https://sputnik.kg/20240614/kyrgyzstan-futbol-mashyktyruuchu-1086082955.html
Кыргызстандын футбол командасын россиялык адис машыктырат
Кыргызстандын футбол командасын россиялык адис машыктырат
Sputnik Кыргызстан
Максим Лисицын Кыргызстанда төрт жылдан бери иштейт. Жаштар жана олимпиадалык курама командалардын башкы машыктыруучусу болгон. 14.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-14T12:11+0600
2024-06-14T12:11+0600
2024-06-14T12:11+0600
кыргызстан
спорт
футбол
камчыбек ташиев
машыктыруучу
максим лисицын
https://sputnik.kg/img/07e8/06/0e/1086081688_132:0:1236:621_1920x0_80_0_0_6ebe4ac208354af584ba94aed957d5f1.jpg
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 46 жаштагы россиялык Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.Эске салсак, КФС өткөн жылдын май айынан бери кыргыз курама командасын жетектеп келген Штефан Таркович менен келишимди узарткан эмес. Анын мөөнөтү 30-июнда аяктайт. Лисицын Кыргызстанда 4 жыл мурун иштей баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги астында өлкөнүн жаштар курамасы U-20 Азия кубогунун финалдык баскычына чыккан. Россиялык адис Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын да жетектеп, Азия чемпиондугуна тандоо оюндарына катышкан. Ошондой эле өткөн жылдын аягында борбор калаадагы "Дордойдун" машыктыруучусу болуп бир сезонго дайындалган. Андан кийин олимпиадалык курама команданын машыктыруучусу кызматын сактап калган.Кечээ Лисицындын талапкерлигин Кыргызстан футбол союзунун аткаруу комитети жактыргандан кийин КФС президенти Камчыбек Ташиев улуттук кураманын жаңы машыктыруучусу менен жолугушту. Ишине ийгилик каалап, анын жетекчилиги астында команда алдыга койгон максаттарына жетет деген ишенимин билдирди.
https://sputnik.kg/20240613/kyrgyz-futbolchularyn-ehdil-bajsalov-tosup-aldy-1086045399.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/06/0e/1086081688_139:0:1150:758_1920x0_80_0_0_09a3afef2ad4cf7139ba081ad65e4a47.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, спорт, футбол, камчыбек ташиев, машыктыруучу, максим лисицын
кыргызстан, спорт, футбол, камчыбек ташиев, машыктыруучу, максим лисицын
Кыргызстандын футбол командасын россиялык адис машыктырат
Максим Лисицын Кыргызстанда төрт жылдан бери иштейт. Жаштар жана олимпиадалык курама командалардын башкы машыктыруучусу болгон.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 46 жаштагы россиялык Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Эске салсак, КФС өткөн жылдын май айынан бери кыргыз курама командасын жетектеп келген Штефан Таркович менен келишимди узарткан эмес. Анын мөөнөтү 30-июнда
аяктайт.
"Жаңы машыктыруучу команданы ушул жылдын сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоонун 3-туруна даярдайт. Кыргыз футбол союзу менен башкы машыктыруучунун ортосундагы келишим 3-тур аяктаганга чейин бир жылдык мөөнөткө иштейт", — деди маалымат кызматы.
Лисицын Кыргызстанда 4 жыл мурун иштей баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги астында өлкөнүн жаштар курамасы U-20 Азия кубогунун финалдык баскычына чыккан. Россиялык адис Кыргызстандын олимпиадалык курама командасын да жетектеп, Азия чемпиондугуна тандоо оюндарына катышкан. Ошондой эле өткөн жылдын аягында борбор калаадагы "Дордойдун" машыктыруучусу болуп бир сезонго дайындалган. Андан кийин олимпиадалык курама команданын машыктыруучусу кызматын сактап калган.
Кечээ Лисицындын талапкерлигин Кыргызстан футбол союзунун аткаруу комитети жактыргандан кийин КФС президенти Камчыбек Ташиев улуттук кураманын жаңы машыктыруучусу менен жолугушту. Ишине ийгилик каалап, анын жетекчилиги астында команда алдыга койгон максаттарына жетет деген ишенимин билдирди.