https://sputnik.kg/20240823/volgograd-barymtaga-algan-kamaktagylar-zhok-kylyndy-1088123306.html
Волгоградда колонияда адамдарды барымтага алган камактагы 4 киши жок кылынды
Волгоградда колонияда адамдарды барымтага алган камактагы 4 киши жок кылынды
Sputnik Кыргызстан
Барымтадагылар бошотулуп, каза болгондордун саны такталууда. 23.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-23T21:57+0600
2024-08-23T21:57+0600
2024-08-24T11:13+0600
россия
волгоград
колония
барымта
https://sputnik.kg/img/104000/92/1040009243_0:152:3000:1840_1920x0_80_0_0_dff4ec7b5814f73ef375f1d45d6a83e6.jpg
БИШКЕК, 23-авг.— Sputnik. Волгоград облусундагы №19 колонияда адамдарды барымтага алган камактагы төрт киши жок кылынды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ага ылайык, аларды Росгвардиянын снайперлери атып өлтүргөн.Барымтадагылар бошотулуп, каза болгондордун саны такталууда.Эске салсак, бүгүн Волгоград облусундагы №19 колонияда жазасын өтөп жаткандар тартип комиссиясынын отуруму учурунда кызматкерлерди барымтага алышкан. Алдын ала маалымат боюнча, бир адам каза болуп, абактын төрт кызматкери жаракат алган. Анын экөө оор абалда.Бир нече Telegram-канал кылмышты жасады дегендердин аты-жөнүн, алардын кайсы жактан экенин жарыялаган. Төртөө Өзбекстан менен Тажикстанда туулганы айтылды. Булардын үчөө баңгизат боюнча камалса, бирөө көчөдөгү мушташта адамды өлтүрө сабаганы үчүн соттолгон.Барымтага алуу боюнча иш козголду.
https://sputnik.kg/20220910/siriyada-zhok-kylyngan-tegi-kyrgyzstandyk-sogushker-boyuncha-iliktoo-zhasalat-1067736609.html
волгоград
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104000/92/1040009243_173:0:2829:1992_1920x0_80_0_0_74d45cb66720d5e6278c0de9ed97c6b5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, волгоград, колония, барымта
россия, волгоград, колония, барымта
Волгоградда колонияда адамдарды барымтага алган камактагы 4 киши жок кылынды
21:57 23.08.2024 (Жаңыртылды: 11:13 24.08.2024) Барымтадагылар бошотулуп, каза болгондордун саны такталууда.
БИШКЕК, 23-авг.— Sputnik. Волгоград облусундагы №19 колонияда адамдарды барымтага алган камактагы төрт киши жок кылынды. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. Ага ылайык, аларды Росгвардиянын снайперлери атып өлтүргөн.
"Волгоград облусундагы колонияда абак кызматкерлерин барымтага алган камактагы төрт кишини Росгвардиянын атайын күчтөрүнүн снайперлери атып жок кылды", — деп айтылат маалыматта.
Барымтадагылар бошотулуп, каза болгондордун саны такталууда.
Эске салсак, бүгүн Волгоград облусундагы №19 колонияда жазасын өтөп жаткандар тартип комиссиясынын отуруму учурунда кызматкерлерди барымтага алышкан. Алдын ала маалымат боюнча, бир адам каза болуп, абактын төрт кызматкери жаракат алган. Анын экөө оор абалда.
Бир нече Telegram-канал кылмышты жасады дегендердин аты-жөнүн, алардын кайсы жактан экенин жарыялаган. Төртөө Өзбекстан менен Тажикстанда туулганы айтылды. Булардын үчөө баңгизат боюнча камалса, бирөө көчөдөгү мушташта адамды өлтүрө сабаганы үчүн соттолгон.
Барымтага алуу боюнча иш козголду.