00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Новости науки и новых технологий
20:55
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун штаб-квартирасында деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн министрлеринин жылдык жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал учурдагы Вена аракет программасын жыйынтыктап, бул өлкөлөргө туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жардам берүү үчүн 2024-2034-жылдарга жаңы программаны иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Министр эл аралык сооданы өнүктүрүүнүн, транзиттик ташууларды жакшыртуунун жана инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча стратегиялык долбоорго көңүл бурду. Мындан тышкары Кыргыз Республикасын жаңы соода жолдоруна алып чыгууга жана эл аралык рынокторго чыгууну жөнөкөйлөтүүгө тийиштигин белгиледи.Сөзүнүн аягында министр келерки 10 жылда жаңы аракет программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кызматташууну жана эл аралык колдоону арттырууга чакырды.
Кыргызстанда аз кубаттуу атомдук электр станцияларын куруу маселеси кайсы этапта экенин Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов айтып берди.Ал долбоор министрлер кабинети менен талкууланып жатканын белгиледи. "Атомдук электр станциясынын долбооруна өзгөчө көңүл бурулушу керек. Биздин кыргызстандык өнөктөштөр бардык аспектилерге сүңгүп кирип, ийне-жибине чейин карашууда. Бул жерде маалыматтык кампания чоң мааниге ээ. Мисалы, 10-октябрда атомдук энергетиканын коопсуздугу боюнча энергетикалык тармактын ардагерлерине семинар өткөрүү пландалууда. Биздин өнөктөштөр канчалык маалымдар болсо, ошончолук жакшы", — деди Константинов. Анын айтымында, өткөн жылдын аягында Кыргызстандын делегациясы Воронеж АЭСине барган.Ал атомдук энергетиканы өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи деп атады.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен 5-6 ноябрда келет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жана «Мекенчил» тобунун жыйынында билдирди. Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги буга чейин маалымдагандай, 6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт.
Августтун соңуна карата банктардагы насыянын көлөмү 294 миллиард 956,1 миллион сомду түзгөнү Улуттук банктын маалыматында айтылат. Бул рекорддук көрсөткүч, мурдагы 287 миллиард сом чегиндеги максимум июлдун этегинде катталган. Насыялардын көлөмү өсүп жатат, мисалы, өткөн жылдын август айынын аягында ал 240 миллиард сомдон бир аз гана ашкан.
Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен «Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнүн» майрамдоого байланыштуу «Торугарт-автодорожный» жана «Эркечтам-автодорожный» өткөрүү пункттары 1-октябрдан 3-октябрга чейин убактылуу жабылат. Белгилей кетсек, адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 4-октябрдан тарта жанданат
Жаңылыктар түрмөгү
0