20-апрелде республика боюнча ишембилик өтөт

© пресс-служба мэрии города БишкекИшембилик. Архивдик сүрөт
Ишембилик. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2024
Жазылуу
Министрлик өлкө жашоочуларын иш-чарага катышууга чакырат.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги өлкөнүн бардык жашоочуларын 20-апрелде масштабдуу экологиялык акцияга катышууга чакырат. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күнү республика боюнча ишембилик өткөрүлүп, бардык облус, район, шаарлар, андагы көчөлөр тазаланат.
"Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон "Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндөгү" жарлык ишке ашырылууда. Иш-чаранын башкы максаты – таштандыны бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка жайылтуу, экологиялык маданиятты арттыруу", — дешти министрликтен.
Ишембилик учурунда кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
Абаны булгайт! Министрлик жалбырак өрттөбөөгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0