00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
5 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
19:55
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Спички и Транспортир
20:06
42 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Таберик
09:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
6 мин
Структура личности
Самые красивые места для зимнего туризма в Кыргызстане
10:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кол өнөрчүлүк, микроскоп, брендөө. Жаш ойлоп табуучулар фестивалы кандай өттү?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
2024: борьба с экстремизмом, политика памяти и языковое законодательство
12:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Сан эмес сапатка басым кылуу керек - Асыл тукум мал асыраган кирешелүүбү?
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысы Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө атайын техникаларды тапшыруу аземинде агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин Айыл чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. “Айыл чарба кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын. Берилгендикти, чымыркана аракет кылууну, изденүүнү, бекем эркти жана кайрат-күчтү талап кылган жоопкерчиликтүү ишиңиздерди ийгиликтер коштосун. Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат, үй-бүлөлүк бакты-таалай каалайм. Майрамыңыздар кут болсун!”, - деп куттуктады өлкө башчысы. Ошондой эле президент агрардык өлкө саналган Кыргызстандын айыл чарбасы ар тараптан колдоого алынып жатканын кошумчалады.
Бир жылдан кийин окуучулар бир класска "секирик" жасашат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, нөлүнчү классты бүткөндөр экинчиге, ал эми билим берүүнүн башталгыч, негизги жана орто болуп, бардык баскычтагылар бир класска "секиришет". "2028-жылы 12 жылдык окуунун биринчи аттестаттары берилет. 2029-2030-жылдары мектептер толугу менен 12 жылдык билим берүү системасына өтөт. Ал эми 10-12-класстын окуучуларына кесипке багыт берилип, жумушка даярдалат, айрым сабактар тереңдетип окутулат", — деди Кендирбаева. Мындан тышкары ал Бишкекте мектеп тартыштыгы күч болгондуктан инвестициянын көпчүлүгү борбор калаага багытталарын кошумчалады.
Чаткалдын Ак-Сай тоолорунда дайынсыз жоголгон алты адамды издөөгө тик учак жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.Кабарлангандай, тик учак бүгүн таңда Ош шаарынан чыгып кеткен. Эске салсак, 9-октябрда 14 адам эндик дары чөптүн тамырын казып алуу үчүн тоого чыгып кетип, ошол боюнча байланышка чыкпай калышкан. ӨКМдин райондогу бөлүмү издөөгө чыгып, сегиз киши аман-эсен табылган. Алтоо кар көчкүнүн алдында калганы айтылган.
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгынан төрт адам каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен кабарлашты.Маалыматка ылайык, кырсык 18-октябрь күнү түнкү саат 02:50лөр чамасында Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунда болгон. "29 жаштагы жаран Mercedes-Benz 211 үлгүсүндөгү автоунаасы менен каршы тилкеге чыгып, Honda Stepwgn автоунаасын сүзүп алган. Аны 57 жаштагы тургун айдап бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза болуп, дагы төрт киши ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.
Украинадагы жаңжалдын башталышына Владимир Зеленский күнөөлүү. Бул тууралуу АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп Патрик Бет-Дэвид менен болгон маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Ал бул согуштун башталышына жол бербеши керек болчу. Жеңилди", — деди Трамп. Саясатчы өлкө башчы болуп шайланса, президенттик мөөнөтүндө Украинадагы жаңжалды жөнгө саларын убадалаган. Ошол эле маалда Трамп АКШ президенти Жо Байденди жаңжалды козутканы үчүн жемелеп, анын аракеттери кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жол бербегенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0