УКМК 20 миң доллар пара талап кылган деп салыкчыны кармады

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРУКМК 20 миң доллар пара талап кылган деп салыкчыны кармады
УКМК 20 миң доллар пара талап кылган деп салыкчыны кармады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2024
Жазылуу
Учурда кылмышка тиешеси бар башка тараптарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын өзгөчө салык режимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору 20 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылууга шектелип кармалганын УКМК билдирди.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЗадержание сотрудника налоговой подозреваемого в вымогательстве $20 тыс
Задержание сотрудника налоговой подозреваемого в вымогательстве $20 тыс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2024
Маалыматта жооптуу кызматкер ишкерлердин бирин салыктык текшерүү жүргүзөм деп коркутканы айтылат.

"Инспектор 19-мартта Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 5 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Кылмыш-жазак кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп жазылат кабарда.

Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кишен жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2024
12 миң доллар пара алган деп Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0