00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Об итогах госвизита Эмомали Рахмона в Кыргызстан
18:11
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Улуттук Банктын "Санарип сом" долбоору кайсы этапта?
19:07
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Особый акцент
Как безопасно сдавать и снимать жилье? Советы юриста
20:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мөңгү ээрип, майда көлдөр көбөйүп сел коркунучу жаралууда - Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бийиктиктен секиргенде арканы үзүлүп кетип адам каза болгон кырсык боюнча Аламүдүн райондук соту FlyJump спорт комплексинин ээсин үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматынан кабрлашты.Ага ылайык, 297-берене ("Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу") анча оор эмес кылмыштарга кирет, ал үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мыйзам боюнча, анча оор эмес кылмышка айыпталгандар башка жеңилирээк бөгөт чарасын колдонууга болбой турган учурда гана камакка алынат.Ошондой эле сот чечимди кабыл алууда шектүүнүн мурда соттолбогонун, туруктуу жашай турган жери бар экенин жана тергөөдөн жашырынбаганын эске алганы белгиленди.Эске салсак, Чуңкурчак капчыгайында бийиктиктен секирген эркек киши арканы үзүлүп кетип көз жумган. Кырсык FlyJump спорт комплексинде болгон. Маркумдун жакындары милицияга арыз жазып, спорт комплексинин ээси кармалган.
"Ала-Арча" көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, маданият өкүлдөрү, залкардын жакындары катышты.Композициянын дизайнын Эмил Тилеков, скульптуранын өзүн Тамила Маматова жана Владимир Петров жасашкан.КР эл артисти, таланттуу режиссёр, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаров 2023-жылдын 6-февралында 81 жашында дүйнө салган. Ал 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. Базаров — кыргыз киносунун "кыргыз керемети" деп аталган гүлдөө доорун жаратуучулардын бири. "Саманчынын жолу" баштаган шедевр чыгармалардын режиссёру. Ал өмүрүнүн 65 жылдан ашуун мезгилин кино өнөрүнө арнаган.СССРдин кинематографиясынын отличниги атактуу "Саманчынын жолунан" башка "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты фильмдерди жараткан.
Өлкөдө курулуш ишмердүүлүгү үчүн лицензиянын наркы кескин көтөрүлдү. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алган. Мурда лицензия үчүн төлөм миң сом болсо, эми объектилердин категорияларына жана куруучунун жоопкерчилигине жараша бир топ жогору болот.Лицензиялардын жаңы баасы юридикалык жакты түзбөгөн жарандар үчүн — 50 миң сом. Юридикалык жак түзгөндөргөкурулуш иштерин аткаруу жоопкерчилигинин III деңгээли үчүн — 150 миң сом; II деңгээли үчүн — 700 миң сом; I деңгээли үчүн — 1,5 миллион сомду тузот.Курулуш ишинде лицензиянын дубликатын берүү үчүн 5 миң сом төлөөгө туура келет. Лицензия мөөнөтсүз, бирок курулуш нормаларын жана эрежелерин бузган учурда кайтарып алынышы мүмкүн.
Россия Кыргызстанга технопарктар жөнүндө мыйзам даярдоого колдоо көрсөттү. Өлкөдө мындай программаларды ишке киргизүүчү күн да алыс эмес. Бул тууралуу РФтин өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Груздев Sputnik Ближнее зарубежьеге курган маегинде билдирген.Анын айтымында, Борбор Азия аймагында Россиянын жана РФ компанияларынын резидент катары катышуусунда өнөр жай парктары түзүлө баштады. Ал ошондой эле Кыргызстанда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду активдүү иштеп жатканын белгиледи. Айтымында, бир нече жыл мурун РФтин Өнөр жай министрлиги өлкөнүн өнөр жай тармагына багытталган долбоорлорду күчөтүү үчүн аталган фонддун кеңешине кирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0