00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бишкек жана Ош шаарларынын калкты тейлөө борборлорунда электрондук кезектин жаңы системасы ишке киргизилет, мындан улам Early One тиркемеси аркылуу алынган талондор 2-июндан баштап жараксыз болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, электрондук кезектин жаңы системасын киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылат."Биринчи этапта талондорду кабыл алуу боюнча кызматкерлерден алууга болот. Мындан ары керектүү кызматтарды өз алдынча тандоо үчүн терминалдарды орнотуу пландаштырылууда. Жыйынтыктоочу этапта система "Түндүк" тиркемеси менен интеграцияланат жана республиканын бардык КТБларына жайылтылат. Бул жарандарга кезекти алдын ала брондоого мүмкүндүк берет", — деп жазылган маалыматта.
Бишкекте 1-июндан тарта ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук" ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Зинин Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, тиешелүү текшерүү жана оңдоо иштери соңуна чыгып калды."Учурда гидровликалык текшерүү иштери жыйынтыкталды. Бул кышында көйгөй жаралбашы үчүн жүргүзүлөт. Иштер графикке ылайык болуп жатат. Бирине чейин жетишишибиз керек", — деген Зинин.Белгилей кетсек, борбор калаада ысык суу 22-апрелден тарта 40 күнгө өчүрүлгөн.
Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали менен жолугушту. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.Жолугушууда биримдиктин Иран менен кызматташуу боюнча келишими талкууланды. Ага ылайык, ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүргүзүүдө товарлардын 90 пайызына бажы алымы колдонулбайт.Учурда уюмга мүчө өлкөлөр менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүргүзүү боюнча келишим ратификациялоо процедурасынан өтүп жатат. Тараптар ошондой эле тармактык кызматташуунун келечегин, анын ичинде транспорт жана транзит маселелерин талкуулашты.
Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 90 тыйынга 1 евро 95 сом 55 тыйынга 1 рубль 99 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 64 сом 50 тыйындан баштап, 65 сом 90 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 71 сом 90 тыйындан, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда.
29-майда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү болжолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршембиде күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас аймагында +18…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл жеринде +13…+18, Нарын өрөөнүндө +14…+19 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкекте +21…23, Ош шаарында +26…+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0