https://sputnik.kg/20240813/kyrgyzstan-parizhden-kaytkan-uul-kyzdaryn-tosup-aldy-1087842787.html
Кыргызстан Парижден кайткан уул-кыздарын тосуп алды. Толкунданткан ирмемдер
Кыргызстан Парижден кайткан уул-кыздарын тосуп алды. Толкунданткан ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Кыргызстанда коомчулукту кайдыгер калтырбаган, позитивдүү окуя болду. Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададан кайтып келген Кыргызстандын курама командасын... 13.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-13T17:44+0600
2024-08-13T17:44+0600
2024-08-13T17:47+0600
кыргызстан
париж
олимпиада
садыр жапаров
сыйлоо
автоунаа
сүрөт түрмөк
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0d/1087828494_0:64:3068:1790_1920x0_80_0_0_3ef61331ceb9fa70952c6d081c88fceb.jpg
Сандар менен сүйлөсөк, Олимп оюндарына катышкан 206 команданын ичинен Кыргызстан 16 спортчусу менен медалдык эсепте 68-орунду ээледи. Ал эми Азиядан аттанган 44 өлкөдөн 15-орунда болду. 16 спортчунун алтоо байгелүү кайтты.
париж
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0d/1087828494_488:0:3068:1935_1920x0_80_0_0_aeb66366be87d8b559ab19e3124b2603.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, париж, олимпиада, садыр жапаров, сыйлоо, автоунаа, сүрөт түрмөк, фото
кыргызстан, париж, олимпиада, садыр жапаров, сыйлоо, автоунаа, сүрөт түрмөк, фото
Кыргызстан Парижден кайткан уул-кыздарын тосуп алды. Толкунданткан ирмемдер 17:44 13.08.2024 (Жаңыртылды: 17:47 13.08.2024 )
Бүгүн Кыргызстанда коомчулукту кайдыгер калтырбаган, позитивдүү окуя болду. Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададан кайтып келген Кыргызстандын курама командасын тосуп алып, сыйлоо аземи өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышты.
Сандар менен сүйлөсөк, Олимп оюндарына катышкан 206 команданын ичинен Кыргызстан 16 спортчусу менен медалдык эсепте 68-орунду ээледи. Ал эми Азиядан аттанган 44 өлкөдөн 15-орунда болду. 16 спортчунун алтоо байгелүү кайтты.
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Кыргызстанды дүйнөгө дагы бир ирет тааныткан спорт чеберлеринин келиши республикадагы позитивдүү окуялардан болуп калды
Кыргызстанды дүйнөгө дагы бир ирет тааныткан спорт чеберлеринин келиши республикадагы позитивдүү окуялардан болуп калды
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Парижден келген уул-кыздардын ийгилигине кубанган эл
Парижден келген уул-кыздардын ийгилигине кубанган эл
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Бул 16 темир тулпар XXXIII жайкы Олимпиададан кайткан 16 спортчуга тартууланды
Бул 16 темир тулпар XXXIII жайкы Олимпиададан кайткан 16 спортчуга тартууланды
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Балбандар менен учурашып жаткан президент Садыр Жапаров
Балбандар менен учурашып жаткан президент Садыр Жапаров
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Бокс боюнча күмүш медаль алган Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндары өтүп жаткан күндөрү кыргызстандыктар эле эмес, дүйнө коомчулугун бир толкутту
Бокс боюнча күмүш медаль алган Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндары өтүп жаткан күндөрү кыргызстандыктар эле эмес, дүйнө коомчулугун бир толкутту
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Көңүл кубанткан көрүнүш. Спортчуларга автоунаа жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Көңүл кубанткан көрүнүш. Спортчуларга автоунаа жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Эл сүймөнчүлүгүнө арзыган Мээрим Жуманазарова. Бул кызыбыз жарааты менен Парижге аттанып, намыска жарап күмүш медаль утуп келди.
Эл сүймөнчүлүгүнө арзыган Мээрим Жуманазарова. Бул кызыбыз жарааты менен Парижге аттанып, намыска жарап күмүш медаль утуп келди.
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Бишкек шаары, Өкмөт үйүнүн алды, Турдакун Усубалиев атындагы аянт. 2024-жылдын 13-августу. Тарыхый күн. Ээлерин күткөн автоунаа-белектер.
Бишкек шаары, Өкмөт үйүнүн алды, Турдакун Усубалиев атындагы аянт. 2024-жылдын 13-августу. Тарыхый күн. Ээлерин күткөн автоунаа-белектер.
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Президент Садыр Жапаров Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададагы ийгиликтерден кийин кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылып жатканын айтты
Президент Садыр Жапаров Париждеги XXXIII жайкы Олимпиададагы ийгиликтерден кийин кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылып жатканын айтты
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Балбан Амантур Исмаилов 1 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
Балбан Амантур Исмаилов 1 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Коло медаль алган балбан Үзүр Жузупбеков 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
Коло медаль алган балбан Үзүр Жузупбеков 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Коло медаль алган балбан Жоламан Шаршенбеков 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
Коло медаль алган балбан Жоламан Шаршенбеков 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Коло медаль алган балбан Акжол Махмудов 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
Коло медаль алган балбан Акжол Махмудов 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Коло медаль алган балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
Коло медаль алган балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 7 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Күмүш медаль алган балбан Мээрим Жуманазарова 10 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
Күмүш медаль алган балбан Мээрим Жуманазарова 10 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Күмүш медаль алган боксчу Мунарбек Сейитбек уулу 10 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды. Бул мушкер Кыргызстан, коңшу өлкөлөр эле эмес, дүйнөнүн бир топ мамлекеттерине белгилүү болду. Кыргызстандын бокс боюнча тарыхында жазылып калгыдай ийгиликтерди жаратты.
Күмүш медаль алган боксчу Мунарбек Сейитбек уулу 10 миллион сом жана автоунаа менен сыйланды. Бул мушкер Кыргызстан, коңшу өлкөлөр эле эмес, дүйнөнүн бир топ мамлекеттерине белгилүү болду. Кыргызстандын бокс боюнча тарыхында жазылып калгыдай ийгиликтерди жаратты.
© Фото / пресс-служба президента КР / Улукбек Шамбетов Президент Олимпиадага катышкан 16 спортчунун ар бирине токтолуп, мелдештеги өзгөчөлүгүн, жетишкендигин санап өттү. Спорттогу ийгиликтер улут биримдигин чыңдоого салым болгонун кошумчалады.
Президент Олимпиадага катышкан 16 спортчунун ар бирине токтолуп, мелдештеги өзгөчөлүгүн, жетишкендигин санап өттү. Спорттогу ийгиликтер улут биримдигин чыңдоого салым болгонун кошумчалады.