1-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүКол чатыр кармаган аял кар астында бара жатат. Архив
Кол чатыр кармаган аял кар астында бара жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бейшембиде Чүй, Талас, Жалал-Абадда күндүн биринчи жарымында айрым жерлеринде, күндүн экинчи жарымында көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Ал эми 1-февралга караган түнү Ысык-Көл өрөөнүнүн айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад регионунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңуп тайгак болот.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө 0...-5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1...+6, Ысык-Көлдө -4...+1, ал эми Нарында -7...-12 градус суук болот.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында кар жаайт. Күндүн табы борбор калаада -1...-3 градус болсо, Ош калаасында +1...+3 градуска көтөрүлөт.
Кыштын жылуу күнүндө паркта отурган кыздар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Күн ысыйбы? Февраль айына карата аба ырайы божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0