Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 17-18-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Сапардын алкагында Жапаров коңшу өлкөнүн жетекчиси Касым-Жомарт Токаев менен жолугат. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки жактуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле кыргыз-казак алакаларынын өнүгүү келечегин талкуулашары айтылды. "Мамлекет башчы Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин VI жыйынына жана Астана шаарында Манастын эстелигинин ачылыш салтанатына катышат", — деди Азымбакиев. Сапарга карата "Кыргызстан – Казакстан" бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек столу, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздордун "Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги" форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленгени маалым болду.
Бириккен Араб Эмираттарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Шарджа жана Дубайга каттаган рейстер токтотулганын "Манас" эл аралык аэропорту билдирди. Мындан тышкары, Абу-Дабиге учуучу учак 18:50гө чейин кармалып калган. Эске салсак, Дубай аба майданы селден улам ишин токтоткон. Шаарда нөшөрлөп жааган жамгыр эртеңкиге чейин уланышы мүмкүн. Дубайдын жолдору менен метролорун да суу каптады.
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө багытталган "Өкмөттүк акселераторлор" тобу түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ал үчүн 100 күндүк программа иштелип чыгып, төрт негизги көйгөй аныкталган: программалык камсыздоону иштеп чыгып, бирдиктүү маалымат базасына интеграциялоо; жер участокторун трансформациялоого уруксат алууну жөнөкөйлөтүү үчүн мыйзамдарды инвентаризациялоо; жашыл энергетика фондунун функциясын күчөтүү; мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин чатырларына күн батареяларын, кичи станцияларды орнотуу боюнча даярдык иштерин тездетүү. Бишкек үчүн пилоттук долбоорду ишке киргизүү.Акыркы мезгилде өлкөдө кайра жаралуучу булактардан энергия алууга өзгөчө көңүл бурлуп, бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Анткен менен ишкерлер тарабынан бул багытта логистикалык көйгөлөр бар экени айтылып келет. Маселе былтыр министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Kyrgyz wind system тарабынан курулуп жаткан 300 мегаваттык шамал станциясынын ишмердүүлүгү менен таанышып жаткан учурда да көтөрүлгөн. Учурда ошол багытта жабдууларды алып келүүнү жеңилдетүү үчүн атайын логистикалык топ иш алып барып жатканы да маалымдалды.
Күн мурун Улуттук банк валюта рыногунан 19,2 миллион доллар сатып алды. 16-апрелдин таңына салыштырмалуу бүгүн доллардын орточо сатуу курсу 3 тыйынга төмөндөп, 89,81 сомду түзүп, 89,65тен 89,87 сомго чейин болууда. Улуттук банк валютанын курсун текшилөө үчүн чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуу менен алектенет. Жыл башынан бери Улуттук банк беш интервенция өткөрдү: эки жолу сатса, үч жолу чет элдик валютаны сатып алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0