NYT: АКШ Украинанын Россия менен чектешкен жерлеринен 12 объектисин алып кетти

© AFP / SAUL LOEBАКШ ЦРУнун имараты, Архив
АКШ ЦРУнун имараты, Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Жазылуу
2022-жылдын февралында АКШ адистерин алып чыгып кеткенден кийин деле Батыш Украинанын аймагында атайын кызматтын кишилери калганы белгилүү болду.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Акыркы сегиз жылда АКШ ЦРУнун колдоосу менен Украинанын Россияга жакын жайгашкан аймактарында жашыруун 12 объект түзгөн. Бул туурасында New York Times Вашингтондун Россия менен болгон күрөшүндө Украина анын чалгындоо боюнча маанилүү плацдармдарынын бирине айланганы боюнча жазган макаласында билдирди.
РИА Новости аталган басылма маалыматтарды Украинанын, АКШнын жана Европанын учурдагы аткаминерлерине таянып кабарлаганын маалымдады.
"Бул нерсе бүгүнкү күндө Украинаны Вашингтондун Кремлге каршы күрөшүндөгү чалгын боюнча маанилүү өнөктөштөрүнүн бирине айлантты. Маалыматты орто жолдон кармап калган пост — ЦРУ акыркы сегиз жыл ичинде Россиянын чек арасын бойлото курган жашыруун 12 объектисинин тыңчылык базасынын бири", — деп жазган New York Times.
Америкалык атайын кызматтын Украинанын жеке курамы жана Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов менен тыгыз иштешкени айтылды. Гезит ЦРУнун, мындан сырткары, Россияда, Европада, Кубада жана россиялыктар жүргөн аймактарда украиналык тыңчыларды машыктырганын жазды.
"Аларсыз (ЦРУсуз – ред.) биз орустарга каршы тура алмак эмеспиз", — деп Украина Куралдуу күчтөрүнүн Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Иван Бакановдун айтканын басылма мисал катары келтирген.
Ал тургай 2022-жылдын февралында АКШ адистерин алып чыгып кеткенден кийин деле Батыш Украинанын аймагында атайын кызматтын кишилери калганы белгилүү болду. Америкалыктар Россия кезекте кандай чабуулду жасоого камынып, куралдын эмне түрлөрү колдонулары боюнча маалыматтарды берип турушкан.
Басылма 2016-жылдан тарта Киев маал-маалы менен Ак үйдүн шартын бузуп, мунусу америкалык расмий тараптардын жаалын келтиргенин кабарлады. Украиналыктар Вашингтондун сак-сактоосу акталбай калды деп эсептеп, "өлтүрүүлөрдү уюштуруп жана өлүмгө алып келе турчу башка да операцияларды жасай баштаган".
New York Times АКШ колдоону токтотуп коерун айтып коркутканы менен аны жасабагандыгын да жазган.
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский: Киев ЦРУдан эч нерсени жашырбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0