Кесиптик окуу жайларды бириктирген онлайн-платформа ишке кирди

"Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен kesip.edu.gov.kg деген онлайн-платформа жасалып бүттү. Азыр толуктоо иштери жүрүп жатат. Бул уникалдуу долбоордун негизги максаты — элди башталгыч жана орто кесипке даярдаган окуу жайлар тууралуу ыңгайлуу, бирдиктүү маалымат менен камсыз кылуу. Өлкөдө 150дөй колледж, 100дөй кесиптик лицей бар, алар 150дөй адистикке даярдашат. Онлайн-платформа мунун баарын камтып, алар тууралуу кеңири маалыматтар чогултулган. Окуу жай кайсы жерде, эмнени окутат, баасы канча, жатаканасы барбы деген сыяктуу суроолордун баарына жооп тапса болот. Ошондой эле кесип алмаштырып жаткан же даярдыгын жогорулаткысы келгендер үчүн кыска мөөнөттүү курстар тууралуу маалыматтар даярдалган. Дагы бир өзгөчөлүгү, 18 онлайн-курс түздүк, ал жерде адам ортомчулугу жок чат-бот аркылуу окуй алат. Онлайн-платформа жалпы 580ден ашык курс тууралуу маалыматты камтыйт", — деди Абазбек уулу.

