00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:59
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:58
1 мин
06:58
1 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Спортбокс
2024-2034-жылдары Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол коюлду - эмнелер жасалат?
19:11
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:07
53 мин
Ачык кеп
Жумушчуларды камсыздандыруу кандай таризде жүрөт?
23:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Бишкекте саат 13:00! Эфирде жаңылыктар! Микрофондо Кенжебай Сатканалиев. Бул чыгарылышта: ӨКМ жаандан улам тоолуу аймактарда сел жүрүп, жолдорду капташы ыктымалдыгын эскертетМинистрлик базарларда этти арзаныраак сата турган аянтчаларды ачуудаСадыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга кетти. Алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Ал түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форумга катышат. Расмий делегациянын курамындагылар: тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов; Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров.
13-октябрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам айрым жерлерде сел жүрүшү ыкытымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Сел жүрүү ыктымалдуулугу бар аймактар: Чүй облусунун Кемин, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда; Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп райондорунда; Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал райондорунда; Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас, Талас райондорунда; Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Сузак, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул райондорунда; Бишкек шаарында. Төмөнкү унаа жолдорунда дагы сел кооптуулугу бар: Бишкек — Ош унаа жолунда, Кербен — Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунда, Ысык-Көл - Бишкек унаа жолундагы Боом капчыгайында. Министрлик жарандарды өзгөчө кырдаал жаралса ӨКМдин бөлүктөрүнө же 112 бирдиктүү кызматына билдирүүнү өтүнгөн.
Бишкек шаарындагы бардык азык-түлүк базарларында уй эти, майда жандыктардын жана жылкы этин арзан баада сатып алуу пунктулары уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, бул өлкөдөгү эттин баасын турукташтыруунун алкагында жасалууда. "Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун азык-түлүк базарларында жайгашкан социалдык аянтчалардан этти ортомчусуз фермерлердин баасында сатып алууга чакырат", — деп айтылат министрлик тараткан маалыматта. Өлкөдө соңку мезгилдерде эттин баасы өсүп жатканы айтылып келет.
Бейруттун борборуна Израиль аскерлеринин койгон чабуулунан көз жумгандардын саны 22ге жетти. Бул туурасында Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин Тез жардам борбору билдиргенин РИА Новости жазды. "Жаңыланган маалыматтарга таянсак, каршылаштардын Бейрутка урган соккусунан өлгөндөрдүн саны 22ге жетип, 117 киши жаракат алды", — деп айтылган алардын отчетунда. Бейшемби күнү Израиль армиясынын учактары бул калаанын борборундагы Рас ан-Набаа деп аталган районун аткылаган. "Галей ЦАХАЛ" радиосу бута "Хезболланын" жогорку адамдарынын бири Вафик Сафа экенин билдирген.Израиль ушул жылдын 1-октябрынан тарта Ливандын түштүгүндөгү шииттердин "Хезболла" кыймылына каршы аскердик операцияларды жүргүзүп, бомбалоону улантууда. Анын кесепетинен миңден ашуун адам, анын ичинде уюмдун лидерлери каза болуп, 90 миңге жакын адам үй-жайын таштап, качкынга айланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0