00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Китайские университеты и наука: как устроена образовательная система КНР - беседы о Китае
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ мамлекеттериндеги керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдук институттардын тажрыйбасы бизге үлгү
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Дмитрий Балбекин - о юбилее, ролях и том, как меняется актер с возрастом
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Идеалдуу аялдын жалпы кабыл алынган образы кандай? Аялдар бул стереотиптерден тажадыбы?
17:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ЕС требует от Кыргызстана усилить контроль за экспортом - что происходит
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Кызым» тасмасы: балдардын коопсуздугу тууралуу коомду ойготкон жаңы фильм
19:06
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Что будет с рынками ЕАЭС на фоне кризиса на Ближнем Востоке
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ мамлекеттериндеги керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдук институттардын тажрыйбасы бизге үлгү
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Орозо учурунда эмне кылууга болбойт? 8 эреже

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүОрозо учурунда мусулман. Архив
Орозо учурунда мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Жазылуу
Ошентип ыйык Орозо айы да келип калды. Бул айда орозо кармагандар да, кармабагандар үчүн да атайын эске алчу жагдайлар бар. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттиги муфтият өкүлдөрүнүн айтымына таянып тизмектеди.
Билип туруп тамак ичип алганга болбойт. Орозонун алгачкы күндөрү ооз бекиткендер бир аз кыйналышы ыктымал. Убакыт өтүп организм акырындык менен көнүп кетет. Андыктан орозо кармаган адам курсагы ачып же суусап кетсе тамак ичип албашы керек. Оозу бек аялдар тамак жасап жатканда тузун көрсө болот, бирок аны жутпаш керек. Унутуп же кокустан тамак жеп, суу ичип алып анан орозо экенин эстесе дароо жеп жатканын токтотуп, орозосун уланта бериши шарт.
Дары-дармек ичпейт. Орозо туткан адам дары-дармек ичпейт, себеби дары баары бир ашказанга түшөт. Ал эми ооруп калганда адам антибиотик дарыларын укол аркылуу алса, орозосу бузулбайт. Дагы бир учур — азыктандыруучу витаминдерди сайдырганга болбойт. Себеби андай витаминдер тамак катары эсептелет.
Чылым, кальян, насвай чеккенге болбойт. Чылым, кальян, насвай чегүү орозону бузат жана аны колдонгондордун оозу ачылат. Орозо айы мындай жаман адаттардан арылууга жакшы мүмкүнчүлүк.
Ооз толтура кусканга болбойт. Мындай учурда ал адамдын оозу ачылды деп эсептелет. Ал эми денеден же ооздон кан, ириң чыкса ооз ачылбайт.
Жаман сөз айтуудан оолак болуңуз. Орозо бир гана ашказандыкы эмес, тилдин, көздүн, кулактын да орозосу. Андыктан орозо кармаган да, кармабаган адам дагы ушак сөздөн, башка бирөөлөр менен урушуп жаңжалдашуудан оолак болууга аракет кылуусу зарыл. Сөгүнүп, адам көңүлүн калтырган жаман сөз да орозону бузушу мүмкүн. Андан сырткары, көздүн орозосу ыплас нерселерди кароону тыят. Бул айда адам жакшы иштерди, адаттарды көп кылууга далалат кылганы жакшы.
Сууну абайлап колдонуңуз. Жуунса болот, бирок суу ооз, кулак жана мурун аркылуу адамдын ички органдарына кирбеши керек. Даарат алып же жуунуп жатканда суудан этият болуу зарыл.
Тиш паста пайдаланганга болбойт. Ооз бек учурда тиш паста эмес, мисвак (атайын дарактан тиш тазалоо үчүн алынган бутак — ред.) менен тазалаш керек. Бирок пастасы жок тиш щётка менен тазалоого уруксат. Тиш пастаны оозду жабарда же ачкандан кийин колдонгон жакшы.
Ооз бек учурунда жыныстык катнашка барууга болбойт. Ооз ачкандан ооз бекиткенге чейинки убакыт аралыгында жыныстык катнашка уруксат берилет. Андан соң ооз бекиткенге чейин чайканып, жуунуп алуу зарыл. Жалпы эле бул айда дааратсыз, гусулу жок жүргөндөн оолак болгон оң.
Календарь Орозо 2024 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Орозо-2024: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактылары
Жаңылыктар түрмөгү
0