Стрельба в Крокус Сити Холле - Sputnik Кыргызстан, 1920
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
23-мартка караган түнү "Крокус сити холл" концерттик залында теракт болду. Белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган. ФСБ 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алганын билдирди. Терак боюнча кылмыш иши козголду.

Сенатор Клишас: "Крокустагы" теракт — Батыштын РФке каршы согушунун бир бөлүгү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРоссиялык сенатор Андрей Клишас
Россиялык сенатор Андрей Клишас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
Жазылуу
Клишас "Крокустагы" террордук кол салуу иликтенерин айтып, бирок аны ким уюштурганы негизинен маалым экенин белгилеген.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. "Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт — Батыштын Россияга каршы көп жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан согушунун бир бөлүгү. Мындай пикирин россиялык сенатор Андрей Клишас билдирген.
"Крокустагы" террордук кол салуу иликтенип, аны аткаргандарды табабыз. Бирок бул Батыштын чалгын кызматтарынын Россияга каршы көп жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан согушунун бир бөлүгү экенинен эч күмөнүм жок", — деген Клишас.
Ал буга чейинки теракт, кол салуулар да эсте экенин белгилеген.
90-жылдары Кавказдагы террорчуларды колдоо, 2014-жылкы Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш, Минск келишимдеринин бузулушу, Новороссияда жай жарандарды жок кылуу, русофобия, неонацизмди колдоо, "Крокус". Баары эсибизде. Мунун бардыгы Россияга каршы бир эле согуштун ар кандай этаптары, бул жерде буюртма бергендер бирөө гана", — деген ал.
Жума күнү, 22-мартта, "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. РИА Новостинин ошол жерде болгон кабарчысынын айтымында, партер жактан кеминде камуфляжчан үч адам кирип келип, элди аткылап, өрт чыгаруучу каражаттарды ыргыткан. Терактыдан каза болгондор 60тан ашканын, бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүндүгүн Россиянын Тергөө комитетинен билдиришти. Ооруканаларда учурда 115 адам болсо, алардын бешөө балдар экени айтылды. Кол салуудан үч бала көз жумган. 60 кишинин абалы өтө оор. Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Имарат каптаган өрт өтө чоң болгондуктан өчүрүүгө тик учактарды да пайдаланышкан.
Кыргызстандыктар Россиянын Бишкектеги элчилиги имаратынын алдына гүл алып келип жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2024
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Подмосковьедеги теракт: кыргызстандыктар элчиликтин алдына гүл коюп кетип жатышат
Жаңылыктар түрмөгү
0