдында өтөгөн кызматы
17:07
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая торговля, навигационные пломбы и сельское хозяйство — какие еще вопросы на повестке дня в ЕАЭС
18:07
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
Айтматовдун 100 жылдыгына карата “Кыргызфильм” сынак жарыялайт. Талаптар кандай?
19:07
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Киноблог
«От» — отечественный фильм о скрытых драмах и жанровых уловках
20:06
55 мин
Ачык кеп
Өлкөдө эпизоотиялык абал тынч, профилактикалык иштер гана жасалууда
23:06
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен БРИКС саммитинин алкагында жолукканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.Ал расмий жолугушуу аземине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна барган. Официалдуу бөлүк аяктагандан кийин делегация башчылары бейрасмий жолугушууга катышуу үчүн залга киришкен. Эскерте кетсек, иш сапардын алкагында Жапаров БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышты. Айта кетсек, ушул тапта Россияда, тагыраагы, Казань шаарында дүйнөлүк ири иш-чара, БРИКСтин саммити өтүп жатат.
Түркиянын Анкара шаарында 23-октябрда болгон окуяда жабыркагандардын же каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылады. «Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктардын жарандары жок», — деп айтылат маалыматта. Түркиянын TUSAŞ аэрокосмостук компаниясынын мекемесинде болгон терактан 5 адам каза таап, 22 адам жарадар болгондугун Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая билдирди.
Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Сатыев кийинки беш жылда өлкөнүн сот тармагын жетектемекчи. Эске салсак, Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылдын февраль айында дайындалган Замирбек Базарбеков 9-октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын ордуна Соттор кеңеши Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштап, парламент макулдук берген.
Эмдиги жылы ЕАЭБде косметика, фармацевтика рыногу менен маркетплейстерде монополияга каршы мыйзамдардын бузулушун аныктоо боюнча текшерүү жүрөт. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана моноплияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович билдирди. Ал ЕАЭБде ак ниет атаандаштыкты калыптандырган стратегиялык милдеттерди белгиледи. "2025-жылга чейин изилдөөнү мерчемдеген 17 товардык рынокту жана тармактык талдоо жүргүзүү үчүн биримдиктин экономикасынын үч багытын аныктадык. Косметика, фармацевтика рыноктору жана санариптик соода аянтчалары калк үчүн талуу чөйрө болуп саналат", — деди ЕЭК министри. Министр 10-Евразиялык антимонополиялык форумда сүйлөгөн.
Бишкек – Ош унаа жолуна жаңы көпүрө куруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн министрдин орун басары Бекназар Базаралиев менен Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлдөрү Бишкек – Ош унаа жолунун 315-чакырымына жаңы көпүрө куруу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жолугушууда тараптар долбоорду ишке ашыруу үчүн милдеттенмелерин белгилешти. Кошумча көпүрө куруу Бишкек – Ош унаа жолу аркылуу жүк жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк бере тургандыгы кошумчаланды. Долбоор гранттык негизде ишке ашырылат деп болжолдонууда. Белгиленгендей, көпүрө куруу учурунда экологиялык жана социалдык маселелерге тийиштүү көңүл бурулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0