https://sputnik.kg/20240605/zhogorku-kenesh-bazhy-kyzmaty-tergoo-1085806098.html
Жогорку Кеңеш Бажы кызматына тергөө жүргүзүү функциясын кайтарып берди
Жогорку Кеңеш Бажы кызматына тергөө жүргүзүү функциясын кайтарып берди
Sputnik Кыргызстан
Мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеп, долбоор мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюуга багытталганы белгиленген. 05.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-05T13:15+0600
2024-06-05T13:15+0600
2024-06-05T13:18+0600
кыргызстан
бажы
мамлекеттик бажы кызматы
тергөө
кылмыш
мыйзам
жогорку кеңеш
https://sputnik.kg/img/07e8/03/04/1083160184_38:0:1243:678_1920x0_80_0_0_7bee1e26b976888e75313ccb485d9e99.jpg
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Мамлекеттик бажы кызматына (МКК) тергөө функцияларын кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.Документти министрлер кабинети демилгелеп, долбоор мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюуга багытталганы белгиленген.Анын негиздемесинде мыйзам долбоору бажы органдарына аталган чөйрөдөгү кылмыштарды тергөө укугун берүү үчүн иштелип чыкканы жазылган.Документте бажы органдары өз компетенциясынын чегинде республиканын тышкы экономикалык коопсуздугун камсыздай турганы, аткезчилик жана бажы төлөмдөрүн төлөбөгөндөр менен күрөшүүгө, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга, ошондой эле эл аралык терроризмге каршы турууда көмөктөшөрү айтылган.Мындан тышкары, бажылык кылмыштар тергөөчүлөрдүн өзгөчө квалификациясын талап кылары белгиленген. Алар жазык жана салык мыйзамдарынан тышкары ЕАЭБдин Бажы кодексин жана башка эл аралык ченемдик-укуктук актыларды да мыкты билиши керектиги кошумчаланган.
https://sputnik.kg/20240528/yeaeb-menen-iran-kelishim-1085539097.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/04/1083160184_188:0:1092:678_1920x0_80_0_0_2a636b9584127f6279906064b91e0f58.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бажы, мамлекеттик бажы кызматы, тергөө, кылмыш, мыйзам, жогорку кеңеш
кыргызстан, бажы, мамлекеттик бажы кызматы, тергөө, кылмыш, мыйзам, жогорку кеңеш
Жогорку Кеңеш Бажы кызматына тергөө жүргүзүү функциясын кайтарып берди
13:15 05.06.2024 (Жаңыртылды: 13:18 05.06.2024) Мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеп, долбоор мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюуга багытталганы белгиленген.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Мамлекеттик бажы кызматына (МКК) тергөө функцияларын кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Документти министрлер кабинети демилгелеп, долбоор мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана боштуктарды жоюуга багытталганы белгиленген.
Анын негиздемесинде мыйзам долбоору бажы органдарына аталган чөйрөдөгү кылмыштарды тергөө укугун берүү үчүн иштелип чыкканы жазылган.
Документте бажы органдары өз компетенциясынын чегинде республиканын тышкы экономикалык коопсуздугун камсыздай турганы, аткезчилик жана бажы төлөмдөрүн төлөбөгөндөр менен күрөшүүгө, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга, ошондой эле эл аралык терроризмге каршы турууда көмөктөшөрү айтылган.
"Бажы кызматы бул тармактагы кылмыштарды тергеп турганда келтирилген зыяндын болжол менен 90-98 пайызы кайтарылган", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, бажылык кылмыштар тергөөчүлөрдүн өзгөчө квалификациясын талап кылары белгиленген. Алар жазык жана салык мыйзамдарынан тышкары ЕАЭБдин Бажы кодексин жана башка эл аралык ченемдик-укуктук актыларды да мыкты билиши керектиги кошумчаланган.