Кыргызстандын кайсы жерлеринде жер титирөө сезилди?

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAИш учурунда сейсмологиялык борбордун кызматкери. Архив
Иш учурунда сейсмологиялык борбордун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Жазылуу
Жер титирөө үч өлкөдө: Кыргызстан, Казакстан жана Кытайда сезилди.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда жер титирөөнүн күчү 4 баллга жетти. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Саат 12:22де катталган жер титирөөнүн магнитудасы 5,4кө жеткен. Эпиборбору Чолпон-Атадан 35, Алматыдан 50 жана Бишкектен 190 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Алматыда 4,5 балл, Чолпон-Атада 4 балл, Бишкек, Каракол жана Кумтөр кенинде 3,5 баллды түздү.
Жер титирөө үч өлкөдө: Кыргызстан, Казакстан жана Кытайда сезилди. Алматыда сиреналар иштеп, кээ бир адамдар имараттардан чыгып кетишти.
Сейсмолог жер титирөөнүн күчүн сейсмографтан изилдеп жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Бишкекте жер титиреди. Сүрөт, видео, текст
Жаңылыктар түрмөгү
0